Кыргызстанда  Советтик улуттук мамлекетин уюштуруучуларынын бири Иманалы Айдарбеков элибиздин тарыхына зор салым кошкон залкар инсандарыбыздын катарындагы “чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмер”[1] экендиги талашсыз.

Иманалы Айдарбеков 1884-жылы Пишпек уездиндеги Аламүдүн (азыркы Арчалы)  айылында туулган[2]. Иманалы чарбачыл оокаттуу үй — бүлөөдөн болуп, алгач ал менчик мектепте окуган[3], андан соң 1889-жылы Пишпектеги төмөнкү айыл чарба мектебинин даярдоо классына кабыл алынган. Сезимтал бала билим алууга шыктуу болгондуктан төрт жылдык окууну эң жакшы аяктагандан кийин мектеп жетекчилери аны 1905-жылы Ташкенттеги гидротехникалык мектепке жиберет. Иманалы Ташкентте жүргөн кезде колониялчылардын үстөмдүк эзүүчү саясатынын ырайымсыздыгын даана түшүнөт. Анткени 1905-1907 жылдардагы биринчи орус революциясынын жаңырыгы Түркстан өрөөнүн аралап өтүп эзилген калкты саясий күрөшкө тартылганын өз көзү менен күбө болгон. Ташкенттен ал социалдык-демократтардын (коммунист-большевиктер) социалдык теңчилдик үчүн күрөштүн зарылчылыгы жөнүндөгү революциячыл идеялар менен таанышат.

1908-жылы атасынын күтүүсүздөн кайтыш болушу, үй-бүлөдөгү оор абал Иманалыны Ташкенттеги окуусун таштап, туулган айылы Аламүдүнгө келүүгө аргасыз кылат. Үйдөгү бардык түйшүк анын мойнуна түшөт. Мектептерден алган билимин иш жүзүндө ийгиликтүү колдонгондун натыйжасында Иманалынын чарбасы тез эле бакубаттыка жеткен.

Айдарбеков И. Күнтүү айыл өкмөтүнүн катчысы болгондогу өздүк кол тамга көйулган тил кат 3-февраль 1817-жыл. ЦГА КР. Ф.И-87.Оп.1.Д.4.Л. 182 бет.

И. Айдарбековдун саясий майданга  качан жана кандайча өткөнү жөнүндө так айтуу кыйын. Алгач ал кыргыз-казак демократ интелегенттери уюштурган «Алаш» жана андан соң, 1917- жылы уч айча, «Солчул Эссерлер» партиясында болгон деген изилдөөчүлөрдүн көз караштары басмада жарыяланган бирок, аны ынанымдуу ырастаган маалыматтар азырынча табыла элек. Пишпектин тургуну, Россия коммунистик (большевиктер) партиянын 1917-жылдан берки мүчөсү Я.И.Гритчиндин эскерүүсү боюнча Айдарбековдун уюштуруучулук тажырйбасына жана чечендик талантына ал кездеги жаштар тамшануу менен суктанчу эле. Пишпектеги коммунист большевиктер тобунун жетекчиси Алексей Иванициндин тапшырмасы менен 1917-жылдагы октябрь айындагы Россиядагы Социалисттик революцияга чейин эле Иманалы Чүй сугат системасынын куруучуларынын арасында үгүттөө-түшүндүрүү иштерин алып барган. Ал жерде жергиликтүү пролетариаттын эң чоң отряды топтолуп, Россиянын өнөр жайлуу райондорунан келген 200гө жакын адистешкен жумушчулары жана 2000ден ашык кыргыз, казак, дунган ж.б.  кара жумушчулар иштешкен. Ушундан улам биздин оюбузча Айдарбековдун 1915-1918 жылдары алгач Пишпек уезинин «Көчүрүп келүү» башкармалыгында («Переселенческое управление») тилмеч кызматы[4] андан соң (февраль 1917-ж.) Күнтуу волостунун Күнтуу, Илебай жана Шоролуу айылдарынын башкармалыгынын катчысы[5] кызматтары анын социал-революциячыл ишинин бир бөлүгү болгонсуйт. Анткени, Кыргызстанда Совет бийлигинин орношунан кийинки Пишпек уездинин эл депутаттарынын эң алгачкы жалпы чогулушуна (март, 1918 ж.) депутаттарды шайлоодо анын Күнтуу волостунан көрсөтүлгөн беш кишинин ичинен депутаттыкка шайланышы[6] да муну ырастайт.

