Кыргыз элинин тарыхында Совет доору (1917-1991) өзгөчө баскыч экени шексиз. Бул мезгилди кыргыздар өзүнүн өчүп бараткан мамлекеттүүлүгүнүн отун кайра тутантып, байыркыдан келе жаткан кыргыз мамлекетин өз калыбына келтирүүгө жасалган алгачкы кадам катары карасак болот. Кыргыздардын тарыхындагы бул чоң бурулуш, элибиздин башында турган инсандардан эбегейсиз эркти, ар тараптуу билимдүүлүктү, терең акылмандыкты жана көсөмдүк зор мамлекеттик ишмердикти талап кылган. Ошол кыргыз совет мамлекетинин келечегине чын ыкластан ишенишип, өз колдору менен анын негиздерин курушкан, бир далай чыгаан инсандарыбызга, кыргыз эли ар дайым сыймыктанат жана алардын бай тажрыйбасын бийик баалайт. Алардын бири, жаш кезинен жетилип, Атамекенине опол тоодой кызмат өтөп, бирок, өмүрүнүн аягында, өзүлөрү түзгөн мамлекеттик системанын курмандыгына чалынып, алоолоп жалынданган кырчын өмүрүн элибизге арнаган кыргыз совет мамлекетинин көрүнүктүү ишмерлеринин бири Жусуп Абдрахманов экендиги шексиз. 1927-1933-жылдары дээрлик 6 жылдан ашуун Жусуп Абдрахманов “Аксакал” атагына татыган Абдыкадыр Орозбеков менен мамлекеттик иштерде тагдырлаш болуп, эриш аркак үзүрлүү эмгектенгендери баарыбызга белгилүү.

Жусуп 1901-жылы 23-декабрда[1] Жети –Суу областынын Пржевальск уездинин Күнгөй Ак-Суу болушунун (азыркы Кыргызстандагы Ысык-Көл областунун) Чиркей (азыркы Жаркымбаеваже дагы бир аталышта Таштак) айылында жогоруда эскерилген болуштуктун 1912-1915 жж. башчысы Абдрахман (Архив документинде – Абдраман) Балпановдун (1865-1916 жж.) үй-бүлөсүндө туулган. Чоң атасы Балпан (Балбанак) Утегенов 1900 – жылы 2 – июлда 55 жаш курагында Ысык-Көл уездинин Күнгөй Ак-Суу волостунун № 9 айылынын бийи (народный судья) болуп шайланган[2].

Абдрахман алгач, уулун жергиликтүү 3 класстык орус мектепке берип, аны эң жакшы баалар менен аяктаган соң, 1914-жылдан Караколдогу шаардык башталгыч Жогорку окуу жайында окуткан. Бирок кыргыз элинин Россиянын оторчулук эзүү саясатына каршы 1916-жылдагы көтөрүлүшүнө байланыштуу, бул окуу жайын таштоого туура келген. Ал  ошол кездеги өз  элинин башына түшкөн каргашалуу мүшкүл күндөрдө өз өмүрүндө эң бир чоң жоготууларга учураган. Эркиндик максатына жете албай, Кытай тарапка чегинип качкан, тууган эли менен бара жатып, каардуу «Тузашуу» белинде өзүнүн атасы, энеси, агасы жана башкалар болуп 7 эң жакын адамынан айрылып[3], кабыргасы кайышып, жакырчылыктын азабын өз башынан өткөзүп, эрте чыйрала баштаган.

Жусуптун жаңы Советтик социалисттик турмушка болгон алгачкы кадамы Россиялык Коммунисттик (большевиктер) партиясынын (Орусча кыскартылганы — РКП (б) нын Верный шаарында уюшулуп жаткан Морозов жетектеген Кызыл гвардиясына кирүү менен башталган. Өзүнө тың жана билимдүү, 17 жашар кызыл гвардиячы тез эле эскадрондун командиринин жардамчысы болуп дайындалган. Түркстан фронтунда Мамонтов-Кихтенконун отрядында Жетисуулук ак гвардиячыларга каршы салгылашкан. Бир аз өтпөй, ал 1919-жылы командалык курстарда, адегенде Верныйда, анан Ташкентте окуп келген. Ошол эле жылы РКП (б) нын катарына кабыл алынып, анын жергиликтүү органдарына шайланат. Тилекке каршы, Жусуп ооруга чалдыкканына байланыштуу,  тез эле аскердик кызматтан баш  тартууга мажбур болгон.

Анткени менен жаш коммунист Түркстандын саясий турмушуна ого бетер баш-оту менен чөмүлгөн. Ошол эле 1919-жылы ал жаңыдан уюшулган Россиялык Коммунисттик Жаштар Союзунун (комсомол) Түркстан бюросунун Президиум мүчөлүгүнө шайланган. Кийин жаштар союзунун ар кайсы жыйындарына катышып, Түркстан крайынын, анын ичинде Кыргызстан комсомол кыймылын уюштурууда жигердүү эмгектенген. Алсак, алгач ал 1920-жылдын 19-23 апрель аралыгында Верный шаарында өткөн  Жети-Суу областынын комсомолдорунун 1-съездинин ишине катышып Л. Бурый, Д. Бендюков, Г. Исеев, Г. Федеров, В. Федерова жана башкалар менен бирликте ушул областынын комсомолдор Комитетинин мүчөлүгүнө шайланган экен[4] .

