Кыргызстандагы аялдарга тиешелүү, алардын укуктарын жакындан коргогон айрым уюмдар  жана экс-президент Роза Отунбаеванын фонду Кыргызстанда саясатка аралашып жүрүшкөн, Президенттикке татыктуу айымдарды тактап, аларды колдоп, колдон келсе талапкер катары сунушташарын “Азаттыктын” атайы уктуруусунда белгилүү болду.

Алар татыктуу дешип:  Эсептөө палатасынын  мурунку төрайымы Эльмира Ибраимова, экс-депутат Чолпон Жакупова, экс-министр Камила Шаршекеева жана азыркы ЖК депутаты “Республикачы”,  Алтынай Өмүрбекованы эсептешет экен.Ал тургай бул айымдар менен аталган уюмдар акырындан сүйлөшүп жатышыптыр.

Туура, Алтынай айым, өзүнүн иш билгилиги, калыстыгы менен оңой эмес кадыр барк топтоп жатат. Бирок Президент болом деп “шефи” Бабанов турганда Өмүрбекова талапкер болуп чыга албайт. Айтор, азырынча ага эрте. Калган айымдарда деле анчалык мүмкүнчүлүк жок.

Өзгөчө, Жакупованын талапкер болушун басымдуу көпчүлүк каалабайт. Ибримаованын деле кадыр -баркы анчалык чоң эмес. Ошондой болсо да, аялдардын арасынан  чыга турган бардык талапкерлер шайлоодо өздөрүн бир сынап көрүшсүн, анан билишет да эл ичиндеги кадыр-барктары канчалык экенин.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here