 

 

1918-жылдын октябрь айында И.Айдарбековду Бүткүл россиялык Коммунисттик (большевиктер) партиянын (БРК(б)П) катарына мүчө кылып алышат[7], ошол эле жылдын аягында Аксуу (Беловодск) айылындагы ак гвардиячы-кулактардын козголонун басууга катышат. 1919-жылы 14 мартта болгон Пишпек уездинин Советинин съездинде Иманалыны уездик-шаардык аткаруу комитетинин мүчөсү кылып шайлашат. Бул жерде ал жертиликтүү большевиктер Г.И.Щвец-Базарный, Х.Хасанов, А.И.Иваницин, Г.Б.Безбородов ж.б. менен бирге иштеди. Ушул жылдын июнь айында ал Жетисуу областтык өзгөчө комиссиянын (ӨК- орусча- ЧК) уездик бөлүмүнө жиберилет[8]. ӨКнын тергөөчүсү болуп иштеген Айдарбеков жаңы турмуш курууга жолтоо болгон контрреволюциячыл элементтер менен күрөшүп уезддин эмгекчилеринин арасында үгүттөө-түшүндүрүү иштерин жигердүү жүргүзгөн[9].

1919-жылдын аягында И.Айдарбеков Пишпек уездик аткаруу комитетинин эл депутаттар Советинин мүчөсү, кийинчерээк ошол комитеттин төрагасы кылып шайлашат. Айтмакчы, Иманалынын бул кызмат абалы, ошол мезгилдеги уездик дэнгээлдеги эң жогорку кызмат болгондуктан, кыргзыдардан  биринчи ушул бийик даражага жетишкен. 1921-жылдын жаз айынан күзгө чейин Каракол жана Нарын уезддеринде шаардык революциячыл комитеттердин иштерин жетектейт.

Иманалы Айдарбеков, анын кызы – Рафа, аялы – Кичкен, кызы — ысымы тактала элек. 1926-жылдар.

1921-жылы 29 октябрда Пишпек уездинин жумушчу, дыйкан жана казак депутаттарынын курултайы болуп, аны жаңы эле Пишпек уездинин Революциялык комитетке (ревком) дайындалган Айдарбеков коммунистердин ошол кездеги шаттык ыры «Интернационал» ырдалгандан соң салтанаттуу ачып, жергебизде атуулдук согуш аяктап тынчтык абал орноп, жер жерлерде Советтерге (Кеңештерге) шайлоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк болуп, чарбачылыкты бейкуттукта алып барууга шарт түзүлдү деп жарыялаган[10]. Ошентип 1921-жылдын октябрынан 1923-жылдын мартына чейин И.Айдарбеков Пишпек уездинин шаардык аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеген. Бул кызматта турганда Кыргызстандын түндүгү тарабында 1921-1922–жылдары жер-суу реформасын ишке ашырылышын жетектеген. Реформаны ишке ашырууга карапайым калктын сабатсыздыгы, эски салттык мамилелердин терс жактары, бай-манаптардын, кулактардын кыянатчылыгы жана каракчылык аракеттер, чарбадагы 1916-жылдагы боштондук үчүн көтөрүлүштөн кийинки бүлүнүүчүлүк чоң жолтоо болгон. Бир жагынан ачарчылык жана сабатсыздык да жанды ачытып турган. Кытайдан кайткан кыргыз көтөрүшчүлөрүнө тамактандыруу пунктары уюштурулган[11].