 

Сүрөтчү П.Белоусовдун Владимир Ильич Ульяновдун (Ленин) Россиялык Коммунисттик Жаштар Союзунун III-съездинде деген эмгеги. 1920-жылы Москва шаарында өткөн бул съезде Жусуп Абдрахманов катышкан.

Өзгөчө белгилөөчү нерсе, 1920-жылы Москва шаарында   Владимир Ильич Ульяновдун (Ленин) жаштарга айткан маңыздуу «Окуу, окуу жана окуу» деген насааты астында болуп өткөн жана Россия комсомолунун программасын кабылдаган даңазалуу Россиялык Коммунисттик Жаштар Союзунун III-съездине (курултайына) Жусуп да катышып, Владимир Ильич менен көзмө-көз маектешкен[5]. Мүмкүн ушундан уламбы, айтор Жусуп Владимир Ильичтин эмгектерине дайыма кайрылып, өзүнүн жана жолдошторунун ишмердүүлүгүн ага ченеп салыштыргандыгын көп байкайбыз.

1920-жылдардын башталышында Ж. Абдрахманов партиялык ишке өтүп, Түркстан Компартиясынын Алматы, Копал, Талды-Коргон, Пишпек, Каракол уездик-шаардык комитеттеринин жооптуу кызматтарында эмгектенип такшалган. Жусуп Абдрахмановдун Каракол уезддик-шаардык коммунисттик партия комитетинде иштеген мезгили жер-суу реформасынын (орус колонизаторлору ашыкча ээлеп алган кыргыз жерлерин кыргыздарга кайрып берүү иш-чаралары) жана жаңы экономикалык саясатты жайылтуу мезгилине туура келип, Жети-Суу облусунун бардык уезддеринин ичинен жалгыз гана Каракол уездинде жер-суу реформасы нааразычылыксыз пландуу өткөрүлгөн экен. Бул жерде азык-түлүк салыгынын маңызынын жана принциптеринин одоно бузулуп жаткандыгын изилдеп чыгып, налог түтүнгө бөлүнүп, мурунтан бери дыйканчылык кылган келгин орус-украин  чарбаларга караганда жерге жаңы гана ээ болгон кыргыздарга оорчулук тартып жаткандыгын көрүп, Жетисуу обкомунун алдына маселе коюп, азык-түлүк налогун түшүмдүүлүккө жараша белгилөөгө жетишкен.[6] Мындан биз, Жусуп ар бир өзүнө жүктөлгөн ишти, тездикте өздөштүрүп, жөнүнө салуучу тубаса сергек уюштургуч ишмер (азыркы саясаттаану илиминин терминологиясы боюнча – кризисс-менеджер) экендигине ынанабыз.

1924-жылы март айында Жусуп Абдрахмановду Түркстан Компартиясынын Борбордук Аткаруу Комитетинин (ТКП БА) жооптуу катчылыгына дайындалып анын Президиумунун мүчөсү болуп калган. Ушул мезгилде Түркстан Автономдуу Советтик Социалисттик Республикасын (ТАССР) улуттук мамлекеттерге жиктөө жөнүндө ССР Союзунун жогорку органдары чыгарган чечим актыларынын негизинде кыргыз эли өзүнүн улуттук (социалисттик) мамлекетин кайра жаратууга мүмкүнчүлүк алды.

Алгач, 28 — апрель 1924 жылы РКП (б) нын Орто Азия  Бюросунун жана Түркстан Компартиясынын Борбордук Аткаруу Комитетинин чогулушунда Орто Азияны улуттук аймактардын негизинде бөлүнүүсүнүнү мезгилдин талаптарына ылайык, максаттуулугун туура деп тапкан чечим кабыл алынып, аны иш жүзүнө аткарыш үчүн комиссия түзүлүп ага Кара-Кыргызиядан Ж. Абдрахманов кирген экен. 15 — июль 1924 — жылы РКП (б) нын Орто Азия  Бюросунун чечими менен Убактылуу партиялык бюролор түзүлгөн эле. Кара-Кыргыгз Убактылуу бюросунун мүчөлүгүнө Ж. Абдрахманов, Турдаалы Токбаев, Рахманкул Худайкулов, Липатов, Далымырза Зульфибаев, Иманаалы Айдарбеков ал эми орудун элөөчүлүгүнө (кандидат) М. Сарыбатыров жана Ишенаалы Арабаевдер бекитилген. 3 — август 1924- жылы РКП (б) нын Орто Азия  Бюросунун чечими менен Орто Азияны улуттук аймактардын негизинде бөлүнүүсү боюнча комиссия түзүлүп ага Кара-Кыргызиядан Ж. Абдрахманов, Д. Зульфибаев, И. Айдарбековдор киришкен[7]. Ушул Орто Азия калктарынын улуттук мамлекеттерин кайра жаратып түптөө боюнча зор уюштуруу иштери жүргүзүлгөн мезгилде Кара-Кыргыз Автоном областынын борбор шаарын тандоодо көп сунуштар айтылып, кээ бирөөлөрү Кочкор, Жалалабад дешсе, Жусуп Кара-Калпак эли менен биргелешип Арал деңизинен башталган жана Ала-Тоо аймактарын ээлеген Кара-Кыргыз-Кара-Калпак Автономиясын түзүп борборун Ташкент шаарын кылалы деген оригиналдуу ойду айткан экен[8].

