Бүгүн чаламандын чак түшүндө Украинанын борбору Киевде Орусиянын Мамлекеттик думасына 2011-2016-жылдары Компунисттик партиядан депутат болгон 45 жаштагы Денис Вороненков атып өлтүрүлдү. Денистин денесине 4 ок тийген. Ага кол салган адам менен маркум Денистин жан сакчысы атышып, экөө тең жардар болушуп, ооруканга жеткирилген. Вороненков Крымды тартып алганы үчүн орус бийлигин сындап келген.
2014-жылы Орусиянын ИИМи ага Москвадагы борбордук көчөлөрүнүн бириндеги имаратты мыйзамсыз ээлеп алгандыгы боюнча алдамчылык беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Бирок анын депутаттык кол тийбестигинен улам камакка ала алышкан эмес. 2016-жылдын аягында ал украин жарандыгын алып, 2015-жылы баш кошкон аялы менен көчүп кеткен. Орусиянын Басман соту анын сыртынан өкүм чыгарып, ФСБ издөөгө алган. Маркум Вороненков сотто Украинанын экс-президенти Януковичке каршы күбө катары көрсөтмө берген. Президент Порошенко экс-депутаттын өлүмүнүн артында Орусиянын “изи” турарын айтып, РФны түздөн-түз айыптап чыкты. Путиндин бийлиги аны билдирүүсү акылга сыйбай турганын, «биздин оюн эмес» деп билдирди.