Казакстандын Караганда шаарында советтик рок-музыкант Виктор Цойго эстелик орнотулат.

Караганда шаарынын администрациясы Олимпийский көчөсүндөгү гүл бакты жакшыртуу боюнча коомдук фонддордун бири менен меморандумга кол койгон.

Долбоордун алкагында белгилүү ырчы, музыкант, актер Виктор Цойго айкел тургузулат. Жергиликтүү администрация долбоордун наркы тууралуу маалыматты апрелде берүүнү убадалоодо.

Виктор Цойдун чоң атасы казакстандык корей болгон. Ырчы 1990-жылы жол кырсыгынан улам көз жумган.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here