“Саясий укуктар жана сөз эркиндиги үчүн” тынчтык жүрүшкө чыккандардын активдүү мүчөлөрүн милиция автобуска салып кармап кетүүдө. Бул тууралуу ошол жерде жүргөн “Азаттыктын” кабарчылары маалымдады.

Жөө жүрүшчүлөр бүгүн саясий укуктар жана сөз эркиндиги үчүн деген ураан менен Дайыр Асанов багынан Уркуя Салиеванын эстелигине барышмак. Иш-чара катышуучуларын Абдрахманов/Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде милиция тосуп чыкты. Коомдук ишмер Равшан Жээнбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, милиция кызматкерлери депутат Каныбек Иманалиевди, активисттер Мавлян Аскарбеков менен Айбек Мырзаны автобуска салышты. Ал кармалгандар арасында жөө жүрүштүн башка мүчөлөрү бар болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

Анткен менен жөө жүрүш катышуучулары Уркуя Салиеванын эстелигин карай жүрүштү улантарын билдиришти.

Эртең менен Саясий укуктар жана сөз эркиндиги үчүн тынчтык жүрүштүн катышуучуларына Свердлов райондук соту маршты негизги жолдо өткөрүүгө тыюу салган чечим чыгарганын милиция маалымдаган. Ушул тапта милиция эмне себептен жөө жүрүштүн айрым катышуучулары кармалганын расмий кабарлай элек. Активисттер марштын катышуучулары чоң жолго чыгып кеткени үчүн кармалышы мүмкүндүгүн айтууда. (SDz)

Жүрүштө кармалгандардын арасында Би-би-синин журналисти да бар

Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ата Мекен” фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев билдирди. Анын айтуусунда, бүгүн милиция депутаттын өзүн кошуп беш адамды кармап кеткен. Учурда депутат Иманалиев өзү бошотулганын айтып, ал эми кармалган төрт адам Свердлов РИИБда түшүнүк кат жазып жатат.

Кармалгандардын арасында “Эркин эл” саясий партиясынын төрагасы Мавлян Аскарбеков жана ушул эле партиянын мүчөсү Айбек Мырза, энергетика жаатындагы эксперт Расул Умбеталиев жана BBC радиосунун кабарчысы Абдыбек Казиев бар.

Каныбек Иманалиевдин айтуусунда, милиция кармалгандарды түшүнүк кат жаздыруу менен бир сааттын аралыгында бошоторун айтышты. Кармалгандар бошотулбаса, жөө жүрүшкө чогулгандар милиция бөлүмүнө барышарын айтышты. Милиция жөө жүрүш катышуучуларын кармоо боюнча расмий комментарий бере элек.

Учурда жөө жүрүш катышуучулары Уркуя Салиеванын эстелигинин алдына келишип, маршты жыйынтыкташты. Иш-чара катышуучулары саясий укуктар жана сөз эркиндиги үчүн ураандарды айтышты.

Булак «Азаттык»

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here