(Нооруздун тарыхынан)         

            Кыргызстанда 21-март күнүн элдик Нооруз майрамы катары жарыялаган Жогорку Кеңештин мыйзамына 1991-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын президенти кол койгон. Бул жарлык биздин өлкөнүн тарыхында кыргыз элинин улуттук каада-салттарынын кайра жаралуусунда көрүнүктүү окуя болду. Кыргызстандыктар Ноорузду 25-жылдан бери салтанаттуу түрдө чыгармачылык менен майрамдап келсек дагы, анын мааниси жана келип чыгышы тууралу маалыматтарыбыз бир аз бүдөмүк боюнча калууда. Ошондуктан Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору Дөөлөтбек Сапаралиев тарабынан сунушталган бул материал чыгыш элдеринин байыркы майрамынын кызыктуу тарыхый учурларынан маалымат бермекчи.

Нооруздун келип чыгышы тууралуу

        Тарыхчылар Нооруз сөзүн перс тилинен которгондо «нав» — жаңы жана «руз» — күн деген эки түшүнүктөн туруп, «жаңы күн», башкача айтканда чыгыш элдеринин табигат мезгилин сүрүштүрүүдө колдонулган — күн календары боюнча жаңы жылдын башаталышын билдирээрин айтышат. Бул майрамдын келип чыгышы туурасында бирдиктүү ой жок. Айрымдар аны б.з.ч. VII к. – б.з. VII к. чейин чыгыш  элдеринде үстөмдүк кылган диний окуу – зороастризм менен байланыштырса, кээ бирлери исламдын келип чыгышы жана жайылышы менен байланыштырышат.

Эң оболу анын жер шарында климаттык циклдин (жаз, жай, күз, кыш) ар жылы алмашуусу менен байланышканы талашсыз, тагыраак айтсак жаратылыш күчтөрүнүн кайра жаралуу мезгили – жаз менен байланышкан. Байыркы ата-бабаларыбыз  жер планетабыздын жашоосунда кезектеги жаңы жылдын келишин кабарлаган жашыл чөптөрдүн пайда болушун толкундоо жана урматтоо менен күтүшкөн. Бул күндөрдө ар бир адамда майрамдык маанай менен шаттыктын болушу кадыресе көрүнүш эле. Анткени, денени алсыраткан суук мезгилден кийин, күнөстүү жана жылуу күндөр келип, адамдын жашоосу келечектеги бай түшүм жана малдын жаңы мол төлүнө байланышкан үмүттөр менен тиричилик жаңы мааниге ээ болгон.

Нооруз майрамы жанданып келе жаткан жаратылыш менен эмгекчил дыйкандын ажырагыс биримдигин элестеткен. Ал келечектин жарчысы сымал жаратылыштын ойгонуусу менен жаңы жашоонун башаты катары эскиликтин үстүнөн болгон анын салтанаты, жакшылыктын жамандыктан басымдуулугу, ошондой эле тирүүлөрдүн жыргал жашоосуна тоскоол кылган терс көрүнүштөрдү кубалоонун символу катары, жалпы адамзаттык гуманисттик идеяларды туу туткандыгы, бул майрамдын өчпөс жана даңазалуу болушуна негиз болду.

 Кыргыздар жана Нооруз

          Жаз майрамынын лирикасын өзүнө сиңирип алган «Жер-Эненин тоң көөдөнү жибип, эмчеги ийиген күн», «Көк-кут көзүн ачкан күн», «Жер бетин жакшылык уялаган күн» сыяктуу  учкул сөздөр кыргыз элинин эсинде дагы эле элестүү сакталууда.

Кыргыздар баардык Борбордук Азия калктарындай эле Нооруз майрамын жаз мезгилинде күн менен түндүн узактыгы теңелген күнү белгилешкен.  Бул майрам үчүн адатта күн мурунтан даярданышып, бири-бирине бакыт-таалай, ырыс, тынччылык менен жыргалчылыкты каалашып, элдешишип, таарынычтарды кечиришип,  жана күнөөлөрдөн тазалануу, өмүр менен кош айтышкан тууган жана жакын адамдарды эскерүү менен бирге өзгөчө  маанайда салтанаттуулукта өткөрүшкөн. Алыбетте, мурда элибиз Нооруз майрамдын кандайча өткөндүгүн, бүгүн толук калыбында сүрөттөп берүүгө мүмкүн эмес, ошентсе да бул учурда уюштуруучулар менен катышуучулардын чыгармачылык өнөрү  (импровизациясы) ашып-ташкындаганы шексиз. Бирок, жаңы жылдык таттуу тамак катары таанылган – сүмөлөк жана улуттук тамак – чоң көжө менен тууган-досторду түн бир оокумда сыйлоо — майрамдын милдеттүү атрибуту болуп саналган. Анан жаңы жылдын келиши менен табакка салынган кургак арчанын талын чатырата күйгүзүп, аңкыган анын жыты менен бозүйдүн ичин аласташкан. Мындай учурда келме сөздөр айтылган:

Алас, алас.

