Бөлмөдө өскөн гүлдөр үйгө кооздук гана тартуулабастан, абаны тазалап, кычкылтек бөлүп чыгаруучу касиетке ээ экенин баарыбыз жакшы билебиз. Бирок ошол эле учурда ошол бөлмө гүлдөрүнүн ден соолукка тийгизген таасиринен көп кабардар эмеспиз. А гүлдөр жөн гана абаны тазалабастан ден соолуктун камын көрүп, үй- бүлөнүн бекем сакталышына да шарт түзөт экен.

Фикус

Фикус гүлү бөлмөдөгү  уулу заттардын  көбөйүшүнүн алдын алат. Ал ар кандай шартардан улам үй ичинде пайда болгон бактерияларды өзүнө сиңирип алып, өлтүрүп турат. Жана ошол менен бирге адамдагы кыжырданууну жоюп, үй бүлөнү бекемдейт.  Бул гүл күндүн нурун жактырат, бирок күн нуру тике тийген жерге  өстүрбүш керек.  Фикус кычылтекке абдан бай өсүмдүктөрдүн катарына киргендиктен   адамдын ден соолугу чүн эң керектүү өсүмдүк болуп саналат. Аны чоң идишке отурзса, бажырайып көпкө чейин кызмат кылат.

Хлорофитум

Бул гүлдүн аты айтып тургандай эле абаны тазалоодо алдына ат салдырбайт. Бөлмө өсүмдүктөрүнүн эң эле мыктсы хлорофитум. Ал абадагы болгон терс заттардын баарын тазалайт. Эгер бөлмөгө 4-5 гүлдү коюп койсоңуз, бөлмөңүздө бир дагы улуу заттар калбайт. Анын баарын ушул гүл тазалап турат. Анан да аталган гүл үй буюмдарынан чыккан жыттарды да жоготуп тазалоочу кассетке ээ.

Герань

Бул гүлдү уктоочу бөлмөгө кармаган оң. Анткени герань адамды эс алыдыра турган заттарды көп бөлүп чыгаргандыктан уктап жаткан адамдын тынч уктоосуна эң сонун шарт түзөт. А тынч  уйку адамдардын стресстен арылуусуна жана нерв ооруларынын алдын алуусуна жакшы жардам берет эмеспи.  герань гүлү  терс энергилядарды соруп алуу касиетине да ээ.

Бегония

Бегония –  эң мыкты аба тазалагыч.  Бул  гүл  көгөргөн жерден бөлүнүп чыккан уулу заттар  жана ар кандай бактериялар менен мыкты күрөшөт жана алардын бөлмө ичинде көбөйүүсүнө бөгөт коет. Адамдын ден алуу органдарына пайдалуу. Аллергия оорусунун алдын алат. Себеби дем алуу оругандары, аллергиялар дал ушул  көгөргөн жердеги уулу заттардан улам пайда болот эмеспи.

 Лавр

Бул өсүмдүктү жүрөк оорусу менен жабыркагандар өстүрсө жакшы болот.  Анткени пайдасы абдан чоң. Дайыма жашыл болуп турган лавр өсүмдүгү күндү сүйөт. Көп деле көңүл бурууну талап кылбайт.

Кактус

Эл арасында абдан көп өстүрүлгөн кактус гүлү тикендүү болгону менен абдан пайдалуу. Себеби алар электромагниттик нурдануудан сактайт. Терс нуурларды өлүрөт. Андыктан телевизор, компьютерлердин жанына сөзсүз кактус гүлүн өстүрүү керек.  Өзгөчө азыр. Себеби азыр  wi- fi ар бир үйдө бар. Бардык телефондон электромагниттик нурлар чыгат.  Кактустын дагы бир касиетти адамга күч- кубат берет. Өзүңүздү сергек сезгиңиз келсе, бул гүлдү уктоочу керебеттин жанына  коюп коюңуз.

Антуриум 

Дагы бир эң кооз үй гүлү  антуриум  зыяндуу заттарга каршы күрөшүүчү эң мыкты өсүмдүк. Бул гүл өзгөчө тамеки тарткан үй бүлөлөргө ылайыктуу. Ал тамекиден бөлүнүп чыккан зыяндуу заттарды өлтүрүп турат жана идиштерди тазалоочу каражаттарды химиялык заттарды жөнгө салат. Эң башкысы бул гүл тамакты сезгентүүчү инфекцияны өлтүрөт жана анын пайда болуусуна бөгөт коет.

Цитрус өсүмдүктөрү

Айрым адамдар үй шартында цитрустук өсүмдүктөрдү өстүрүп келишет,  бул эң туура. Анткени  цитрус өсүмдүктөрү адамдын психологиясына абдан зор таасир эетет. Лимон дарагынан бөлүнүп чыккан эфир майы канн басымды нормалдаштырат жана акыл –эстин иштөөсүн жөнгө салат. Ошол менен бирге стресстен арылтып, адамга серектик жана кубат тартуулайт.

Сансевьера

Сансевьера гүлү  жытты жакшы соруп алгандыктан ашканага койгон оң.  Эгер бул гүлдөн төрт – бешти ашканаңызга койсоңуз, ашканаңыздын абасы дайыма таза болуп, тамак- аштан чыккан жагымсыз жыттан арылып турат. Сансевьера  гүлү  бөлмөнү кычкылтекке байытат,  иммунитетти көтөрөт.  Андыктан көп оорубайсыз.

Автор: Жаркынай Кадыркулова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here