Мандаш токунуп отургандар: экинчиси Рахманкул Худайкулов, 3-сү Жусуп Абдрахманов, 4-сү Далымырза Зульфибаев Орто Азияда улуттук мамлекеттерге чектөө коммисиясынын иштерине катышуу учурунда. Ташкент,1924-ж.

Кийинчереек бул жараяндын соңку иш чараларын аткарыш үчүн атайын Россия Социалисттик Федеративдүү Республикалар Союзунун (орусча кыскартылганы — РСФСР) Кара-Кыргыз Автоном областынын Ревкому 1924-ж. түзүлүп, анын төрагасы болуп Иманаалы Айдарбеков дайындалган. Михаил Давыдович Каменский (Эйдис), Р. Кудайкулов, Жусуп Абдрахманов, Ишенаалы Арабаев жана башкалар мүчөлүгүнө бекитилишкен. 1924-ж. 18-октябрында Кара-Кыргыз областынын Компартиясынын уюштуруучу бюросу да түзүлүп анын башчылыгына Одесса шаарынан М. Каменский келген.[9] Ошол эле жылыдын ноябрь айында, ал анын биринчи катчылыгына, Ж. Абдрахманов экинчи катчылыгына дайындалышкан[10].

Кыргыз мамлекетин кайра жаратуу боюнча уюштуруу иштеринин жүрүш мезгилинде Кара-Кыргыз автоном областынын Ревкомдун мүчөлрүнүн бири-бири менен жакшы тил табышпагандыгы ачык-айкын байкалган. Өзгөчө ушул учурда жетекчилик бийликке умтулууданбы, айтор, эки жааттык күрөш пайда болуп, бир тарабы (Р. Кудайкулов, Дүйшөналы Бабаханов, Ибрай Тойчиновдор) Кара-Кыргыз Автоном областын Кыргыз (Казак) АССРнын составында биргелешүүнү жактаса, экинчи тобу (Ж. Абдрахманов, И. Айдарбеков, И. Арабаевдер) РСФСРдын курамында болууну колдоп чыгышкан.

Мындай жагдайды кээ бир окумуштуулар көбүнчө уруулук принципте жиктелүү багытын алып, эскиликтин калдыгы катары баамдашат, Ал эми Ж. Абдрахманов муну жаатташуу (групповая борьба) күрөшү деп белгилейт. Биздин оюбуз боюнча бул тек кыргыз совет мамлекеттүүлүктүн кайра жаралып өнүгүшү тууралу көз караштардын тактикалык гана айырмалануусу болсо керек, анын залакасы акыр-аягында, чыныгы карама-каршылыкка алып барган. Антсе да, ошол мезгилде элибиздин өзгөчө улуттук совет мамлекети болуп түптөлүшү-мамлекеттүүлүгүбүздүн жаралыш процесси түпкүлүгү туура багыт алгандыгы азыр гана даана баамдалып жатат.

Түркестан Республикасынын жумушсу-дыйкан өкмөтү. 1. Надырбай Айтаков Түркреспубликасынын Борбордук Аткаруу Комитетинин Төрагасы, 2. Р. Исламов Түркреспубликасынын Эл Комисарларынын Төрагасы, 3. Түркреспубликасынын Борбордук Аткаруу Комитетинин Жоопту катчысы. Ташкент, 1924.

Ушул тирешүүнүн негизиндеби же Каракыробкомунун биринчи катчылыгына дайындалган М. Каменскийдин саясатынанбы, айтор, анын экинчи катчылыгынын милдетин аткарып жаткан, бул иштерге башталышынан бери зор эмгегин жумшаган Жусуп, 1925-жылдын март айында болгон Кара-Кыргыз областтык партиялык уюштуруу курултайында (конференциясында) өзүнө ылайыктуу кызматка да, областтык комитеттин составына да шайланбай калат. Ушундай эле тагдыр өз убагына ылайыктуу билимдүү, чоң тажырыйбалуу жана бийик абройлуу жергиликтүү кадрлардан болушкан  И. Айдарбеков, И. Арабаев жана Абдыкерим Сыдыковторго да тийиштүү болду. Буга караганда, Каменский борбордон жиберилген адам катары өзүнүн жанында жергиликтүү чыныгы тың иш билген адамдарды жетектөөгө дарманы жетпегендигине ынанып, булардан кутулуунун айласын ойлосо керек.