Ар балээден калас.

Эски жыл кетти.

Жаңы жыл келди.

Алас, алас.

Айдан аман,

Жылдан эсен.

Жакшылыкты Теңир берди,

Жарык күндү кеңир берди.

Алас, алас……

Бул күнү ачык (ак) түстүү кийимдерди кийишип, бири-бирине белек тартуулашкан. Айрым жерлерде от жагып, адамдар үстүнөн секирүү менен  жагымыз жагдайлардан жана кетирилген күнөөлөрүнөн тазаланышкан.

Азия элдеринде Ноорузду майрамдоодо Исламдын тарашы менен анын таасирине кабылып, майрамдык дасторкондун милдеттүү атрибуту катары мусулмандар ыйык деп санаган 7 (хафт) саны менен байланышкан тамак-аш даярдала баштаган. Бул тамак-аштардын аталышы бирдей алфавиттен башталган сөздөргө байланып жана белгилүү бир символикалык түшүндүрмөгө ээ болгон : хафт шин, хафт син, хафт каф ж.б. Ал  өлкө жана аймакка жараша өзгөргөн. Замандашыбыз политолог Абдил Ахат Курбан уулунун айтуусу боюнча Орто Азиялык элдерде «хафт шин» басымдуу болгон. Ал төмөндөгүдөй түзүлүш жана мааниге ээ: 1 — шароб (шарап) — кайра жаралуунун символу; 2 — шир (сүт) – тазалык жана аруулуктун белгиси; 3  — ширин (таттуу) — кубанычтын белгиси; 4 – шакар (набат — бышырылган кумшекер) –  ыраазычылык менен канаттануунун символу; 5 – шарбат (шербет — мөмө ширеси) — салкындыктын жана эс алуунун белгиси; 6 — шом (шам чырак) отко таазим кылуу менен агартуучулуктун белгиси; 7 — шона (тарак) ден-соолук жана сулуулуктун символу. (Эркин-Тоо.1999.19.03.с.8). Ал эми искусство таануучу  профессору Сагынаалы Субаналиевдин ою боюнча Нооруз майрамдык дасторкондун кыргыздарга таандык модернизациясы «хафт каф» деп аталып, башкача айтканда «жети кафт» болуп төмөнкү тамактардан турган: 1 — куурдак, 2 — курут, 3 — куймак, 4 — кесме, 5 — каттама, 6 —  калама, 7 — күлчөтай. Бирок ал булардын символикалык түшүндүрмөсүн берген эмес.

Нооруз ар кайсы элдерде

            Азыр кайрадан жаралган Нооруз майрамы биздин өлкөдө бүткүл элдик майрамга айланууда. Нооруз – Жаңы жылды мурунтан бери бүгүнкүгө чейин түрдүү элдин майрамдап келиши жөнүндө төмөндөгү кызыктуу маалыматтар бул майрамдын мааниси жана түп-тамыры туурасында белгилүү бир денгээлде түшүнүк берет деген ойдомун. Ар кайсы элдин тилинде Нооруз майрамы ар түрдүүчө айтылат: орусча – Новый год (Жаңы жыл); грекче – Патрих; тажикче – Гүлнавруз, Байчечек; персче, өзбекче – Навруз; монголчо – Цагаан сар (Ак ай).

Б.з.ч. IV к. жашаган грек тарыхчысы, «Александар Македонскийдин жүрүштөрү» эмгегинин автору Квинт Курций Руф өзүнүн өлкөсүндө жаңы жылды тосуу кандайча майрамдалышы тууралуу мындай сүрөттөйт: «уулуу күнү, таң атканда, падышанын чатырынын үстүнө күндүн алгачкы нурлары тийер замат, шаардык аянтчага кызыл бешмант кийген үч жүз алтымыш беш жигит чыгат. Андан кийин майрамдык салтанат башталат». Биз билгендей 365 жигит, бул эски жыл эсеп системасында орун алган, бир жылдагы күндөрдүн санын билдирсе керек. Анткени, бул эски жыл эсеби б.з.ч. 45 — жылы Рим императору Юлий Цезардын төрт жылда бир, февраль айына, бир күн кошулган адат киргизилип, такталган календарды кабыл алганга чейин колдонулган.

