Тарыхтын актай барактары качандыр бир толбой, жазылбай койбойт экен. Мен буга алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жээни, пенсиядагы дарыгер, өмүр бою Кыргызстанда жашап-иштеген Ринат Абдулвалиев менен жазуучунун өмүрүндөгү али калың элге белгисиз ой-кырлары, өкүнүч менен кубанычтары тууралуу баарлашып жатып терең ынандым.

-Ринат аба, улуу жазуучубуз менен кандай туугандык байланышыңыз бар?

-Чыңгыз Төрөкуловичтин апасы Нагима Хамзаевнанын атасы менен менин атам Шариф Хамзаевичтер бир тууган болушат жана биздин чоң атабыз Хамза Хасанович болгон. Демек, Чыңгызга мен таяке боломун. Каракол өз убагында чоң шаар болгон. Эркек туугандарыбыздын сүрөттөрү сакталып калса, кыз-келиндерибиз ал убакта уят деп сүрөткө көп түшө берген эмес экен. Ошентсе да эски сүрөттөр арасынан таенебиздин да сүрөтүн таптым. Таенебиз жашыл көздүү, шайыр мүнөз аялзаты болуптур. Биздин тарыхый мекен – Татарстан Республикасынын Кукмар районунун Мачкара кыштагы болгон. Ал жактан Хамза Хасанович бул жакка келип калган. Аны менен бирге агасы Ахмадгали жана карындашы Галия апа кошо келген. Андан мурун Верный шаарында Исхак Абдулвалиев деген агабыз болуп, ал Семипалатинскиде дүкөн ачып, отурукташып, Орусиядагы туугандарына айткан экен – кыйналбай быякка, Караколго келгиле, ал жакта ылай, баткак, климат да катаал, бул жактын табигаты жылуу, жашаганга жакшы деп. Ошентип акырындык менен туугандарын чакырып, алар да бул жакта жайланышып, сегиз баланы өстүрүшөт. Адегенде Ак-Сууга келип, соодагердин жардамчысы болуп жашоолорун улантышкан туугандарыбыз акырындык менен жаңы жерге ыңгайлашып, Караколго көчүп барышып, бара-бара беш дүкөн ачышат. Каракол шаарында тери заводун уюштурат, 1905-жылы дүкөнү бар үй курат. 1909-жылы баасы 3800 рубль болгон (алтын түрүндө) эки кабаттуу жыгач үй сатып алат. Өзүнүн короосунда кыргыз балдар үчүн баштапкы мектеп уюштурат.

Хамза-бабанын бүт кыймылсыз мүлкү 1910-жылга 5000 рублден ашыгыраак турган (алтын түрүндө). 1925-жылдары сегиз баланы чоңойткон баба Караколдогу Базар көчөсүнүн №9/133 үй ээлигинен ажырайт. Тагдырдын буйругу менен бул көчө азыр Нагима Айтматованын атын алып жүрөт. Кыргызстандын көрүнүктүү агартуучусу жана окумуштуусу Кусаин Карасаевдин эскерүүлөрүндө мындай дейт: “Хамза Хасановичтин мейманкана бөлмөсүнө кирүү чоң сый эле, ага жакшы, боорукер, эмгекчил, арам ою жок ар улуттардын адамдары келишер эле”. Кусаин Карасаевдин үй-бүлөсү, башкача айтканда, анын ата-энеси Пржевальский шаарына жакын Михайловка айылында жашаган.

-Өзүңүз Кыргызстандын кай жеринде жашадыңыз?

