Бүйүрдү кызыткан аламанга жалпысынан 30га жакын күлүк, 18миң метрге күч сынашып 3-орунду Жалал — Абаддан келген Тезекбаев Максатбектин  күлүгү камсыздап, 40миң сом байге алды. Ал эми эң эле таңкалычтуусу криматалык Камчы Көлбаевдин «Таңсулуу» жана «Ханкүрөң» аттуу күлүктөрү жетелеше алдыга оозуп, биринчи, экинчи орунда келишти. Бул айтылуу күлүктөр Чолпон — Атада » Асанбек Ата» жылкы заводунда  тапталып, көптөн бери чоң ат чабыштарда байгелүү орундарга илинип келатышат. Ошентип, Көлбаев бул майрамда баш байге «Мерседести» (ЖИП үлгүсүндө) жана экинчи орунга 80 миң сом байгени алды. Жалпысынан аламанда жети күлүккө байге коюлган. Байгелерди КСДПнын лидери, Ат федерациясынын Президенти Иса Өмүркулов тапшырды.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here