Байыркы Египетте Жаңы жылды тосуу мезгилин, ыйык деп эсептелген Нил дарыясынын ташкындашы менен байланыштырышкан. Майрам учурунда өзүлөрүнүн эң негизги кудайы болуп саналган Күн кудайынын (Амон Ранын) айкелин кайыкка орнотушуп, келечекке арналган тилек менен каалоолорун шаттуу ырдашып, ырахаттаныша көңүл ачышкан.

Орто кылым акыны жана философу Омар Хайям (1040 — 1123 жж.) атайын жаңы жылга «Навруз наме» аттуу трактатын арнаган. Календардагы биринчи айды ирандыктардын «фарвардин» аташы, Омар Хайямдын ою боюнча гүлдөө дегенди билдирет жана кой (Овен – 21 — марттан 20 — апрелге чейин) жылдыз белгиси болгон хамал топ жылдызы менен төп келишет. Перс поэзиясынын классиги Иранда Кирден баштап (б.з.ч. 558-529 — жж.) акыркы падыша Йездегир III башкарышына (б.з.632 – 651 — жж.) чейин Нооруз өзгөчө салтанат менен өткөндүгүн билдирет. Сасанид падышалары шаан-шөкөттүү кечелерди өткөрүшкөн. Майрам алты күнгө созулган. Алгачкы беш күн «Навруз кучек» деп аталып, которгондо «Кичи Нооруз» дегенди билдирген жана жалпы элдик сайрандоо менен өткөн. Алтынчы күн болсо расмий майрам болгон анткени падыша жана сарайдагы кызматкерлер майрамдагандыктан «Навруз Хомма» же «Чоң Нооруз» деп аталган. Бул күнү падыша өзүнүн букарасынан белектерди алган, андан кийин көңүл ачуучу оюн-зоок иш-чаралары башталган. Карапайым калк короз, кочкор жана боёлгон жумурткаларды кагыштыруу оюндары менен көңүл ачышкан.

Андан ары ушул эле автордун баяндоосу боюнча Нооруздан 25 күн мурун падыша сарайынын бакчасына бышырылбаган кирпичтен анча бийик эмес 12 колонна орнотушкан. Аларга арпа, буудай, таруу, күрүч, буурчак, фасоль, жүгөрү, кунжут себишкен. Бул өсүмдүктөрдү Нооруздун алтынчы күнүнө чейин өстүрүп, салтанаттуу түрдө бий, ыр, музыканын коштоосунда өнгөн өсүмдүктөрдү жыйнашкан. Өнгөн буудайга ун кошуп, коюу тамак бышырышкан, муну кийин суманак же сумалак деп аташкан.

Майрамдын алдында өлкөнүн жашоочулары үйлөрүн жана короолорун жыйнашып, шамалдатып, үй эмеректеринин чаңын тазалашкан. Аялдар кир жуушкан. Үй-бүлөнүн баардык мүчөлөрү жуунуп, сергишкен. Майрамда жаңы кийимдерин кийишке милдеттүү болушкан.

Иранда саманиддердин доорунда (875-999 – жж.) Навруз майрамын майрамдоонун өзгөчө жагы акындардын жигердүү катышуусу болгон. Алар ыр окуп, айтыш айтып жарышышкан. Акындар мамлекеттин камкордугунда болушкан. Хурс Парвиз падышанын сарайында эки миңге жакын акын чогултулган.  Өз убагында белгилүү композитор Борбад (588-638 – жж.) Навруз майрамынын өткөрүлүшүндөгү музыкалык-чыгармачылык долбоорлосун жетектеген. Ал «Улуу Навруз» аттуу өлбөс-өчпөс музыкалык кантата жараткан.