Мындан кийин, Жусупту Ташкентке РКП (б) Борбордук Комитетинин Орто Азия Бюросуна уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басарлыгына дайындашкан. Ушул кызматында ал Персияга (Иран) Хоросан (Мешхед)  шаарында жайгашкан Россиялык башкы консульство аркылуу  Түркстан — Иран элчилик иштерди тескеш үчүн 1925-жылдын 30- майынан  1- августка чейин Мешхед шаарына, Бажгир жолу менен барып, кайра Ташкентке Гаудри бекетинен өтүп келгендиги жөнүндө, анын тыш мамлекеттерге баруучу паспортундагы белгилер кабарлайт. Чет мамлекеттерге чыгуучу паспортту ал Ташкенттен 28-май 1925-жылы алыптыр. Анын ыйгарым жарамдыгы 1 жылга ченелген экен. Анын ички мазмуну да кызыгууну туудурат: “Бул паспортту көрсөткөн адам, — делет анда — Россия Социалисттик Федеративдик Советтик Республикасынын атуулу — Абдрахманов Жусуп Абдрахманович Персияга жиберилди, муну күбөлөндүрүп, Ички иштер Комиссариаттын мөөрү басылып, чек араны эркин өтүш үчүн берилди. Инсан жөнүндө маалыматтарда: 1901 – ж., Чиркей айылы, Каракол округунда туулган, үй-бүлөлү. Белгилери: бою — орто, көзү – кара, мурду — түз, чачы – кара жана өзгөчөлүгү жок,” делген. Паспорттун аяк ченинин оң тарабында, Жусуптун жеңил көйнөк кийинген, шапкечен түшкөн сүрөтү чапталган. Ал эки тарабынан, эки мөөр менен күбөлөндүрүлгөн. Сол тараптагысы: РСФСРдин Ички иштер Комиссариатыныкы, оң тараптагысына болсо Персиянын Түркстандагы Генералдык консулдугунун мөөрү басылган.

Ж Абдрахманов Персияга сапарын 30 май 1925-ж. Түркстан Персия чек арасын Бажгир бекетинен өтүү менен баштаган. Ирандын Түркстандагы консулу (өз ысымы берилбеген) Хоралдын визалык каттоосу боюнча мындай маалыматтар жазылган, ”Бул катташуунун себеби, текшерүү өкүлү болгон Жусуп Абдрахмановга кызмат жери болгон Мешхедге Бажгир жолу аркылуу барыш үчүн берилген уруксат(тыр). Бул уруксаттын мөөнөтү эки жума(дыр). Ошол окуядан кийинки бир нече убакыт байланышыбыз үзүлдү. 4 — июнь 1925 — ж.”[11]. Мындан көрүнүп тургандай Жусуп ошол кездеги Ирандын борбору болгон Хоросан (Мешхед) шаарында жайгашкан РСФСРдын Генералдык консулудугуна барып Түркстан-Иран дипломатиялык иштердин жүрүшүн текшерүү жүргүзгөн. Мында ал эки ай бул иштер менен алектенип 1- август 1925-ж. Гаудри чек ара бекетинен өтүп, Ташкентке кайткан экен. Ал эми Кыргыз мамлекеттик тарых музейдин фондунда Жусуп Абдрахмановдун Персияда 1925-ж. түшкөн, чакан 15 фото-сүрөтүнүн, бир фото кагазда чыгарылган, винеткасы сакталып турат. Анда Жусуп негизинен бет маңдайынан тартылып, жети сүррөттө ирандыктардын традициалык баш кийими болгон аракчин (тебетей сыйактанган баш кийим) кийген жана үч сүрөттө алардын традициалык чепкени болгон кабаны  кийип түшүптүр.  Ал эми үч сүрөттө чыгыш элдеринде кеңири тараган тамеки сыяктанган — калян тартуу процесси чагылдырылган экен[12].

Ж. Абдырахмановдун чет мамлекетке чыгыууга берилген өздүк паспорту. 1925.

Жусуп агабыздын кызы — Ленина эжебиздин маалыматы боюнча  Ж. Абдрахманов орус тилинен тышкары немис жана перс тилдеринде дагы сүйлөй билген[13]. Демек, булар Жусуптун элчи-дипломат катары да мекенибизге иш алып баргандыгы жөнүндөгү жаңы маалыматтар болгондуктан, бул жагдай, келечекте атайлап дыкат илимий изилдөөгө алынат деген ишеничтемин.

