Акыркы 10-15 жыл ичинде НПО жана “НПОшник” деген сөз абдан модага айланып кетти. Чын эле көп эле саясатчы, көп эле укук коргоочу,  коомдук ишмер, ал тургай ири бизнесмендердин өмүр баянына көз чаптырсаң  НПО деген балээде жок эле дегенде бир жыл иштеп кеткенин байкоого болот.  Маселен, чоң кызматта жүргөндөрдөн: Эльвира Сариева баштаган бир топторду санаса болот, ал эми оппозицияда жүргөндөрдүн көбү ошол жактан чыгышкан.

Деги НПОдон тышкары болуп, өз алдынча карьера жасагандар барбы? Чынында НПОшниктердин мамлекетке болгон тилеги анчалык деле жакшы эмес. Себеби, аларды АКШ, Европа мамлекеттери каржылык жактан абдан колдоого алышкандан улам, ошол жактын саясаты, ошол жактын каалаганы элге таңууланат. Ошол жактын сөзүн сүйлөшөт. Мамлекеттин “маңкасын” чубатып, жалаң гана жаман жагын чукушат.

Мына, Токтайым,  Төлөйкан, Азиза деген катындардын кылып жаткан, жүргүзүп жаткан саясаттарына карагылачы,  эл жерге түкүрүп жийркенип жатышат го. Андыктан, ЖКдан колдоо  таппай калган НПОнун ишине көзөмөл кылган мыйзам долбоорун (чет элдик агент статусун берүү ж.б.) азыркы депутаттар ооздорун  ачпай кайрадан көтөрүп чыгышы зарыл. Бизге ал мыйзам аба менен суудай эле керек. Кеч болуп кала электе ойлонгула, ойгонгула!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here