XIX кылымдын аягында Тажикстандагы Куляб шаарында Навруз майрамын тосуунун күбөсү болгон орус саякатчысы Венхо кызыктуу маалыматтар берет: «Томошо (б.а. Наврузга арналган оюн-зоок) кичинекей ойдуңда өтүп жатты, тегереги амфитеатр сыяктуу курчалган дөңдөрдү чөк түшүп мандаштокуна отурган элге жык толгон эле. Айлана укмуш ызы-чуу болуп жатты. Аттар кишенеп, көрүүчүлөр бакылдаша сүйлөшүп, мисте чагып отурушту. Алыс эмес жерде базардан майрам үчүн көчүп келген жергиликтүү соодагер жана кол өнөчүлөр соода кылып жатышты. Сахнада түрдүү музыкалык аспаптары менен отурган ырчылар кезеги менен лирикалык мүнөздөгү ырларды ырдап жатышты. Сахнаны тегеректеп үч катар көрүүчүлөр жайгашкан, алардын артында атчандар тыгылып турушту, бирок алар үчүн ат үстүнөн оюн-зоокту байкап туруу ыңгайлуу жана коопсуз болчу. Мен көптөгөн чыгыш ырчыларын жана күүчүлөрүн уккам, чынын айтканда европалык кулакка кыйын болгон чыгыш музыкасынын сүйүүчүсү эмес элем, бирок ушул Бухара эмирлигинин бир бурчунан мен ирэттүү жана музыкалык жашоого ээ болгон мукамдуу обонду уктум. Эл музыка менен ырдын коштоосунда бийлеп жатышты. Жерге салынган чоң килемге бийчилер чыгышты. Ачык түстөгү кийимдерди кийишкен сулуу бийчилер шырылдактары менен алгач жай анан бат-баттан музыканын ыргагына жараша бийлешишти.

Кичине алыстаган соң кызыгуу менен улак тартып жатышкан атчандарды көрдүм — деп, саякатчы өз сөзүн улантат. Мүмкүн болушунча түздүк жерге жакынкы айылдардан эң мыкты аргымактары менен жигиттер келишкен. Алардын бири союлуп, ичекарыны алынган улакты апкелип, сыйлуу коноктордун алдына таштайт. Бири атынан түшпөй туруп улакты эңип алат да, атын катуу теминген боюнча талаалап чурката кача берет, калгандары олжону көздөй артынан түшүшөт.

Эгер улак жерге түшсө, баары аны эңип алганга арекеттенишет, аябай тыгылышып түртүшүү болот, баары тартынбастан эле камчы менен ары бери шилтеп аракеттенишет, аттарбуулугушат, чабандестердин кээси аттан кулашат, ошентип акыры бир азамат аттардын туягы алдындагы улакты алып аны оң бутунун такымынын алдына коюп, камчысын тиштеп жин урган адам сыяктанып чаап жөнөйт.

Бул аймактагы улак тартыш, бирөө улак менен алдыга чыгып, сыйлуу коноктор отурган жерге алпарып ыргытканга чейин уланат» — деп бүтүрөт Тажикстанда ошол учурда өткөн майрамдын оюн-зоок бөлүгүн ачык түстөр менен сүрөттөгөн орус саякатчысы.

Ал эми Түркиянын ар кайсы аймактарында бул майрам негизинен Жаңы жыл катары салтанаттуу шаан-шөкөттө майрамдалат. Анын аты Султан Невруз. Мисалы, Газиантепте 21-марттын түнүндө Ыйык Куштун батыштан чыгышты карай учуш сапары мезгилинде, уктабай бата тилеген адамдардын калоо-тилектеринин орундалышына ишенишет.

Көчмөн монголдордун жаңы жыл майрамы да өзүнчө кызыктуу. Ал монголчо Цагаан сар деп аталып, кыргызчага которгондо «Ак ай» дегенди билдирет. Цагаан сар – жазды жана жаңы жыл майрамынын келишин билдирген жылдын биринчи айы. Бул айда монголдор жалаң «ак» — сүттөн жасалган тамактарды жешкендиктен айдын аты ушундайча аталат. Чындыгында ак түс монголдордун символикасында бакыт түшүнүгү менен байланышкан. Малдын жана андан чыгарылган эт, сүт жана башка азык-түлүктүн молдугу  көчмөн үчүн бакыт катары эсептелген.

1267-жылга чейин монголдор Жаңы жылды сентябрь айында майрамдашкан. (Петр Iнин 1700 жылдын 1 — февралындагы жарлыгы менен Россияда Иисус Христостун туулган жылынан баштап саналган жыл эсеби киргизилгенге чейин жаңы жыл күзүндө 1 — сентябрда майрамдалганы да ушуну менен байланыкан). Бул мезгилде көчмөн монголдордо массалык түрдө кышкыга кам көрүү максатында өзгөчө сүт азыктарын даярдоо башталчу. Монголдор бул айда жалаң ак сүттөн даярдалган азык-түлүктөр менен азыктанышкан учур болгондуктан аны Ак ай деп аташкан жана аларда ак түсү бакыт түшүнүгүн берет. Чынгысхандын небереси Хубилай жаңы жылдын башталышын февраль айына жылдырган. Мурункудай эле сүт азык-түлүктөрүнүн молдугун символдоштуруу менен бирге бул мезгил да Цагаан сар деп аталган боюнча кала берген, бирок чындыгында жазга маал, кышка кам көрүлгөн азыктар, адатта азаят эмеспи.

