Ат-Башы районунда 12-14-март күндөрү бурганактаган шамалдын кесепетинен кээ бир айылдардын жолдору жана Ак-Сай тарапка кетчү жолдо кар күрткүлөрү пайда болгону маалым. Жарандык коргонуу комиссиясынын чечими менен районго «өзгөчө кырдаал» жарыяланып жол тазалоо иштери башталган болчу.

Акыркы маалыматтар боюнча Ак-Муз айылынын ички жолдору кечээ, 19-мартта, саат 14.00 менен тазаланып бүттү. Техникалар Өзгөрүш айылына жөнөтүлүп, ички жолдор бир күндүк мөөнөттө тазалоо пландалууда. Ал эми аталган айылдардан Ат-Башы айылына, Нарынга кетчү жолдору 17-мартта ачылган. Мындан тышкары, Ак-Сай өрөөнүнө кетчү жолдор тазаланып жатат. Торугарттан Кында тарапты көздөй 19-мартка карата 55 км тазаланды. Бүгүн дагы  жолду тазалоо иштери уланууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here