Ата Мекендин юристеринин жана Искен Афиджановдун Өмүрбек Текебаевдин 2010- жылы 5- июлдан тартып, 12- июлга чейинки Норвегияда иш сапары менен болгондугу тууралуу айткандарында толук чындык бар сыяктанат.

Анткени, Өмүрбек Текебаев менен 2010- жылдын 5-июлунда Манас аэропортунан Ташкентке,Ташкент шаарынан 6-июлда Рига шаарына, 6- июль Ригадан — Осло шаарына (Норвегияга) иш сапары менен кошо барышкан кыргыз саясатчылары да болгон.


Алар:
ЖООМАРТ САПАРБАЕВ.
КАЛЫК СУЛТАНОВ.
САЙДУЛЛА НИШАНОВ
жана Өмүрбек Текебаевдин жан сакчысы
НУРБЕК АБДРАХМАНОВДОР болушкан экен.
Бул инсандар Өмүрбек Текебаев Маевский менен Москвада жолукпагандыгын, анын офисинде болбогондугун, тескерисинче так ошол күндөрү өзүлөрү да Текебаев менен чогуу Норвегияда иш сапарында болушкандыгын тастыктап бере алышса керек.

Демек Текебаев Маевский айтып жаткандай 2010-жылы июль айынын башында Москва шаарында болгон эмес жана боло алмак да эмес.

Ал эми Өмүрбек Текебаев 5- июлга чейин Бишкек шаарында болгондугун 24kg сайтына журналист Д. Подольскаяга берген 2-июлдагы интервьюсу да интернетте жүрөт.

Эртеси 3-июль 2010- жылы өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеванын инауграциясында түшкөн сүрөтү да турат.
Сүрөттө Ө. Текебаев учурдагы президент А. АТАМБАЕВДИН жанында олтурат. Бул маалыматтарды интернеттен тапса болот.

Автор: Шайырбек Абдырахманов

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here