Мына ушул жылдары И.Айдарбеков өзүн  күжүрмөн, талыкпас революционер-интернационалчыл жетекчи  катары көрсөтөт. Россиялык Коммунисттик (большевиктер) Партиясынын (РК(б)П)  Борбордук Комитетинин (БК) чакырыгы менен 1922-жылдын башында Пишпек уезди боюнча Поволжьедеги ачарчылыкта калган адамдар үчүн тамак жана буюмдар чогултуу боюнча азык-түлүктү камдоо эки жумалыгы жарыяланганда, И.Айдарбеков жолдоштору менен топ башчысы болуп Токмок шаары жана анын жанындагы волосторго барышып жергиликтүү элдерге Россиядагы түзүлгөн оор абал жөнүндө айтып түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Күнүнө митингдерде эл алдында бир нече жолу чыгууга туура келген. Россиянын борбордук уезддеринен жана Казакстандан ачарчылыктын айынан Кыргызстанга келишкен 6 миңге жакын качкындарды турак-жай, боз үй, азык-түлүк, мал менен камсыз кыла алышкан. Качкындардын арасында орус, казак, татар, башкыр жана башка улуттардын балдары да көп эле[12].

Уезддик-шаардык аткаруу комитетинин төрагасынын ордунда зор жоопкерчилик жана кыраакылык менен иштеген И.Айдарбеков жолдошторунун арасында кадыр-баркка ээ болот. Муну 1923-жылы өзүнүн эки айлык дем алууга кетип баратканда жолдошторуна жазган каты дадилдеп турат: «Эки айлык дем алууга кетип жатып бардык жолдошторго мага ишенип берилген өтө жоопту жана оор жумушту аткарууга көрсөтүшкөн жардамдарыңар үчүн чоң ыраазычылыгымды билдиргим келет. Ошондой эле бардык советтик мекемелердин  жетекчилигинде турган жана советтик курулушту коргоого чакырылган бардык жолдошторго, граждандарга мени жолдогон жоопту кызматтарда  тургандарга мага көрсөткөндөй эле жардамыңарды аябооңорду сурап кайрылам.

Автономдук Кеңеш Социалистик Кыргыз Респуликасынын Эл Комиссарлар Кеңеши 1927-жыл.

Аткаруу комитетинин төрагасы болуп турган убакта силердин мага болгон жылуу мамилеңерди сездим, мындай мамиле мага жеке адам катарында болгондугун жакшы көрүү сезими үчүн гана эмес, ишке болгон чыныгы берилгендиктин натыйжасы экендигине көзүм жетип отурат. Сиздер менен кызматташтыгымды убактылуу таштоомо байланыштуу терең коопсуздук менен бардык жолдошторго кайрыламын. Жолдоштук милдети иретинде мурункуңардай эле республиканын кызыкчылыгын көздөгөн ак пейилден кунт коюу менен бардык алган кызмат тапшырмаңарды так аткаруунун үстүндө иштөөңөрдү өтүнөм. Ошондой эле бир да мүнөт эсиңерден чыгарбасаңар: иш тескерисинче жүрө турган болсо, анда ал бизди кайгылуу жыйынтыктарга алып келет»[13].

Мына ушул документтен эле И.Айдарбековдун кандай тажырйбалуу жана жоопкерчиликтүү кызмат адамы экендигин билүүгө болот. Бул жагдайларды, дагы бир болгон окуя ырастайт:15-март 1925-жылы Иманалы өзүнүн жакын кызматташтарынын өз милдеттерине жоопкерчиликсиз  мамиле жазашкан (Кара-Кыргыз автаномдуу областынын Советинин биринчи курултайында сүйлөй турган сөздөрүнүн кыскача мазмунун жана анын толук текстерин белгиленген убакытта бербегени үчүн) Абдыкерим Сыдыков, Алимбеков, Числов жана Корсактарга тийешелүү чара колдонуп жазалоону Кыргыз областык коммунистер партиясынын жетекчилигинен катуу талап кылганы белгилүү[14].

