Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн 24-март революциясына арналган гүлбактын ачылышында журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди. Ал парламент тууралуу:

— Мен парламент өзү эле тарап кетет дегенге ишене албайм. Жогорку Кеңеште туруктуу коалициянын болбой жатканынын себеби, келген шайлоочулардын 7 пайыз босогосу кала берсе, мындан ары дагы парламентте 6-7 партия болуп, эч качан туруктуу коалиция, туруктуу өкмөт болбойт. Эгерде парламентте бакылдап жаткан эргулдар мамлекет үчүн күйсө, ошол эле босогону жети кылбай, 9-10 кылып көтөрүшү керек. Парламент тараган учурда деле ушул эле курамдагы депутаттар келет. Ал үчүн мыйзамды өзгөртүү зарыл.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here