Жакында баш калаабызда Ысык-Көл облусунун сүрөтчүлөр союзунун мүчөлөрүнүн көргөзмөсү болду. Ошол көргөзмөгө сүрөттөр чогултулуп жатканда, кай бирин көрүп калгам. Алардын арасындагы айрым сүрөттөр көзүмө өзгөчө көрүнүп туруп алды. Анда бир сүрөт ичине дагы башка майда сүрөттөр камтылып, алар бир канча окуяларды баяндап турат экен.

Бул сүрөттөрдүн авторун сураштырсам, ал Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айлында туулган, азыр Караколдо жашаган Урмат Мусабаев экенин аңдадым. Ага жолугуп, чыгармаларын карап олтуруп, маек курдук.

Көрсө, Урмат Чоң-Өрүктүдө орто мектепти аяктагандан кийин эле Бишкектеги Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайына тапшырган экен. Аны ийгиликтүү бүтүргөн соң Караколдогу К. Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында сүрөтчү болуп 10 жыл иштеп, 2010-жылдан бери гана өз алдымча чыгармачылык менен алек боло баштаган.

Бала кезден эле боекторго, ар кандай өңдөргө кызыккан ал 5 бир туугандын экинчиси экен. Өз учурунда ата-эненин камкордугу менен жашоодо көп кыйналбай, чыгармачылык эргүүгө батып студенттик күндөрүн өткөргөн Урмат азыр  өзү эки баланы чоңойтуп, аларга татыктуу тарбия берип, жокту билгизбей багуунун аракетин жасайт. Жубайы балдар бакчасында тарбиячы болуп эмгектенет.

“Азыр мен күтүү учурунда турам. Өзүм Алыкулдун жашындамын. Артка кылчайып карасам боло турган учур. Бирок, мен алдыдан ийгиликтерди күтүүдөмүн. Аракет кылуу керек. Чыныгы чыгармачыл адам өз эмгеги менен эч качан байып кете албайт. Артист болобу, сүрөтчүбү болобу, өз чыгармачылыгын акча табуунун куралы катары пайдаланбайт. Себеби, алар жан дүйнө менен жашайт. Мен дагы сүрөт сатып, акча табууну ойлобойм. Келечекте өздүк көргөзмөмдү уюштурсамбы деп жатам. Менин ишим азырынча өтө аз. Бишкекке көргөзмө уюштуруу үчүн жок дегенде 100 иш болуу керек. Ал эми, бир иштин аркасында эле канча деген күн, канча деген түн жатат. Андыктан, алгачкы көргөзмөм Караколдо уюшулат го”,-дейт ал.

Биз байкаганы, сүрөтчүлөр сөзгө сараң болушат. Урмат дагы ошондой адам экен. Ал өзүн мактап да жибербейт. Бирок, сүрөттөрүндө анын ой чабытынын кенен экени, кыл калем менен кынтыксыз иштегени, чыгармачыл изденүүнүн үстүндө миң алакетке түшүп аракеттенери көрүнүп турат.

Өз дүйнөсү менен жашап, аз, бирок, саз тарткан Урмат сүрөттөрүн сатуу үчүн жаратпаса да, көргөзмөгө коюлган “Саякбай” деген сүрөтүн Бишкек шаарында сүрөттөрдү чогулткан коллекционер 250 долларга баалап сатып алган экен. Бул анын эң узак иштеген иши болчу. 70-47 өлчөмүндөгү ал сүрөттү бир ай дегенде тартып бүткөн. Аны эскизи жок эле баштап, акыры кандай болорун билбей, улам эргип олтуруп тарткан.

Урмат Кыргызстан сүрөтчүлөр союзуна мүчө болуп жакында эле өтүптүр. Албетте, бул союзга өтүш үчүн сүрөтчүнүн иши жакшы болуусу шарт. Каарманыбыздын көпчүлүк  сүрөттөрү адамга жарык маанай таруулап, анан дагы бир катары бул жашоодогу ар кандай  иштердин артынан ойлонууга түрткү берет. Чыгармаларынын эң өзгөчөлүгү бир сүрөттүн ичинде майда көп сүрөттөр бар экенинде. Ошондой сүрөттөрүнүн бири Саякбай Каралаевдин бейнеси. Аны бир карасаң, алп манасчы “Манас” айтып жатканын көрөсүң, жакшылап байкасаң, анын бетиндеги ар бир мүчөсүндө, бырышында майда сүрөттөр тартылганын көрүүгө болот. Бетиндеги кыл калем ойногон жерге барып алсаң, аттын дүбүртүн, айгайлаган үндү угасың.

Дагы бир “Чочко” деген сүрөтү бар экен. Сүрөтчү өзү айтмакчы, “Адамдан өткөн айбан жок да, чынында”. Чочко болсо, мусулманчылыкта арам жаныбар катары бааланат. Ошондуктан, анын сүрөтүндө чочконун ичине адамдар, алардын булганыч иштери батырган. Тозоктун оту, анда туура эмес өмүр кечирген адамдар куйкаланып күйүп жатканын даана көрөсүң.

Ушундай кызык сүрөттөрдүн ичинде “Ак илбирстин тукуму” деген сүрөтү да бар. Бул эмгекти бир карасаң каардуу адамдын башы тартылгандай көрүнгөн менен, анда аңууга чыккан ак илбирс бөгүп жатканы, мылтык жана кайберендин сөлөкөтү тартылган. Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун баш сөлөкөтүндө да анын Жамила, Дүйшөн, Найман эне өңдүү каармандары, “Ак кемеси”, “Кыямат”, “Гүлсараты” жана дагы башка бир катар чыгармалары батырылган.

Адамзат жашоосунда не деген сүрөтчүлөр чыккан жок. Алардын арасында бир эле сүрөтүнүн тарыхы узак аңгеме курууга татыгандары бар. Леонардо да Винчи, Айвазовский, Репин, Чуйков, Айтиев, Чокморов сыяктуу сүрөтчүлөрдүн чыгармачылыгына кантип суктанбай коесуң. Өмүр бою сүрөт тартып, коомчулукка чыкпай, өзү өлгөндөн кийин сүрөтү менен таанылган таланттар бар. Урмат болсо, азыр өзү айткандай, изденүү жолунда. “Мен бир тема баштайм. Ошол сүрөт эң мыкты болчудай сезилет. Бирок, ал бүткөндөн кийин жакпай калат. Кайра башка иш баштайм.  Ошентип, улам издене берем,”- дейт ал.

“Ошонуң жакшы, Урмат. Өмүр бою изден”,- деп ойлоп коем. Чыгармачыл адам өмүр бою издениш керек. “Мен кыйратып салдым” деген адамдын чыгармачылыгы бүттү дей бер.

Жумагүл БАРКТАБАСОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here