Маалымат катары айта кетсек, Кытайдын аскер тармагында жалпысынан 2 млн. адам кызмат кылат. Коргоо министри аскерлердин санын 300 миңге чейин кыскартууну жар салганы менен, ал маселе азырынча ишке аша элек. Ал эми жылдык бюджети, буга чейин 135 млрд. доллар болсо, бул жылы 146 млрд. долларды чапчыды.

Мына ушундай өтө күчтүү, биздин түшкө кирбес аскери бар Кытайдын Кыргызстанга болгон кызыкчылыгы абдан эле жогору экенин баса  белгилеп айтуу зарыл. Буга төмөнкү “ысык” жаңылык далил болуп бере алат.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөр башкы штабынын жетекчиси Раймберди Дүйшөмбиев Кытай мамлекетинин Коргоо министри менен аскердик  кызматташуу тууралуу келишимге кол койгону белгилүү болду. Эми ал келишимге ылайык  Кытай биздин аскер тармагынын өнүгүшүнө салым катары 1 млрд. сом берет экен. Бул жардам акчалай же, аскер техникалары менен берилеби азырынча белгисиз.

Бир сөз менен айтканда, аскер тармагына Орусиядан, АКШ ж.б. мамлекеттерден деле оңбогондой жардамдарды алып жатабыз. Бирок ошентсе да, биздин аскерибиз дале болсо алсыз. Максатсыз пайдаланган учурлар көп кездешет. Акчасын акчадай, куралын, куралдай уурдап жатканы мындан көп. Кармалып жатканы деле аз эмес. Бирок эч кандай деле сабак болбоду. Бул Кытайың кыргызга айкөлдүк менен берип жаткан 1 млрд. сомдун артында да биз билбеген ар кандай кызыкчылыктар болушу мүмкүн. Ал жагы оңой менен айтылбайт. Ансыз деле тышкы карызыбыздын  көбү Кытайга тишелүү эмеспи.

Ал эми чиновниктер бекер келген акчанын үзүрүн көрүп калалы деп үзүлүп түшүп жаткан көрүнүш көндүм адатка калган десек болот. Чынында эле биздин аскер тармагында коррупция күчтүү. Тамыры терең, Ак-Үйгө чейин жайылган.

Кытай аскеринин керемети тууралуу тасманы төмөндө көрсөңүз болот.

 

https://www.youtube.com/watch?v=yW8t4XcWFaQ

Кытайдын жомоктогудай жаңы аскер техникасы…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here