Өмүр деген бир келип, бир кетчү нерсе эмеспи. Аны ар бир адам өзү каалагандай жашап өтөт. Бири өмүрүн мал багууга арнаса, экинчиси мектепте балдарга билим берип, дагы бири соода-сатык менен жүрүп өтүп кетет. Улам жашың өйдөлөгөн сайын жайбаракат жашоо жакшы көрүнүп, эс алгың келген учур да болот. Анан кай бир өжөр адамдарды көргөндө, белиңди бекем бууп, активдүү жашоого бел байлайсың.

Каракол шаарынын тургуну 75 жаштагы Кашымбек Асанбеков аксакалды көргөндө да ушундай сезим пайда болор. Таягын таянып, кагаздар жана китептер толгон чоң сумкасын ийинине асып, кыбырап бараткан карыяны көргөндө, аны тааныбагандар тирүүлүктүн түйшүгүн тартып жүргөн бир киши экен деп ойлошор. Бирок, анын 60 жашында экинчи билимин алып, 70тен өткөндө илим жаатына жол чаап, илимдин кандидаты болууга бел байлаганын түшүнгөн соң, адам жашоосу жөн эле жатып, эс алып бүтүп калбаш керек деген ойго жетелейт. Анын өжөрлүгүнө, эмгекчилдигине таң берер. Ушул 75 жашында кандидаттык диссертациясын жактайм деп турган адамды карап бир эсе суктанып, бир эсе кайраттанасың.

Кашымбек аксакал өзү Ысык-Кол облусунун Жети-Өгүз районунун Дархан деген айылынан. Балалык курагы ошол айылда өтүп, ошол айылда орто билим алган. 1970-жылы айыл чарба институтун аяктап колхоздо эмгектенген. Советтер Союзу деген чоң держава кулап, бир катар жылдар ак эмгегин арнап келген тармак талкаланып,  колхоздор жоюлган соң ал  өзү кызыккан тарых илими боюнча билимин жогорулатууну көздөйт. 1997-жылы Каракол шаарына келип, Ысык-Көл мамлекеттик университетинин тарых факультетине кабыл алынып, 60 жашында аны аяктаган. 2001-жылы дароо эле аспирантурага тапшырган ал 2002-жылдан баштап аталган окуу жайда мугалим болуп эмгектенет.

Аксакал тарых боюнча «Ысык-Көлдүн жети акеси» деген темада кандидаттык ишин жазып бүткөн менен, ден соолугуна байланыштуу аны жактай албай келет. Бул эмгеги китеп болуп, улам толукталып 4 жолу басылып чыккан. Быйыл «Ысык-Көлдүн даанышман акелеринин тарыхы» илимий монографиясы басылып чыкты. Анын эмгегинин акыбети кайтышы-Карга аке  акелердин катарына кошулушунда. Азыр дагы ар кандай пикирлерди жаратып келген Карга аке эми жаштар үчүн “аке” деген даражада белгилүү. Аксакалдын эмгегин баалап, ага жакында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, Арабаев атындагы окуу жайы “Ардактуу профессор” наамын берди.

Кашымбек карыя 6 уул, 4 кыздын атасы. Өкүмхан апа экөөнүн балдары өз ордун таап, татыктуу тарбия алган. Кызы Кырымда, уулу Урумда демекчи, ар бири өз ордун таап, очогун жандырып олтурушат. Андыктан, табиятынан кишиге жамандыгы жок, түгөнгүс түйшүк, түз жолду тандаган карыядан үйрөнөрүбүз арбын. Ага ушул мүнөзү чоң дем берип, өмүрүнө өмүр кошуп жүргөн чыгар. Бар болуңуз,  кутман карыя!

Жумагүл БАРКТАБАСОВА

 

 

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here