21-март күнү саат 10:00дө Курманжан датка эстелигинин жанында Кыргызстан улуттар ассамблеясы, шаардык мэрия, ошондой эле Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги менен биргеликте ар түрдүү улуттун тамак-аштарынын жана кол эмгектеринин көргөзмө-жарманкесин уюштурат. Ноорузга карата Бишкек менен Ошто ат оюндары өтөт Саат 11.00дөн 14.00гө чейин салттуу түрдө Ала-Тоо аянтында театрлаштырылган концерт тартууланат. Саат 13.00дөн 17.00гө чейин Эски аянтта майрамдык оюн-зооктор жана спорттук оюндар өткөрүлмөкчү. Мындан сырткары бир катар иш-чаралар дагы пландалууда.

Майрамдык иш-чарага шаардын бардык райондору катышат
Бшкек мэриясы Нооруз майрамына карата борбор калаада өткөрүлө турган иш-чаралардын программасын сунуштайт. 21-март, саат 10.00: Курманжан датканын эстелиги алдында Кыргызстан элинин ассамблеясы шаардык мэрия менен биргеликте уюштурган Кыргызстанда жашаган улуттардын кол өнөрчүлүк жана улуттук ашканаларынын көргөзмө-жарманкеси өтөт. Ушул эле күнү 11.00дөн 14.00гө чейин «Ала-Тоо» аянтында театралдаштырылган концерт тартууланат. Ал эми эски аянтта 13.30дан 17.00гө чейин концерттик программа жана спорттук иш-чаралар уюштурулары пландалган.

 

Мындан сырткары шаардыктар үчүн элдик майрам болот. Биринчи май району Саат 12.00: Щербаков көчөсүндө, «Көлмө», «Ак-Босого», «Калыс-Ордо», «Мурас-Ордо», «Жеңиш», «Алтын-Бешик», «Касым» жана «Тынчтык» конуштарында улуттук тамактарды даярдоо жана маданий, спорттук иш-чаралар өткөрүлөт. Свердлов району Саат 10.00: Чыгыш автобекети аймагындагы Кара-Жыгач токоюнда улуттук спорт оюндары уюштурулат.

Саат 10.30да «Эне-Сай» спорт клубунда майрамдык түшкү тамак уюштурулуп, тургундарга сүмөлөк берилет.

Жеңиш аянтында 11.00дө калаа тургундары жана конокторуна арналып музыка жана спорт мектептеринин концерттик программасы пландалган. Ушул эле убакта №6 көчө менен «Дордой-2» жаңы конушунда майрамдык түшкү тамак уюштурулуп, улуттук жана спорттук оюндар менен коштолот.

Саат 11.30да «Ак-Бата» конушунда жана учкун конушунун №89 орто мектебинин аянтында элдик майрам жана спорттук мелдештер башталат. Барып майрамдык даамдардан ооз тийип кетсеңиз болот.

Саат 13.00дө №66 орто мектебинин алдына боз үй тигилип, конокторго арналып улуттук тамактар коюлат. Ал эми №16 жана 46 мектепте саат 14.00дө майрамдык иш-чара башталат. Ленин району Саат 10.00дөн 14.00гө чейин Юлиус Фучик атындагы сейил бакта концерттик программа жана улуттук оюндар боюнча мелдештер уюштурулат.

Борбордук Ала-Тоо аянтынын Ноорузга карата жасалышы

 

Жаштар аллеясында саат 12.00дө көргөзмө, кол өнөрчүлүк, оюн-зоок, спорттук оюндар боюнча сынак өтүп, концерттик программа менен коштолот. Ушул эле убакта «Ала-Тоо», «Арча-Бешик» конуштарында, «Манас» кинотеатрынын алдында жана Манас айылында улуттук оюндар боюнча мелдеш өтөт.

Саат 14.00дө Люкс багында концерттик программа уюштурулат. Кеченин коноктору спорттук мелдештерге катыша алат. Октябрь району Райондук акимиат 17-20-март күндөрү кичи райондун жашоочулары арасында спорттук мелдеш өткөрөт.

12.00дө «Көк-Жар» кичи районунун стадионунда театрлаштырылган оюн-зоок өтүп, студенттер спорттук оюндарды туртуулашат. 19-20-март күндөрү 7-кичи районунда цирк оюндары көрсөтүлөт. 21-март саат 9.00дө Жеңиш паркында улуттук тамак-аштардын жарманкеси жана театрлаштырылган оюн-зоок тартууланат. 9.30да Ботаникалык бакта спортчулар жана шаар тургундарынын катышуусу менен жарыш өтөт.

Саат 10.00дө жаңгак жана кайың токоюнда элдик майрам жана футбол боюнча мелдеш, ачык асман алдындагы оюндар болот. Саат 13.00дөн 17.00гө чейин Асанов атындагы сейил бакта концерт уюштурулат. Кыргызстанда Нооруз жыл сайын 21-мартта белгиленет. Бул күнү түн менен күн теңелет.

Майрам күнү коомдук тартипти өлкө боюнча алты, борбор калаада эки миң милиция кызматкери көзөмөлгө алат


. Нооруз майрамын белгилөө учурунда Бишкектин бир катар көчөлөрү убактылуу жабыла турганын ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирмеге караганда, коомдук тартипти өлкө боюнча алты, борбор калаада эки миң милиция кызматкери көзөмөлгө алат. «Майрам учурунда эл көп топтолгон жерлер коопсуздук үчүн курчоого алынып, ар бир адам көзөмөл өткөрүү пункттарынан текшерилет. Ошондой эле ИИМдин каттоосунда турган жарандар өзгөчө көзөмөлгө алынат», — деп айтылат маалыматта. Майрамдык иш-чаралар учурунда борбор калаадагы төмөнкү көчөлөргө чектөө киргизилет: Термечиков көчөсү Гагаринден Лев Толстойго чейин; Лев Толстой көчөсү Бахадан Фрунзеге чейин; Гагарин көчөсү Бахадан Фрунзеге чейин; «Ала-Тоо» аянтынын аймагы; Киев көчөсү; Чүй проспектиси менен Фрунзе көчөсү Тыныстановдон Тоголок Молдого чейин. Ички иштер министрлиги айдоочуларды алдын ала альтернативдүү жолдорду тандоого чакырат.
Булак: Спутник. кж

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here