Кечээ күнү Жогорку Кеңештен аңчылыкка тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору колдоо таппай калды. Бул  мыйзам долбоорунун демилгечилердин бири, «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошевден учкай оюн уктук.

-Бул мыйзамдын долбоорун мен, кесиптештерим Бабанов, Акаев үчөөбүз демилгелеп чыкканбыз. Себеби, коомчулукка, кыргыз элине керек болчу. Эмне дегенде акыркы жылдары сейрек кездешчү жаныбарларыбыз кескин түрдө азайып жатат. Ага кызыккандар аларды аёсуз кырып, пайдасын көрүп жатышат десек болот. Эксперттердин эсебине караганда, алардын саны акыркы 10 жыл ичинде 2 эсеге азайып кеткен. Биздин аңчылык департамент алардын санын так билбейт, так маалыматты айта албай жатышат. Биз бул мыйзамга кызыл китепке жазылган жаныбарлардын катарына элик жана тоо эчкисин кошконбуз.

Эгер мыйзам колдоо тапканда, 2025-жылга чейин мергенчиликке толугу менен мораторий киргизилмек. Бул жаныбарлардын туулуп-өсүшү, 2-3 жылдай болот экен, эгер 7 жылга тыюу салынса кыйла көбөйүп калмак. Тилекке каршы, биздин мыйзамыбыз 4 гана добуш (52-56) менен өтпөй калды. Бул мыйзамга кимдер каршы чыгып, кимдер тоскоолдук кылып жүгүрүп жүрүшкөнүн эл-журт ЖМК аркылуу жакшы эле көрүштү. Демек, алардын аңчылык боюнча кызыкчылыктары бар десек да болот. Ошолор туура эмес маалымат беришип, бир топ депутаттардын оюн бузуп коюшту. Буйруса, биз 6 айдан кийин, же ага чейин деле бул мыйзамды бир аз башкачараак кылып, кайрадан иштеп чыгып, палатага алып чыгабыз.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here