-Өзүм өмүр бою Кыргызстанда жашадым. Жаш убакытта Караколдо болдум. Өзбекстанда туулуп, бирок апам каза болуп бизди Караколго алып кетишти. Атабыз Шариф Хамзаевич согушка кетип, 1944-жылы Эстония жакта каза болду. Атамдын Абдулла деген кичүү иниси Фарид, Рустам, Ринат деген балдарды алып Караколго келди. Мен Ташкенде Суворовский атындагы аскер-музыкалык мектебин бүтүрүп, кайра Фрунзеге келип, мединститутту бүтүрдүм. Кесибим – тери оорулары боюнча дарыгермин, балдар айткандай, “таз доктурмун” (күлүп). Адегенде Нарынга иштегени жиберишти. Биз келатканда айылдын балдары “таз догдур келатат, кулагыңарды кесет” деп качышар эле. Ошентип жүрүп, бош болгон убагымда Нагима ападан сурай баштадым, сиз кайдан келдиңиз, кандай турмуш болду, кайсы жактан деп. Нагима апа болсо: “Ай, балам, жай турмушуңду кечирип, тынч тамагыңды же, башка нерсенин кереги жок, оозуңду ачсаң башыңа балээ табасың”, — деп коёр эле. Мен болбойм, апа, тиги заман бүтүп калды, “ежовщина” бүткөнү качан, эмнеден коркосуз дейм. Атам өлгөн, энем жок, жаш бала болсом да эч кимден, эч качан бир тыйын сураган жокмун. Ошентип жүрүп окууну бүтүрдүм. Бир убактарда дагы козголо баштадым. Караколго архивге келсем, баары туура эмес жазылыптыр. Ошол жактан чоң атабыздын катын таап алдым. Ал жерден чоң атамдын менин сегиз балам бар, эмне үчүн үйүмдү тартып алып жатасыңар деген маанидеги өкмөткө жазган катын таптым. Согушта аталарыбыз каза таап, үйсүз калган жетимдер бир бөлмөдө жети киши жашадык. Муниципализацияланган үй 1921-жылдан баштап, бир башкаруу бийлигинен экинчисине өтүп турган: Ломоносов орто мектеби, Киров орто мектеби, акыркы мектептин директору Молдалиева Салкын 1983-жылдан бери толук ремонт кылууга аракет жасаган, бирок шаардык билим берүү бөлүмү каражат таба албай, 1988-жылы “Уруу уясы” буздурулган. Бул жерге жаңы мектеп курулуп, Лениндин аты коюлган. Булардын ичинен өң өкүнүчтүүсү, шаардын сыртындагы биздин чоң атабыз балдары менен өстүргөн чоң жемиш багы, кооз аңгемелешүү орду жана көлөкөлүү аллеяларынын азыр жоктугу…

-Эмне үчүн өкмөт 1922-жылы алардын үйүн, дүкөндөрүн тартып алды?

-Өзүң билгендей, ошол жылдары бир аз эле колунда бар адамдарды кулакка тартып, мал-жанын өкмөткө тартып алып турушкан. 1932-жылы чоң атабыз Хамзабай каза болот. Ал кезде мен али жокмун. Ал убакта НКВД деген жүрөктүн үшүн алып турган. Ошол жылдары чоң атамдын улуу баласы Садиржан эл душманы деп камалып кетет. Ал Кордайда мал өстүрүп, аны Жалал-Абадга жиберип турган, ал жакта чоң совхоз ачкан. Ошондо кышында кыш катуу келип, жуут болуп, малдары кырылат. Сен совхоздун койлорун кырдың деп Наманганга түрмөгө камашат. Сотсуз эле атылып кетет. Анын кызы Асия апай да эл душманынын кызы деп куугунтукталат.

Ал кезде Нагима апа Таласта, ал тууралуу биз али эч нерсе уга элекпиз. Нагима апа өзүңөр билгендей, төрт баласын алып, куржунун көтөрүп Таласка, Шекерге кетет. Адегенде кичинекей сарайда жашашат. Нагима апанын жанында сиңдиси Гулша апа кошо жашаган. Мен атамды да, апамды да такыр эстей албайм. Биздин атабыз Шариф Хамзаевич 1919-жылдан 1921-жылга чейин Ташкент шаарында командирлик курстарда окуган, Кызыл командир наамын Ата Мекендик согуштун болочок баш командачысы армиянын генералы И.Е.Петров менен чогуу алган.

-Нагима апа менен кайсы жылдардан тартып, кайрадан жакын мамиле кура баштадыңыздар?

-1950-жылдардан баштап Нагима апа менен катташа баштадык. Ага чейин Нагима апа жадагалса, ата-энеси каза болгондо дагы бара алган эмес. Барган болсо, чоң балээге калмак. Чыңгыз да менин апам татар болгон деп айткан эмес, замандын түрү ошондой болгон. Бир чети, күйөөсү чоң мамлекеттик кызматта болгон, ал кезде андай кызматкерлер аялдарын жарыя кылып айтышкан эмес. Ал убакта катташуу деген болгон эмес.

Маектешкен, Назгүл Осмонова

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here