Орусиянын космос агенттиги — “Роскосмостун” мурдагы аткаруучу директору Владимир Евдокимовдун өлүмүнө байланыштуу атайлап өлтүрүү версиясы жакшылап териштирилет. Бул тууралуу “Коммерсант» гезити бүгүнкү санында жазды.

Тергөө комитетинин өкүлдөрү Москвадагы абакта каза тапкан Евдокимов тергөөчүлөр менен кызматташууга ниеттенип жаткандыктан кимдир бирөө анын көзүн тазалоого буйрук бериши мүмкүн дешет.

55 жаштагы Евдокимовдун сөөгү 18-мартта Москвадагы СИЗОдо табылган. Мындан бир ай мурун ал видеобайкоо жүргүзүлбөгөн камерага которулган. Анын жанында отургандар маркумдун жансыз денеси ичинен бекиген дааратканада табылганын айтып беришти. Москванын тергөө башкармалыгынан маалымдашкандай, Евдокимовдун жүрөк жагына эки жолу бычак сайылган.

Маркум былтыр декабрда көз боемочулукка айыпталып камалган. Тергөөнүн версиясы боюнча ал дагы төрт шектүү киши менен бирге “МиГ” корпорациясына таандык имараттар комплексин мыйзамсыз менчиктештирген.

Булак: «Азаттык»

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here