Бүгүн  Ак Кула ат майданында  Нооруз майрамына карата уюштурулган Көкбөрү оюну боюнча финалда Таластын «Ынтымак» командасы менен Оштун  «Достук» командалары беттешип, таймаш өтө курч мүнөздө болду.  Эки команда 20 мүнөттөн 3 тайм катуу тиреше ойношуп, эсеп 7:7 болуп калгандыгына байланыштуу, аларга 10 мүнөт кошумча убакыт берилди.  Жыйынтыгында Талас командасы эсепти 8ге чыгарып жеңүүчү аталды. Бул оюнга жалпысынан 750 миң байге коюлган. Биринчи орунга 350 миң сом, экинчи орунга 250 миң сом. Ал эми  түшкө чейин болгон 3-орун үчүн беттеште Сокулук (Чүй) командасы Таластын «Мурас» командасын 9:3 эсебинде жеңип, 150 миң сом акчалай сыйлык алган. Ал эми төртүнчү орунга ээ болгон «Мурас» командасына 100 миң сом ыйгарылды.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here