1923-жылы жазында И.Айдарбеков Жетисуу областынын президиумуна (Алматы шаары) областтык жер бөлүмүнүн начальниги болуп шайланат. Ал эми бир жыл өтпөй октябь 1924-жылы ушул эле областык аткаруу комитетинин төрагалыгына көтөрүлгөн[15]. Бул жылдары ал өкмөттүн кыргыз көчмөндөрдү жерге отурукташтыруу жана Орто Азия элдеринин улуттук мамлекеттерге ажыратып жайланыштыруу боюнча чараларын жүргүзүүгө жигердүү катышкандыгы маалым[16].

15 июль 1924–жылы Россиялык Коммунисттик (большевиктер) Партиясынын  Орто Азия Бюросунун чечими менен  уюштурулган убактылуу Кара – Кыргыз  партялык бюросун мүчөлүгүнө Жусуп Абдрахманов, Т.Токбаев, Рахманкул Худайкулов, Липатов, Даалы-мырза Зульфибаев, Иманалы Айдарбеков жана анын мөчөлүгүнө даяр тургандары (кандидат) Сарыбатыров менен Эшенаалы Арабаевдер бекитилген эле. Ал эми ошол эле уюмдун 3 — августунун  чечими менен Орто Азия элдеринин улуттук мамлекеттерге ажыратып жайланыштыруу боюнча Болбордук Комиссия түзүлүп анын курамына Кара — Кыргыздар тараптан Ж. Абдрахманов, Д. Зульфибаев жана И. Айдарбековдор киргизилген[17].

Айдарбеков Иманалыга Бишкек шаарында 2014 — жылдын 30 — августунда орнотулган эстелик
Кыргыз элинин тарыхындагы өзүнүн улуттук Совет мамлекети түзүлгөн маанилүү күн бул 14 –октябрь 1924-жыл экени маалым, анкени так ушул күнү Бүткүлроссиялык Советинин Борбордук Аткаруу Комитетининин токтомунун негизинде Кара-Кыргыз Автономдуу областы уюшулуп ал Россия Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасынын курамына кирген. Мына ушул мамлекеттин уюштуруу иштерин алып барыш үчүн, 1924-жылы 21 октябрдагы Бүткүлроссиялык Советинин Борбордук Аткаруу Комитетининин Президиумунун токтому менен Кара-Кыргыз автономдуу областынын (ККАО) Ревкому түзүлүп анын төр агасы катары И. Айдарбеков дайындалган[18]. Бул кызматта ал 1925-жылдын март айына чейин иштеген[19] Кээ бир тарыхчылар Иманалынын ушул кызмат абалын кыргыздын  биринчи Президенти деп атоого үндөшүүдө[20]

Менимче, бул туура болбойт. Анткени, ал мезгилде андай президенттик кызмат Советтик административдик башкаруу системасында болгон эместиги дана белгилүү. Ревкомдун курамы 17 адамдан турган алар: И. Айдарбеков  (төр ага), Д. Зульфибаев (төр аганын ордун басары), Ж. Абдрахманов, Э. Арабаев, М.Ботбаев, М. Каменский, П .Покровский, И. Тойчинов, Б. Сарыбаев, Р. Худайкулов, С. Чонбашев, М. Янгулатов,  ж. б[21].

Алгач ККАОнун партиялык, мамлекеттик аппараты Ташкент шаарында болгондуктан И. Айдарбеков Кыргыз обком партиясынын биринчи катчысы Михаил Каменский, экинчи катчысы Ж.Абдрахмановдор менен бирдикте ал жактан Кыргызстандын советтик жана чарбалык органдарын уюштуруу иштерин жетектейт жана областтын бүт аппаратын 1924-жылы декабрда Пишпекке көчүрүүгө даярдайт. 1925-жылы 27 мартта Пишпек шаарындагы «Эдисон» кинотеатрында И.Айдарбеков ККАОнун Советтеринин уюштуруу съездин ачат. Анда ал Бүткүлроссиялык Борбордук Аткаруу Комитетинин (ББАК-орусча-ВЦИК) мүчөсү А.П.Голубковго кыргыз элинин орус жана башка элдери менен биримдигинин жана достугунун символу катарында Кыргызстандын улуттук туусун тапшырат.

