Илгерки акылмандар айтып кеткен «акыр заман» деген коркунучтуу заман келип калды окшойт. Анткени, күндө болбосо да күн аттап адам үшүн алган окуялар: алдамчылык, зөөкүрдүк, уурулук, наристени зордуктоо, бирөөнү уурдоо, адам өлтүрүү болуп жатат. Убакыт өткөн сайын ошондой коркунучтуу окуялар, коркунучтуулугунан тайып, көндүм көрүнүшкө  айланып баратат!  Ошондой окуялардан бирди айталы…

Гүлүм (аты өзгөртүлдү) менен Майрамкүл университетте бирге окушкан. Ошондон бери теңтуш болуп катышып турушкан. Анан мындан эки жыл мурун эки дос чырдаша кетип, бири-бири менен байланышпай калган экен. Баса, каза болгон Гүлүмдүн күйөөсү да бул экөө менен чогуу окуган.

Ошентип, 60 жаштагы Гүлүм эки жашка чыгайын деп калган небересин багып үйдө олтурчу. «Дордой» базарында арендадан акча тапкан контейнери бар эле. Гүлүмдүн уулу 33 жашта, келини 31 жашта, алардын 3 баласы бар. Кичүүсүн Гүлүм багат дебедикпи. Булар эл катары ынтымактуу жашап, үй салабыз деп акча чогултушчу.

Анан күндөрдүн бир күнүндө, ушул жылдын 22-февралында Гүлүмдү «Аламүдүн» кичирайонундагы үйүнөн бирөөлөр атып кетет.  Кабар дароо Свердлов райондук милициясына  жетип, ар тараптан түрдүү божомолдор изилденип, далай адамдар суралып, тегеректеги видеолор текшерилип… кыскасы, милийсанын шамдагай иштешинин аркасында бул кылмыш төрт эле күндө ачылган. Гүлүм жерге берилерде мурунку досу, Гүлүмдүн өлүмүнө себепкер Майрамкүл да келип аза күтөт. Досу эмеспи деп келин-уулу кабар айтышкан. Ал сөөк коюлгандан кийин тамагын жеп, устуканын баштыгына салып кете берген.

Ооба, Гүлүмдүн өлүмүн мурун досумун деп жүргөн жанагы Майрамкүл деген неме алып келген турбайбы!  Бу кылмышкер аял Гүлүмдүн акча чогултуп жүргөнүн билет да ачкөз неме аны кантип өзүнүкү кылыштын жолун издейт. Анан бул оюн мурунку күйөөсү Нарынга айтат. Нарын мурун милийсада иштеген, азыр пенсияда экен, 63 жашта. Анан ушул экөө Гүлүмдүкүнө барып, тааныштары келгендиктен үй ээси эшикти ачат да. Эшик ачылгандан кийин Майрамкүл азга туруп кетип калыптыр. Нарын болсо эки жашар небересинен көзүнчө Гүлүмдү атып, үйдөгү 15 миң долларды таап, аны тапанчасы менен кошо дипломатка салып наркы көчөдө турган Майрамкүлдүн машинасына түшүп из суутуптур да… Ал үйдөгү килемдин алдынан өлүм апкелген ок да табылган.

Колго түшкөн Нарын таптакыр башка окуяны  жанталаша айтып милийсанын башын оорутуп жаткан экен. Анын айтуусу боюнча анын мурунку аялы Майрамкүл досу Гүлүмгө боору ооруп мурунку күйөөсү-өзүн тигини алып алып жаша деп көндүрөт экен. Нарын мурунку аялынын айтканын кыя албай Гүлүмгө колун сурап барган тура. Анан ошол жерден Гүлүмгө өзүн сунуш кылса тиги кагып коет. Ошондо намысына келген неме тапанчасын алып атып салат экен. Эми мындай «чындыкка» келесоо эле ишенбесе, соо адам ишенбейт. Нарын 15 миң долларды алган эмесмин деп караманча танып жаптыптыр. Милийса деген келесоо эмес, баарын кылмышкердин мойнуна коюп туруп, түбөлүк кессе экен деген тилек бул окуяны уккан адамдардын баарында бар. Мында немелерди түбөлүк кесип, элдин эсебинен бакканача ит аткандай кылып эле атып салса, бүтүндөй элдин тилеги орундалбайт беле…

Баса, бул кылмышкер мурунку эрди-катындардын Эрнис деген наркоман баласы бар экен. Мурун милийсада иштеп, ошол наркотиктин айынан ал жактан куулган экен. Мныа ошол неме да ата -энеси менен кошо камалыптыр, Гүлүмдүн өлүмүнө анын да катыштыгы бар го…

Автор: Баратбай Аракеев

 

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here