1925-жылдын август айынан 1926-жылдын апрелине чейин  Жусуп Абдрахманов Москвада РКП (б) нын Борбордук Комитетинде уюштуруу бөлүмүндө инструкторлук кызматта эмгектенген. Айтмакчы, Жусуп кыргыз жигиттеринен эң биринчи болуп компартиянын негизги штабында иштөөгө татыган экен. Мына ушул учурда ал жердеги жергиликтүү коммунисттердин баштапкы уюмунун секретарлыгына шайланган экен. Бул партиялык уюмда ошол мезгилдеги СССР де жетекчилик кызматта иштешкен И.В.Сталин, М.Н.Калинин, В.М.Молотов, К.Е.Ворошилов ж.б. партиялык эсепте турушкан эле. Үзгүлтүксүз мезгил-мезгили менен болуп туруучу  баштапкы уюмдун чогулушуна  И.В.Сталин адатта кечигип келүүчү экен. Бир жолу ошондой кечиккенинен Иосиф Виссарионовичке Жусуп  тартынбастан катуу эскертүү берген экен. Сталин  кечиккенин себебин түшүндүрүп, актанып, анан Жусуптун далысынан таптап, «биздин партиянын катарында сендей тоо бүркүттөрү көп болсо экен», деп айткандыгын 1950-60-жылдардагы карылардын кебинен укканмын дейт профессор К.Исаев[14]. Жусуп Абдрахмановдун тайманбас көк жал экендиги анын кийинки саясий кадамдарынан даана билинген.

Элим, жерим дегенде жанын бергенге даяр Жусуп, Кыргыз мамлекетинин жаңы жетекчилеринин алгачкы кадамдарында кетирилген калпыстыктарга абдан тынчсызданган. Ал ушундай кетирилген кемчиликтер жөнүндө, өзгөчө кадрларды тандоо боюнча түз эле И. Сталинге 1925-жылы 5-майда жазган катында билдирген, «Менин сизге кайрылуумду кайра Кара-Кыргыз автономиялуу областына кызматка баруу аракетиң деп баалабоо\орду суранам, негизги каалом: бул Кара-Кыргыз областы ишбилги борбордук жана жергиликтүү кадрлар менен камсыздалып, ошондой эле РКП (б)нын Кара-Кыргыз уюму чыныгы большевиктик жетекчиликке жетишип, анда биримдиктин өкүм сүрүшүн каалайм!»[15], — деп баса белгилеген.

Ушул саптардын чын ыкластан чыккандыгы жана Жусуптун жогорку бийлик үчүн жан талашпагандыгы анын кийинки басып өткөн өмүр жолунан, өзгөчө, күндөлүк беттеринде калтырган маалыматтардан ишенимдүү жана даана ырасталат. Жусуптун кырдаалды түшүнө билген уюштургуч мамлекеттик ишмер экендигин өз убагында анын муундаштары белгилешкен. Кыргыз кызматкерлеринин биримдигин  көздөп, ал ошол эле Ташкенттен өзүнүн мурунку, кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүү боюнча тактикалык жактан карама-каршы топтогу Рахманкул Кудайкуловко 5-май 1925-жылы жазган катында аларды тынчтантып, биримдикке келишке чакырат[16]. Бул кийин өзүнүн жакшы жыйынтыктарын берген.

Жусуптун зор мамлекеттик ишмердиги, аны 1927-жылдын март айында Кыргыз Автоном Республикасынын Эл Комиссарлар Советинин төрагалыгына болгону 26 жаш курагында дайындалганда ого бетер өркүндөгөнүн байкайбыз. Анын жан уруп Атамекеним — Кыргызстан дегенде эч тартынбастыгы, кээ бир Орто Азиядагы жана борбордогу — Москвадагы Бүткүл Россиялык компартиянын жетекчилерине көп жага бербегени байкалат. Аны партиялык кызматка сүйрөп кетүү аракеттери бир нече жолу жасалган, ага Жусуп ачык эле каршы болуп, эл комиссариаттын советинде накта курулуштун практикалык иши топтолгон, андыктан бөлөктөр бул күрөштү уттуруп жиберишет деп ойлогон[17].

Жусуп Абдрахмановдун Персиянын Хоросан (Мешхед) шаарындагы учуру. 1925-ж.

Абдрахманов практикалык, чарбалык иштерге чыгармачылык  менен мамиле кылып, көп маселелерде борбордон келген туура эмес көрсөтмөлөрдөн оолак болууга аракет кылган. Маселен, Кыргыз Автономдуу Республикасынын Эл Комиссариятынын төрагасы болуп иштеп турган мезгилде, жергебизде айыл-чарба кредиттерин бөлүштүрүү Россия айыл банктын мал чарбачыл Кыргызстандын өзгөчөлүктөрүн эске албастан түзгөн көрсөтмөсүнүн негизинде жүргүзүлгөндүктөн бөлүнгөн акчанын 44 % калктын 11 % түзгөн орус-украин (европалык) дыйкандарга тийип, калктын 70 % түзгөн кыргыздарга 5 % калганын, Сталинге тайманбай жазып абалды оңдоого жетишкен.[18] Абдрахманов Кыргызстандын чарбалык иштерин чечүүдө анын үчкабат (СССР, РСФСР жана Орто Азия органдарына) баш ийүүсүнө байланыштуу келип чыккан татаалдыктарын жоюш үчүн Кыргыз Автоном Республикасын Союздук Республикага айландыруу маселесин коюп, Сталинге эки жолу кат аркылуу кайрылган  жана өзүн анын кабыл алуусун суранган, бирок булар өз мезгилинде натыйжасыз кала берген.

