Орусия президенти Владимир Путиндин мурдагы аялы Людмиланын сүрөөнчүлүгү алдында иштеген “Инсан аралык байланышты өнүктүрүү” коомдук фонду Москва бюджетинен 250 миллион рубль каражат алганын  “Дождь” телеканалы  коомчулукка жар салды. Фондго каржылай жардам берүү боюнча көрсөтмөгө Москва мэри Сергей Собянин 2015-жылы эле кол койгон экен. Ошондо ажырашып кеткен аялынын фондуна Путикең аялына мамлекеттик бюджеттин эсебинен жардам берип жатабы?

“Дождь” телеканалынын маалыматы боюнча фонд “Москванын жашоочуларын социалдык жактан камсыздоо” программасынын алкагында жардам алып жатат. Былтыр уюмга 62 миллион рубль бөлүнгөн, быйыл дагы ушундай эле сумма каралды. Каржылай колдоо алдыдагы эки жыл катары менен уланат.

Фондду Артур Очеретный жетектейт. ММКлар анын Людмила Путиндин азыркы жолдошу экенин билдиришүүдө.

«Дождь» телеканалынын маалыматына караганда, фонд Воздвиженкадагы хан сарайга ээлик кылат. Уюм ал имаратты Владимир Путиндин мурдагы аялына таандык болгон «Меридиан» компаниясына ижарага берип келет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here