Бүгүн  дүйнө жүзү боюнча уламышка айланган миллиардер Дэвид Рокфеллер Нью-Йорк штатындагы үйүндө 102 жашында көз жумду. Ал дүйнөдөгү алгачкы миллиардер катары тарыхта калган Джона Дэвисон Рокфеллердин биринчи небереси болот.

Джон Рокфеллер

Дүйнөдөгү: “Мен бай болуш үчүн туулгам” –деген атактуу фраза анын чоң атасына таандык. Джон Рокфеллер 1863-жылы биринчи болуп нефтизаводун курган. 1867-жылдан  азыркыга чейин атагы таш жарып келаткан Standart Oil компаниясын негиздеп, аны карыганга чейин, тагырагы 1897-жылга чейин башкарган. Ал өзүнө атаандаш болгондордун баарын жеңип чыгып, АКШдагы нефти компаниялардын 95 пайызынын башын бириктиргенге жетишкен. Ал  тапкан кирешесинин он пайызын кайрымдуулукка жумшап турган.

Нельсон Рокфеллер

Ал эми  кылымдан аша жашап, бүгүндөн тарта маркумга айланган анын небереси Девид  Рокфеллер 1915-жылы Нью-Йоркто 12-июнда жарык дүйнөгө келген. Гарвард университетин, Лондон экономикалык мектебин бүтүп, Чикагодо экономика илимдери боюнча докторлугун жактаган. Экинчи дүйнөлүк согушта аскерде кызмат кылып,  Түндүк Африка жана Францияда чалгындоо кызматында болуп, капитан наамына чейин жеткен. 1946-жылы Chase Manhattan  аталыштагы Банкта иштеп баштап, 1961-жылы ушул эле банктын президенти болот. Жыйырма жыл жетекчиликте иштеп, 1981-жылы пенсияга кетет.1970-1985-жылдары АКШнын Эл аралык мамиле Кеңешинде жоопту кызматта иштеп, кийинчерээк аталган Кеңештин ардактуу жетекчиси болгон.

https://www.youtube.com/watch?v=qDSdFQxxSgM

Девид Рокфеллердин бир тууганы Нельсон Рокфеллер дагы атактуу банкир жана саясатчы болгон. Ал 1974-1977-жылдары АКШнын вице-президенти кызматын аркалаган. Дагы бир тууганы О. Рокфеллер 1967-1971-жылдары Арканзас шататынын губернатору болгон.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here