Мындай жолдун тууралыгын тарых өзү бир аз өтүп-өтпөй айкындады.

Ал эми, 1932-жылы Советтер Союзунун бир топ аймактарында кургакчылык болуп, анын кесепетинен элибиз ачарчылыкка кабылуу коркунучунда калганын астыртан баамдган Жусуп Абдрахмановдун «Республиканы Казакстандын абалына чейин жеткиргендигибизден көрө, бизди кызматыбыздан алып салганы дурус» деген сунушуна Кыргызстандын жетекчилери Алексей Шахрай менен Баялы Исакеев макул болушкан[19].  Алар Республиканын дан даярдоонун жогорулатылган планын аткарылышы кемисе да, колхоздордун  үрөн фондусун «эч калтырбай берүүдөн» баш тартышты. Мындан тышкары Кыргызстандык жетекчилер өз дыйкандарынын түшүмдөрүн мүмкүн болушунча жергиликтүү калктын колунда калышына мыйзам чегиндеги баардык ыкмаларды колдонушкан экен. Ушул жылы Казакстанда чынында эле катуу ачарчылык болуп, көп эл кыргынга учураганы белгилүү.

Бул өзүн-өзү билемдик 1933-жылы 9 — майда Бүткүл Россиялык Коммунисттик Партиянын (БКП) Борбордук Комитети тарабынан «жергиликчиликтин көрүнүшү» катары бааланып А. Шахрай менен Жусуптун алгач катуу сөгүш алуусу менен аяктаган. Андан кийин 1933-жылдын 24- сентябрында БКП (б)нын Борбордук Комитети  Кыргыз партиялык уюму жөнүндө маселе карап, А. Шахрай менен Ж. Абдрахмановду кызматтарынан бошоткон. Жусуптун бул баатырдык эрдиги кыргыз элин чоң ааламаттан сактап калгандыгы, ошол учурдагы коңшу элдердин кайгылуу тагдырлары менен салыштырганда дааналанып чыга келеери шексиз. 1933 жылы 14-октябрда Жусупту «троцкийчилердин тобун» колдогон  деген жалган жалаа менен партиянын катарынан чыгарышкан.

Абдрахманов өзүн партияга калыбына келтирүү жөнүндө бир нече жолу Сталинге  жана БКПнын  контролдоо органдарына арыз менен кайрылса да, натыйжа оң чыккан эмес. Акырында  4-апрель 1937-жылы Оренбург шаарында иштеп жүргөн жеринен ички иштер эл комиссариаты (ИИЭК, орусчасы — НКВД) тарабынан камакка алынып, эми Жусупка антисоветтик кылмыш иштери менен бирге «социал туран партиясы» уюмунун мүчөсү катары террордук диверсиялык кылмыштар мойнуна коюлган. Мындан тышкары, аны Турар Рыскулов, Файзулла Xоджаев, Санжар Асфендияров жана Султанбек Ходжановдор тарабынан (ойдон чыгарылган) уюшулган «пантүрк борборунун» жетекчилери менен байланышта болгонсуң деп күнөлөшкөн[20].

Мандаш токунуп отургандар: экинчиси Рахманкул Худайкулов, 3-сү Жусуп Абдрахманов, 4-сү Далымырза Зульфибаев Орто Азияда улуттук мамлекеттерге чектөө коммисиясынын иштерине катышуу учурунда. Ташкент,1924-ж.

