Кечээ күнү “Чагылганга”  “Миллиардер  Бажаев “Жер үйдүн” 40 пайызы досу Ибрагимов менен бөлүшүп,  Бабановго 20 пайызын берди беле?”- деген аталыштагы иликтөө-макала жаздык эле. Бүгүн да анын улап, элге айтылбай калгандарын толуктап коюуну эп көрүп турабыз. Себеби, бул маалымат чыккан соң, “медалдын” экинчи бети ачылып калды. Көрсө, кыргыздын миллиардери Бабанов Өмүрбек Токтогулович Кумтөрдөн кийинки, алтын көлөмү боюнча экинчи орунда турган  “Жер үйгө” байланыштуу маселеде махинациялык  иштерди дагы да болсо чаргытып жатыптыр. Биринчиси: Орусияда ж.б. өлкөлөрдө далай мыйзамдуу-мыйзамсыз иштери менен атагынан чатагы менен аты чыккан миллиардер Муса Бажаевге “Жер үйдүн” лицензиясын алып берүүгө ат көтөргүс салым кошсо, экинчиси кечээки макалада айтылгандай ал алтын кенинин 20 пайыз үлүшүнө ээлик кылууга жетишкени айтылууда. Калган 80 пайызын Бажаев менен Казакстандын миллиардери “Граф” каймана аты бар Алиджан Ибрагимов экөө тең бөлүшүптүр. Бул маселе учурунда ачыкка чыккан эмес, эми гана калкып чыгып жаткан кербези. Бажаевдин  «Восток-геолдобыча» («Русская платина» компаниясынын курамына кирет) компаниясы “Жер үй” боюнча берген тоодой толтура убадаларын аткарбай келатканын кечээки макалда жакшы эле жаздык.

 

Аны бул жерден кайрадан кайталоонун кажети жоктур. Көрсө, “иттин өлүгү” башкада жатыптыр. Жогоруда аттары аталган үч миллиардер “Жер үйдүн” лицензиясын эчак эле Кипрде катталган (аффилирваных лиц) Liontaine Holdings Ltd. деген аталыштагы компанияга 600 млн. долларга сатып жиберишкендиги айтылат. Балким бул баадан көбүрөөк, же азыраак да болуп калышы мүмкүн. Эми өзүңүз элестетип көрүңүзчү, “Жер үйдүн” лицензиясын  бийлик 300 млн. долларга баалап, бирок инвестор жок деген шылтоо менен сатышкан эмес, 2015-жылы  Бабановдун досу Бажаевге болгону 100 млн. долларга сатышты, аны укмуш пиарлап, 100 мектеп салабыз деп, бүт дүйнөгө жар салышты. Туура, мектеп салышсын. Кеп мында эмес, кеп 80 тоннадан ашуун ашык алтын ж.б. баалуу кендин лицензиясынын арзан сатылышында, эми арадан бир аз убакыт өткөрүп ал лицензияны эки-үч эсе, чындыкка жакыны 600 млн. долларга сатылып жатышы кайсы акылга сыят?! Ансыз да кызуу кандуу Талас эли муну укса, түп көтөрүлүп чыгат го…

Талас. Жер -Үйдүн иштешине каршы болгон митинг

Бул маалыматты Казакстандын interfax.kz.  сайты бир аз башкачараак жазыптыр. Ал макаланы дагы түшүнүктүү болуш үчүн орус тилинде “Чагылганга” жарыялайбыз. Калган маселенин толук-чоо жайын, ал “Разработке месторождени Джеруй участвует Алиджан Ибрагимов. Доля бизнесмена в проекта составляет 40%”  деп аталган макаладан окусаңыздар болот.

Айтор, бул маселени өкмөт деле жакшы билет, канчага сатылса, ошончо үлүшкө кирген десек болот. Бирок ошол үлүштөн кеминде мамлекетибиздин бюджетине жок эле дегенде 100 млн. доллар түшүшү керек болчу. Бирок ал акчадан эмдигиче дайын жок. Өкмөт эмне үчүн бул маселе боюнча тымпыйып олтурат?! Кыязы, Бабанов бул жерде да жеке кызыкчылыктарды ойнотуп жаткан жокпу? Анткен менен бул маселеге Орусия бийлиги да кызыкдар болуп, тыкыр көз салып жатканы айтылууда. Орус бийлигине Бажаев башынан жакпайт. Ал эми Бабановдун аны менен жакын ымалада болушу албетте Кремлге жагымсыз нерсе. Негизи Бабанов орус бийлигине көз каранды. Өзү деле ал өлкөнүн Путин баштаган лөк саясатчыларга жагына албай ар кандай ыкмаларды колдонуп келери көпчүлүккө маалым.  Анткени, ал кыргыз жергесине салбаган килейген цемент заводду Пензага салган. Эгер, Бабанов кыйшың-мушуң десе, миллиондогон киреше алып келип жаткан Пензадагы заводунун үстүнө кара булут каптап калышы толук мүмкүн. Бул оңой эле иш деңизчи. Ансыз деле, Орус бийлиги БӨТтүн Президенттик шайлоого катышууга жасаган кадамдарын жактырбай жатканы тар чөйрөдө кызуу кеп болууда.  Айтор, атагы менен чатагы арбын “Жер — Үй” маселеси Бабановдун ооматын оодарып салышы мүмкүн дешет.

Деги эле миллиардерлер Бажаев менен “Граф” Ибрагимовго Бабановдун Президент болуп калышы зарыл нерсе, экөө тең бул маселени жата калып колдоого алышат. Себеби, түшүнүктүү, экөөнүн тең Кыргызстандагы бизнес боюнча кызыкчылыктары жогору. БӨТ ажо болуп калса, эки миллиардер өздөрүнүн кызыкчылыктарын тоскоолдуксуз ишке ашырышы мүмкүн. Айтор, “Жер  үйдүн” Кипрде катталган компанияга кымбат баада сатылышы да жөн жерден эмес. Бабанов андан түшкөн акчанын өзүнө тиешелүү бөлүгүн, балким андан көбүрөөгүн Президенттик шайлоого сарптамак деген божомол бар. Эки миллиардер кандай болгон күндө да Бабановду шайлоодо каржылык жактан колдоого алышы толук мүмкүн. Кыскасы, бул жерде “Жер  үй” боюнча чоң афёра турат.

Же үч миллиардер бири-бири менен алдашып жатабы? Балким, Бабанов эски адатына салып, тигилерди аздыр-көптүр жазгырып жаткандыр. Бул тууралуу кайсы саясатчылар, кайсы ири бизнесмендер билет, эгер ачык айтууну каалашса, “Чагылган” редакциясынын эшиги ачык.

Автор: Айбек Шамшыкеев

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here