“Айыл Банк” ААКсы Кыргыз Республикасынын ири банктарынын катарында. Акыркы 15 жылга жакын мезгилден бери айыл чарбаны каржылап келаткан негизги каржы-насыялык мекеме болуп эсептелет. Мына ушул мамлекеттик макамы бар, эң чоң банктардын бири “Вефа центрди” 21 млн. сомго ижарага алып, ал жерге көчүп барууга белсинип жатканы Жогорку Кеңеште да кызуу талкууга алынууда. Ал эми коомчулук аталган банктын мындай “ачылышына”  баш чайкап, жерге түкүрүп жатышат.

ЖК депутаттары “Айыл банктын” өкмөттүк эле мекемеге кириши керек экенин, ага мүмкүнчүлүк бардыгын айтышып, бул маселени көтөрүп жаткандарды катуу сынга алышты. Балким, коомчулуктагы   айтылып жаткан катуу сындардан жалтайлап, өкмөт бул банкты пайда-батасы тийбей жаткан кайсы мекемелерге жайгаштырышы мүмкүн. Буга чейин банк орун алган азыркы мекемеге Борбордук шайлоо комиссиясы көчүп келери айтылган. Ошондон улам, акчасын каякка чачарын билбеген банктын билермандары минтип акылга сыйгыс аракеттерди көрүшөрүн коомчулукка “сүйүнчүлөшкөн” болчу. «Сүйүнчүңөргө сүйрү бок, калганына кат бок», сага сооп, сага убал жок. Бул тууралуу элдин ырыскысын көрүнгөн жерге чачууга далбастап жаткан банк жетекчисинин да жоопкерчилигин кароо зарылдыгы турат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here