Кыргыз совет мамлекетин уюштуруу мезгилинде анын келечекте өнүгүш жолу боюнча эки топтун тактикалык күрөшүнүн негизинде кыргызстандык жетекчилердин ортосунда ажырым пайда болгон. Кыргыз обкомунун биринчи катчысы Михаил Каменскийдин «Бөлүп, жарып башкаруу» ыгын өзүнүн иш жетекчилигине алгандыктан, ишбилги тың кыргыз жигиттери И.Айдарбеков, А.Сыдыковдор, Ж.Абдрахманов, Кыргызстанда эң жооптуу кырдаалда — улуттук Совет мамлекетин түптөө учурунда, өздөүнө ылайыктуу кызматка тартылбай калгандыктан, Атамекенинин тышкары жерлерде эмгектенүүгө  мажбурланышкан.

И.Айдарбеков 1925-жылдын апрелинде Ташкентке РК(б)П БКнын Орто Азия бюросуна жиберилип Орто Азиянын нан  мекемелеринин (Средазхлеб) мүчөсү болуу менен бир эле убакта Орто Азиядагы ККАОнун туруктуу өкүлүнүн милдетин да аткарат. Бирок бир жыл өтүп-өтпөй ал 1926-жылы июль айында Пишпекке чакырылып Областык камсыздандыруунун (обл себес) башчысы, андан соң  айыл чарба банкынын башкармалыгынын төр агасы болуп эмгектенди[22].

Кыргыз областык коммунисттер партиясынын биринчи катчысы Михаил Каменскийдин башчылыгындагы саясий уюм Кыргызстанда баардык майда-чуйдасынан беери көзөмлгө алып, ар дайым кирише берүү үстөмчүл саясаты, жергиликтіі иш билги жетекчи кызматкерлердин ачыктан-ачык каршылыгын жаратты. 1925-жылдын июнь айында РКП (б) БКга жана Орто Азия КП (б) нын Бюросуна кыргызстандык отуз адамдын кайрылуусу жазылып, анда Кыргыз обкомунун иш ыкмалары катуу сынга алынган эле. Бул катка кол койгондорду «отузчулар» деп өзгөчө кара тизмеге алып, эл душманы катары мамиле жасала баштаган эле. Алардын арасында Иманалыда бар болучу, кийин мунун кедергеси каршылаштарына анын өмүрүн кыйганга жол ачкан.

1927-жылы 12 мартта Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин (ЦИК) биринчи сессиясында И. Айдарбеков Кыргызстан ЦИКтин мүчөлүгүнө шайланат жана ага республиканын айыл чарбасынын Борбордук Советинин тúрагасынын милдети жүктөлөт. Алты айдан кийин ал Кыргыз АССРинин өнөр жай жана соодасынын эл комиссары (нарком) болуп дайындалып[23], Кыргызстандын өнөр жайын индустриалдаштырууга өз эмгегин кошту. 1929-жылдын январында ал Кыргыз АССРынын  башкы сотунун төр агасы[24] болуп шайланат.

Арадан эки жыл өткөн соң И. Айдарбеков Кыргыз АССРынын  Эл Комиссарлар Кеңешинин (ЭКК-орусча-СНК) алдында СССР оор өнөр жайынын эл комиссарынын орун басарлыгына дайындалат[25]. Ал эми 1934-жылдын 26 сентябрында жаңы кызматка – Ортоазиялык экономикалы Кеңештеги Кыргыз АССРынын туруктуу өкүлү катары бекитилген.

