КСДП фракциясынын лидери, жакында эле Кыргыз Республикасынын Ат оюндар боюнча федерациясынын Президенти болуп шайланган белгилүү саясатчы Иса Өмүркулов эртең кыргыз элинин улуттук майрамы Ноорузда Бишкектеги Ак-Кула ат майданында өтө турган ат оюндарынын башкы байгелерине 3 машине коё турганы белгилүү болду. Ал кымбат баалуу машинелер: аламанда, жоргодо жана кунан чабышта биринчи орунду камсыз кылышкан тулпарлардын ээлери,  бактылуу адамдарга буйрумакчы. Экинчи, үчүнчү орунду ээлегендер деле аз эмес акча менен сыйланышат. Белгилүү болгондой буга чейин Нооруз майрамда мынчалык чоң байге коюла элек болсо керек эле. Анын үстүнө Иса мырза, 10 күн мурун 60 жаш кутман куракка толуптур. Ат оюндарына сайылып жаткан байгени ошол мааракеге байланыштырып жаткандар да бар. Ал жагын ким билсин, бирок эң башкысы Өмүркуловдун бул улуттук майрамдагы ат оюндарынын байгесин көтөрүп, көркүнө чыгарып минтип  марттык кылып жатканына рахмат айтып койсок ашыкча болбос.

Баса, Иса мырза, бул федерацияга президент болгону анча-мынча көйгөйлөрдү чечип, тартипке салып жатыптыр. Айтсак, майрамдарда Ак-Кулага бери жагы 10 миңден кем эмес адам барат. Мурун аларга билет баасы 100 сом болсо, азыр 200 сомго чейин. 10 миң эмес, 8-9 миң адамдын  эле акчасын эсептеп көрүңүзчү? Бул да билинбегени менен оголе чоң акча эмеспи. Ал акчанын баары буга чейин Көк-Бөрү федерациясынын капчыгын кампайтып келген болсо, эми элден түшкөн акчанын жарымы Ат оюндарынын федерациясына түшмөй болуптур. Калыстык кылышкан окшобойбу. Туура, кыргыздын ат оюндары көк-бөрү менен эле чектелбейт да, аламан, кунан чабыш, жорго салыш  ж.б. оюндарды да унутпашыбыз абзел. Ал эми атынын күчүн сынап, чабышка кошкондордун взносу буга чейин 2 миң сом болсо, эми 4 миң сомго көтөрүлүптүр. Бул жагы туура эле болсо керек, себеби ат кармап, таптап, чабышка салып жүргөндөрдүн баары тең байлар, ири бизнесмендер, саясатчылар. Андыктан алар үчүн 4 миң сом 4 тыйындай эле да. Взностон чогулган акча деле уюштуруу иштерине, байгелерге сарпталат.

Эртең Ак-Кула ат майданында бүйүр кызыткан көк-бөрү оюну да болот. Анын байгеси 500 миң сомдон миллион сомго чейин болору айтылууда. Эмесе, эртеңки майрамыбыз кут болсун! Көңүл ачып, ата-бабаларыбыздан калган ат оюндарынын кызыгына баткыңыздар келсе, эртең эртелеп Ак-Кулага барыңыздар.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here