Акыркы эки тыянак менимче, «Шамал болбосо, бетегенин башы кыймылдабайт» дегендей, жаңы деңгээлде дыкат изилдөөлөрдү талап кылаары шексиз. Ал келечектин иши. Алсак, азыр белсемдүү окумуштуулар «социал-туран партиясы» реалдуу түрдө уюшулуп, советтик түзүлүшкө альтернатива сыяктуу максатты көздөгөн деген ойду айтышууда[21]. Ал эми «пантүркизм» жөнүндө айтсак, бул түшүнүк «панисламизм» сыяктуу эле, «евроцентризм» деп аталган шовинисттик-үстөмчүлдүк негизинде Европадагы оторчүл өлкөлөрдүн эзилген калктарды бөлүп жарып, алсыратып башкарууну көздөгөн идеологиянын ашкере сындоосунун саркындысы экенин эске алсак жетиштүү болоор. XIX кылымдын аягы, XX кылымдын башталыш мезгилинде орун алган мусулман жана түрк элдеринин жаңы турмушка умтулуу, жалпы дүйнөлүк цивилизациялык өнүгүштөн калбоо аракетинен улам жаралган философиялык концепциясында: түрктөшүү (бир тектүү түрк элдеринин «Улуу Туран» өлкөсүн куруу), исламдашуу (адеп-ахлактуу руханий бийик адамдык сапатка ислам аркылуу умтулуу), модерндештирүү (жалпы дүйнө цивилизациялык өнүгүштөн калбай саясий коомдук өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу) деген үч тыянакка негизделгенинде (Зия Гөкалп 1876-1924-жылдары жашаган, Исмаил Гаспиринский 1851-1914 ж.) эч деле  экстремисттик жана жеңип алуучулдук коркунуч жок эле. Анда тек гана түрк элдеринин негизинен тарыхый-маданий жактан алга умтулуу аракети жаткандыгын баамдашыбыз абзел. Андыктан Абдырахмановдун XX кылымдын башталыш мезгилиндеги Түркстан калктарынын ичине тараган бул коомдук агымга мамилеси такыр жок болгон  дегенибиз, Жусуптун руханий абыройуна шек келтиргенибиз болоор эле[22]. Ал ошол мезгилдеги Орто Азияда бул улуттук боштондук кыймылды колдошкон саясий  ишмерлер жана чыгармачыл адамдар: Мустафа Чокай уулу (1890-1941 жж.), Ахмед Заки Валиди Тоган (1890-1970 жж.), Абдурауф Фитрат (1886-1938 жж.), Мунаввар Кары Абдурашитхан уулу (1878-1931 жж.) жана башкалар менен Ташкентте үзөнгүлөш саясий майданда кезигишкен. Ал эми Түркиядан  Орто Азияга атайы келген жаш түрктөрдүн «Биримдик жана Прогресс» партиясынын лидерлеринин бири паша Энвер Ахмет бей (1881-1922 жж.) жана анын шакирти Салим Пашалардын Түркстан аймагындагы ишмердиги[23] жөнүндө да анын кабары болгон. Өзүнүн тун уулунун атын Энвер (Анвар) деп бекеринен койбосо керек[24] . Дегинкиси бул жагдайды дагы да дыкат изилдөө керектиги шексиз.

Автономдук Кеңеш Социалистик Кыргыз Респуликасынын Эл Комиссарлар Кеңеши 1927-жыл.

Ж. Абдрахманов Кыргыз социалисттик мамлекетин негиздөөчүлөрдүн ичинен көрүнүктүү ишмер катары жогорку кызматта болгону алты жарым жыл иштеди. Бул ошол мезгилдеги кырдаалга салыштырмалуу өтө аз мөөнөт, бирок алардын тарыхый мааниси — ар бири кылымга тетедей болгон. Зор уюштуруучулук  иштерди чын ыкластан аткаргандыктан жана да бир мезгилде окшош маселелердин үстүнөн эмгектенгендиктен, Жусуп Түркия Республикасынын негиздөөчүсү жана анын биринчи Президенти улуу реформатор Мустафа Кемал Ататүрккө тете инсан болгон деген айрым окумуштуулардын ойлорунда толук негиз бар десек жаңылбайбыз[25].

Жусуп кыргыз элинин тарыхына кызуу ынтызарлык менен мамиле жасаганын баса белгилөө абзел. Ал Кыргызстандагы 1916-жылы болуп өткөн улуттук-боштондук көтөрүлүшкө чоң маани берип, (мүмкүн өзү күбө болгондуктандыр) алгачкылардан болуп бош убактысынын жоктугуна карабай, анын тарыхынын изилденишине өзүнүн барандуу салымын кошкон. Алгач «Коммунистическая мысль» журналынын редактору И. Меницкийдин макаласында козголгон 1916-жылдагы көтөрүлүштүн мүнөзү тууралу дискуссияга жигердүү катышып, макала жазган[26]. Кийин 1931- жылы бул көтөрүлүштүн 15 жылдыгына карата өзүнүн «Октябрдын жышааны» аттуу чакан брошюрасын басмадан чыгарган[27]. Анда ал 1916-жылдагы көтөрүлүшкө кыргыздардын тагдырындагы өтө маанилүү тарыхый окуя катары баа берген, бир топ кызыктуу фактыларды келтирген. Өзгөчө белгилеп кетүүчү жагдай катары, Жусуптун, бул улуттук көтөрүлүшкө каршы чыккандардын ысымдарын ачыктап жазгандыгы менен өтө маанилүү[28]. Андан бир аз мурун, 1928 — ж. «Кыргызстан Октябрдын 11 жылдыгына карата» деген брошюра жазып, анда Кыргызстанда болуп жаткан саясий, агрардык иштерге өзгөчө кыргыз  көчмөн чарбалардын айылдашып жерге конгондугу жөнүндө терең талдоолорду жүргүзгөн. 1932 — жылы ал «Кыргызстанда 1917 – жылдын Февраль революциясы» деген чакан макала даярдап, бул революция кыргыздарга эч бир олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келбегендиги баса белгилеген экен[29].

