Бүгүн босогобузга улуттун улуу күнү НООРУЗ майрамы жадырап-жайнап кирип келди. Урматтуу калайык калк! Эзелтен бери элибиз өзгөчө мамиле менен белгилеп келген Нооруз майрамыбыз кут болсун! Байыртан ата-бабаларыбыз бөтөнчө майрамдап келген улуу күнүбүз, жаңы-жылыбыз кут болсун! Жаңы-жылыбыз: жакшылыктын, молчулуктун, тынччылыктын, өнүгүүнүн жылы болуп, ылайым элибизден ынтымак-ырыс кешик кетпесин!

Жамандык кубаласа да жетпесин! Келген жылыбыз керемет, ак жолтой болуп, башыбызга бакыт консун! Мамлекетибиз күчтүү, өнүккөн, дүйнөнү суктанткан мамлекеттердин катарынан орун алсын! Кылымдарды карыткан бул майрамбыз жалаң гана жакшылыктын жарчысы болсун! Күн менен түн теңелген улуу күн! Теңирден берилген ушул күн! Жазды деми ойгонуп, Жадыраган, жайкалган сулуу күн! Кылычын сунган кышты кырдан ашырып, жыргалдуу жылуу күн! Улуу майрамбыз уюткулуу журтубузга кут боло берсин, элибиздин биримдигин күчөткөн мындай майрам жалгыз болбой, ар дайым жуп боло берсин! Майрамыбыз менен урматтуу замандаштар!

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here