Бүгүн каргашалуу Акысы окуясына туура 15 жыл толду. Буга байланыштуу республиканын көптөгөн аймактарында эскерүү иш-чаралары өтүп жатат. Атамбаев  бул окуя боюнча кайрылуу жасап, Бишкектеги эстеликке гүл койсо, баш бакан Соке Жээнбеков менен Президенттин  “жапжаңы” аппарат башчысы Сапар Исаков Аксыга, окуя жүз берген жерге барышып, куран окутушуп, жергиликтүү эл менен жолугушту. Окуяда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткан 33 адамга 40 миң сомдон бөлүнөрү маалым болду.  Мамлекет жардам  берсин жабыр тарткандарга, алар өлкө өнүксүн, оңолсун деген аруу тилек менен Акаевдин үй-бүлөлүк бийлигине каршы чыгышкан. Андан бери 15 жыл өттү, 7 жыл мурун Бакиевдин канкор бийлиги дагы 120дай мекендештерибизди о дүйнөгө узатып, 100дөгөн адамдарды майып кылды. Бул кандуу окуялардын жыйынтыгы кандай болуп жатат, аны көрүп жатабыз. Өлкө өнүгүп жатабы?

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here