Жорго салышка жалпысынан 19 жорго күч сынашып, 3-орунду Ысык — Ата районунун жоргосу ээлеп байгесине 50 миң сом алды. Ат -Башыдан келген жорго 2-орунга татып 75 миң сом байгеге ээ болду. Ал эми баягы, баягы эле атагы таш жарган Султан Маткеримовдун «Вулкан» аттуу жоргосу биринчи орунду камсыздап, «Мерседести»  «минип» кетти. Эске сала кетсек, «Вулкан»  былтыр Ысык-Көлдө өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда да баш байгени багынткан. Бул жорго ушуну менен 13-ирет баш байгени алды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here