Белгилүү болгондой аз күн мурун ЖКда Аңчылыкка тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору сунушталып, ал колдоо таппай калган. Дале болсо, коомчулукта бул маселе талкууга алынууда. Мыйзамга  каршы чыккан депутаттардын бири “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты  Адыл Жунус уулу “Чагылганга” өз оюн билдирди.

-Булардын мыйзамында аңчылыкка 2015-жылга чейин тыюу салынышы керек экен. Эмне үчүн каршы болгонумду, мен бир мисал менен айтып берейин. Депутат боло элек кезде туугандарыбыздын тоодогу топоздоруна эки жол тандабас машине менен барып калдык. Бир топ жогорулап калган кезде, адашып, башка жолго түшүп кеттик, бир кезде машинебиздин эки дөңгөлөгү тең күтүүсүздөн жарылып калды. Көрсө, жолго атайы темир кагып коюшуптур. Эки жакты карасак, анча алыс эмес жерде “вагонетка” туруптур. Барсак, кароолчубу, айтор бирөө чыкты. Ал жерде дөңгөлөккө кирип кеткен, кудум ошондой темирлер турат. Жиним келип, чоо-жайды түшүндүрүп айтсам, ал: “Силерге окшогондор келип, тоо жаныбарларын атып жатышат, бул темирлер ошолорго каршы колдонгон куралдар, бул жер биздин жеке аңчылык кыла турган жерибиз, мен бул жерди кайтарам”- деп түшүндүрүп айтып, “дөңгөлөгүңөрдү чаптап алгыла” –деп атайы керектүү буюмду берди. Биз туура түшүндүк. Ал жерге чөп, кара туз алып келип, 4-5 жерге коюптур. Андай бийик жерге “Жип” менен араң жетесиң. Көрсө, кышкысын  тоо жаныбарлары төлдөгөн кезде ошол чөпкө түшүп келишет экен. Кыскасы, аларга кам көрүп, браконьерлерден сакташат экен. Ошол адамдын бизге айтканы боюнча 60 -70 миң гектар жерди кайтарат экен. Чет мамлекеттен аңчылыкка келгенде, аларды тосуп алышат экен, бардык шарттарды түзүшүптүр. Кыскасы, алар ошентип тоо жаныбарларын көзү суук, ою бузуктардан кайтарышат экен. Жаңылбасам, республика боюнча ошондой жеке менчик фирмалардан 40тан ашык экен.

-Демек, сиз ошондой жеке фирмаларды көбөйтүш керек деп жатасыз да э?

-Ооба, колдон келишинче көбөйтүү керек. Канча көп болсо, тоо жаныбарларга ошончо камкордук болот, чектен ашып, кырып, атуу болбойт деген ойдомун. Эгер аз күн мурун Бабанов, Токтошев, Акаевдердин тоо жаныбарларын атууга мораторий киргизүү боюнча мыйзамы колдоо таап кеткенде, анда жогоруда мисал катары айткан тоолордогу атайы фирмалар тоо жаныбарларына камкордук көрбөй айылдарга түшүп кетишет. Анан ошондо, браконьерлер даана көбөйөт. Бул бир жагы. Экинчи жагы мындай. Мамлекет жыл сайын Аңчылык департаментин кармоого 18 млн. сом сарптайт экен. Ал эми жыл сайын аңчылыктан мамлекеттик бюджетке 50-55 млн. сом киреше түшүп турат экен. Жылына орто эсеп менен 70тей лицензия сатылат. Баасы ар кандай. Биз каршы болгондор айтып жатабыз. Аңчылык департаменти, егерлер ишин токтотпошу керек. Биз ошолорго 18 млн. сом каражат булагын караштырып таап бергилеп деп жатабыз. Мыйзамдын демилгечилери бул жагын такыр ойлонуштурушкан эмес.

Демек, бул мыйзам колдоо тапса, бюджетке 50 млн. сом киреше түшпөй, 100 кызматкер ишсиз калат деген ойдо турбайсызбы?

Ооба да. Ансыз деле егерлерибидин саны аз. Болгону 100дөн ашык. Анын 60шы тоолордо жүрөт. Аксайды эле алалычы. Ал жакты аз егерлер баш-аягын толук көзөмөлдөгөнгө физикалык түрдө жетишпейт. Дагы бир мисал айтайын. Арстан – кызыл китепке кирген жаныбар. Ал байырларган мамлекеттерде жылына 100 арстан атууга уруксат берет экен. Ким аткысы келсе мамлекетке 100 миң доллар төлөйт. Бирок жаштарын эмес, жалаң картайып, алдан кетип калгандарын. Себеби, ал картаң арстандар үйрүнөн калып, акыры өлүп,  чирип жоголот. Чиригенче, бир арстандан мамлекетке 100 миң доллар түшүп жатат, ал эми акчасы бар каалоочулар аны атып алып, терисин каалагандай колдонушат. Ушул сыяктуу эле тоо жаныбарлары да карыйт. Карыгандары да аянычтуу тагдырга туш болушу мүмкүн. Бизде жылына 10догон тоо аркарын атууга уруксат берет экен, чет элдик аңчылар алардын жашын же, семизин карашпайт. Мүйүзүнүн чоңун карап, тандап атышат.

Белгилүү болгондой мүйүзү чоңдор бир топ жашап калгандар деп эсептелет. Кандай гана аңчылар болбосун уруксатты канча кийикке алды, ошону гана атышы керек. ал эми 5тен10дон аткандарды сөзсүз түрдө жазаланышы керек. Мындай тыюу салуу менен маселени чече албайбыз. Болгону көзөмөлдү күчөтүү зарыл.

-Дагы кандай ынанымдуу сунушуңуз бар?

-Мыйзамсыз аткандар менен жергиликтүү бийлик дагы тыгыз күрөш жүргүзүшү керек. Мисалы, браконьерледи айыл өкмөт, же ошол айылдын балдары кармап алышса, айып үчүн төлөнгөн акча ошол айылда калышы керек. Биз акырындык менен ушундай кылып койсок, анда браконьерлер бир топ азаймак. Анткени, ар бир айыл өздөрүнүн тоолорун, жайлоолорун коргоп алышмак. Кокус тоону көздөй чоочун “Джиптер” кетсе, аларды аңдып, колго түшүрүп, айыпты олчойто төлөтүп, экинчи келгис кылышмак. Мында айылга да кыйла пайда болмок.  Ушундай мыйзам алып келишсин, мен макулмун. Азыр илбирс аткандарга 400 миң сом айып. Байларга ал акча эмне, кеппи? Акчаны ыргытып коюп, каалашынча ата беришет да. Андыктан айыпты көбөйтүш керек. 400 миң сом эмес, 4 млн. болушу керек. Уларды  үнүн укканга зар кылган ыйык канаттуу дейбиз. Аны деле чабандардын баары атып жатышат. Айыбы болгону 2 миң сом. Керек болсо, уларды аткандарга 50 миң сом айып салуу зарыл.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here