 

1936-жылы И. Айдарбеков ден — соолугунун начарлаганына байланыштуу эс алууга чыгат. Ал бир катар волостук, уезддик, областтык жана республикалык эл депутаттар Советтеринин съезддеринин жана республикалык жогорку өкмөттүк форумдарына делегат болуп шайланган. Октябрдын 15 жылдык юбилейин белгилеген кезде Совет бийлиги үчүн күрөштө жана граждандык согуш жылдарындагы көрсөткөн эрдиктери үчүн И. Айдарбеков Кыргыз АССРынын Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумунун грамотасы менен сыйланган[26].

4 сентябрь 1937-жылы Иманалы Айдарбековду жазыксыз айыпташып камакка алышканда өзү менен бирге иштешкен замандаштары Эшенаалы Арабаев, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов жана башка адамдарына каршы үгүттөшүп кыйноого алышып, бир жыл  эки ай түрмөдө отургузушуп кыйнашкан. 5 ноябрь 1938-жылы  СССР дин Жогорку сотунун жана Аскер колегиясынын өкүмү менен атылган.

Айдарбеков Иманалынын кызы — Рафа – ага лейтенант 1942 – ж.

Эл душманы деп аталган сөң анын үй-бүлөсүнө да каатчылык келген 22 жаштагы улуу кызы сабактан чыгып келе жатканда өлтүрүп кетишкен[27]. Экинчи кызы Рафа (“Атам Рабочий Факультетте окуп жүргөндө төрөлгөндүктөн анын ысымын кыскартып Рафа койуптур” деп, бул адам жөнүндө менин алгачкы макалам жариялангандан кийин, эже мени менен болгон маегинде өзү айтты эле[28]) Москва шаарындагы медициналык жогорку окуу жайында окуп жүргөндүгү учүн куугунтуктан аман калган. Ал 1941-жылы институттагы окуусун бүтүрүп Атамекендик согушка өз ыктыяры менен барып, 800 ашуун жоокерлерге талаа госпиталдарда операцияларды өткөргөн. Ошол эрдиги үчүн Кызыл жылдыз жана Ленин ордендери менен сыйланган.

Кыргызстанга кайтып келип Кыргыз Мамлекеттик медицина институтунда көп жылдар бою эмгектенип, медицина илиминин кандидаты деген илимий даражага жана доцент менен өлкөбүздүн медицинасына эмгеги сиңген ишмер наамдарына ээ болгон. Айдарбековдун жубайы Кичкен Айдарбекова “эл душманынын аялы” деп айыпталып, эч бир ишке алынбай жүрүп, 1948-жылы көз жумган. Иманалынын асырап алган уулу Азамат Айдарбеков атасынын тукумун улап Кыргыз Республикасынын намыстуу жарандарынын бири. Ал Рафанын (1996-жылы каза болгон) кызы медицина илиминин доктору, профессор Зыфаргүл Айдарбекова жана башка жакын туугандары менен бирге 2010-жылы “Иманалы Айдарбеков атындагы фондду”  ачып, атасынын эмгегин элдин эсине калтыруу боюнча жигердүү иштерди аткарышууда.

1991-жылы жазында  Иманалынын сөөгү тотолитардык режимдин курмандыгы болгон Чоң-Ташта  көмүлгөн 137 адамдын  өлүктөрүнүн арасынан табылган[29]. 1957-жылы 1 октябрдагы СССР Жогорку сотунун чечими менен Аскер коллегиясынын өкүмү жокко чыгарылды. 2014 – жылыдын 30-августунда Борбор шаарыбыз  — Бишкектеги Мамлекеттик ишмерлер жаннатында Иманалы Айдарбековдун келишимдүү эстелиги ачылды анын автору белгилүү скульптор Садабек Ажиев. Акыры акыйкаттык жеңди. Бирок анын баасы адамдын өмүрүнө  тете турганы албетте, кабырганы кайыштырбай койбойт.

 

 

Автор: Дөөлөтбек Сапаралиев – Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, Кыргыз-Түрүк «Манас» университетинин Гуманитардык факультетинин профессору.

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here