Венециялык саякатчы Марко Полонун (1254-1324 — жж.) берген маалыматтары боюнча Цагаан сар күнү император Хубилайдын (1260-1295 – жж. башкарган) сарайында кожоюндун өзү жана анын карамагындагылар ак түстө кийинишкен. Бул күнү баш ийген өлкөлөрдүн жана элдердин өкүлдөрү монголдордун императоруна алтын менен күмүш, бермет жана асыл таштар, кымбат баалуу ак кездеме сыяктуу белектерди тартуулашкан. «Алар кучакташышат, көңүл ачышат, тойлошот жана мунун баарын жыл бою бактылуу жана аман-эсен жашоо үчүн жасашат» деп жазат Марко Поло ( «Книга» Марко Поло. М., 1955. С.113). Император Хубилай ак аргымак, ак пил жана ак төөлөрдү белек катары алууну жактырчу. Алар императордун алдынан баалуу ат жабуулар менен жабылып, үстүнө белектер толгон сандыкчаларга жүктөлгөн боюнча өтүшкөн. Белектер тартууланган соң сарай кызматчылары даражаларына жана мансабына ылайык тартипте турушуп, сарайдын башкы залында Хубилайдын аты жазылып илинген тактайчанын алдына кезеги менен келип императорго багышталган мактоо-жактоо сөздөрүн айтышкан. Андан кийин той башталган, тойдун аягында императордун бөлмөсүнө көз боёчулар келип аны жана конокторунун көңүлүн ачкан (ошол эле жерде. 113-114 б.).

XX кылымдын башында көчмөн монголдордун Жаңы жылды майрамдашышы россиялык этнолог Л.Н.Жуковскийдин макаласында сүрөттөлүшү өзгөчө кызыгууну туудурат. Ал көп жашап жана көптү билген монголдорду сурамжылоонун негизинде бул майрамда алардын байыркы салттарынын чагылдырылышын ачык байкаган. Жаңы жылдын алдында монголдор бозүйдүн ичин жыйнап, сандыктан жаңы кийимдер алынып же эски кийимдер тазаланган, бир нерсени «сындыруу» же «ачып көрүү» ырым-жырымы символикалык түрдө аткарылган, мисалы, койдун жилиги сындырылып андан чучугу алынып чыгылган, ачыла элек сүт арагын ачышкан, күзүндө даярдалып, сактоого коюлган (сүр) этти алып чыгышып, тамак даярдашкан. Бул эскини сындырып жаңыга жол берген байыркы символикалык ырым-жырымды билдирген.

Жаңы жылдын келиши менен таң эртең менен бири-бирин куттуктоо жана белек берүү менен майрамдык отурушту баштоо үчүн бозүйдөн бозүйгө кыдыруу башталган. Майрамдык дасторкондо көптөгөн эт жана сүттөн даярдалган азык-түлүктөр: бышырылган кой эти, эң биринчи ирээт — койдун жамбашы жана башы (анын таноосу, көз оюктары, кулак орду сары май менен толтурулган), бууга бышырылган ири чүчпара (бууз), бөлүнүп бөлүнүп бышырылган куймак (урюм), кургак быштак (арул), тузсуз жумшак быштак (бяслаг), сары май (шар тос), сүттөн жасалган арак (цагаан архи), кымыз орун алган.

Борбордук Монголиянын айрым райондорунда Цагаан сар үчүн өзгөчө майрамдык тамак катары сүткө бышырылган күрүч ботко (цагаллах) жана май менен шекери көп печенье (уул боов, хэвин боов) даярдалган. Монголдордун жаңы жылдык боткосу – цагаллахтын аталышы бизге белгилүү болгон түрк-перс элдеринин жаңы жылдык тамагы – сүмөлөк менен үндөшүп турганы да маданий тамырларыбыздын жакын экенинен кабар берери талашсыз. Бул күнү монгол үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү бири-бирин жана келген меймандарды коноктошкон. Андан кийин кошунасын куттуктоо үчүн тамактарынын бир бөлүгүн атайын жайык табакка салып, тартуу катары аларга алып барышкан. Ал менен бозүйдөн бозүйгө киришкен, бардыгы табактагы тамактан ооз тийишке милдеттүү болушкан. Мунун баары бири-бирине кирип келген жаңы жылда аман-эсенчиликти тилешип, баарынан мурун мал туягынын көбөйүшүн калоо менен коштолгон.

 

 

 

Автор:   Дөөлөтбек Бекиш уулу Сапаралиев — Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here