Жусуптун чечкиндүү аракеттери аркасында кыргыз элинин тарыхын атайын тапшырма менен ошол кездеги Россияда эң белгилүү чыгыш таануучу В. В. Бартольд «Кыргыздар. Тарыхый очерк» деген аталыштагы эмгекти 1927-жылы[30] жазып бергени баарыбызга белгилүү. Ал эми Жусуптун «өз күндөлүктөрү», көптөгөн фото-сүрөттөрү, Иосиф Сталинге жана замандаштарына жазган каттары кыргыз элинин тарыхын изилдөөдө эң сонун тарыхый булак болоору шексиз.

Жусуп НКВДнын мыкчыгерлери тарабынан камакка алынып он тогуз ай бою адам чыдагыс кыйноолордон улам, тергөөчү түзгөн протоколго кол коюп берүүгө мажбурланган. 1937-жылы 17-сентябрда аны Кыргызстанга алып келишкен, бул жерден Ж.Абдырахманов акыйкаттыкты талап кылып, ал үчүн өмүрүнүн аягына чейин күрөшкөн. СССРдин прокурору А. Я. Вышинский менен СССР ички иштер комиссары Н.И. Ежовго чейин кайрылып, ишти туура чечип, эң негизгиси, өзү менен кошо тергөөчөлөрдүн колу менен жазылган протоколдо эскерилген адамдардын күнөөлүү эместигин баса белгилеген. Натыйжа чыкпады.

Ж. Абдырахманов менен А. Орозбеков. 1927.

Өзгөчө эскерте турган нерсе, Жусуп өмүрүнүн акыркы закымында да эбегейсиз чечкиндүүлүктү жана тайманбас, эр жүрөктүү баатырлыктын үлгүсүн көрсөтүп кеткен экен. Муну тарыхчы Зайнидин Курмановдун маалыматтары ачыктан-ачык ырастайт. Ал боюнча НКВДнын түрмөсүндө жүрүп жаткан тергөө учурунда, чыкчырылган тергөөчү менен Ж. Абдрахмановдун ортосунда пикир келишпесдик оорун алып, жаны ачыган Жусуп:”Акыйкаттык деги барбы, же аны да силер атып таштагансыңарбы? Өкүнөм, Совет бийлигин орнотуп жатканымда Сага окшогон наадандарды байкабай калгандыгыма. Деги ушундай турмушума ыраазымын!!!”- деп мыкчыгер зөөкүрдү отургуч (орусча — табуретка) менен башка керилип туруп уруп калган экен. Бул добушка заматта кирип келген күзөтчү, куралсыз Жусупту дароо аткылап өлтүргөн[31].

Ал эми бул окуянын документтештирүүлүсү 5-ноябрь 1938-жылы чукул чакырылып каралуучу СССР Жогорку сотунун заседаниесинин өкүмү менен Жусуп өлүм жазасына тартылып, ошол эле күнү атылды делинген экен. Ошол “чукул чакырылган” СССР Жогорку сотунун иш кагаздарында, Жусуп, «Өзүмдү кылмышкер деп сезбеймин жана өзүмдүн мурунку берген түшүнүк-көрсөтмөлөрүмдөн баш тартам. Ошондой эле, мен эч качан советтерге каршы уюмдардын мүчөсү болгон эмесмин жана контрреволюциячыл иш алып барган эмесмин. Шпион да эмесмин»[32] деп баса жарыялаганы сакталып калган. Бул күтүсүз окуя, Кыргызстандын НКВДсынын жертөлөөлөрүндө түзүлгөн катаал кырдаалга байланыштуу чоң кыргындын толкунун жаратып, төрт күндүн ичинде (5-8 – ноябрда) 137 күнөөсүз адамдарды шашылыш жок кылууга түрткү болгон. Алардын өлүктөрү Бишкек шаарынын түштүк тарабында 15 км де жайгашкан “Чоң-Таш” айылындагы эски кирпич бышырылуучу мештин нугу болгон аңга керексиз таштандылар сыйактуу жерге көмүлгөн[33].

Абдырахмановдун күндөлүгү орус, кыргыз тилдерине китеп болуп басылып чыккан…

СССР Жогорку сотунун аскер коллегиясынын 1958-жылдын 17-апрелдеги аныктамасынын негизинде Ж. Абдрахманов өз убагында негизсиз айыпталган деп толугу менен акталган. 1989-жылы январда Коммунистик партиянын мүчөсү катарында ага койулган күнөөлөр алынып ташталган.

Сүрөтчү П.Белоусовдун Владимир Ильич Ульяновдун (Ленин) Россиялык Коммунисттик Жаштар Союзунун III-съездинде деген эмгеги. 1920-жылы Москва шаарында  өткөн бул съезде Жусуп Абдрахманов катышкан.

 

Автор: Дөөлөтбек Сапаралиев

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Түрк Тарыхчылар Академиясынын академиги, профессор.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here