Белгилүү болгондой  2015-жылы «Восток-геолдобыча» («Руссая платина» компаниясынын курамына кирет) ишканасы Жер-Үй кенин иштетүү боюнча өткөн аукциондо утуп, лицензияны 100 миллион долларга сатып алган. Бирок “Жер үйдүн” лицензиясы арзан сатылып, жең ичинен таасирдүү адамдардын жеке кызыкчылыктары ойноп кеткени учурунда катуу сынга кабылган. Эмнеге дегенде, 2013-жылы ушул эле алтын кендин лицензиясынын баасы талапка ылайык эсептөөлөрдүн жыйынтыгы менен баштапкы баасы  300 млн. долларды чапчыган болчу.

Жер-Үй алтын кени. Талас

Бирок ал баага сатып ала турган каалоочу инвестор жок деген шылтоо менен, арадан эки жыл өтпөй, баягы 300 млн. доллар деп бааланып келген лицензиянын баасы болгону 100 млн. долларга сатылып кетти. Мейли 300 млн. болбосо да, эмне үчүн 250, же 200 млн. эмес, жок эле дегенде 150 млн. болбой калган? Ошентип, 2015-жылдагы конкурста Бажаевдин компаниясы менен “Кыргызалтын”  ат салышып, жыйынтыгында комиссиянын мүчөлөрү “Кыргызалтын”  305 бал менен артта калды десе, “Восток-гелодобыча” 405 бал менен алдыга оозуп чыкканын жар салышкан.

“Жер-Үй” – көлөмү боюнча Кыргызстандагы экинчи ири алтын кени болуп саналат. Чалгындоодо – ал жерде 80 тоннадан ашуун алтын ж.б. кен байлыктар да бар.

Казак миллиардери Алиджан Ибрагимовго  Таластагы “Жер -Үй” алтын кенин 40 пайызы таандык экенин кыргыз элинин көбү биле элек. Демек, ал  “Жер үй” алтын кенинин 40% ээлик кылат. Муса Бажаев аны менен бөлүшкөн десек болот. Учурда бул маалымат жашырылып келген. Алиджан мырза, өзү “Жер үйдүн” 40 пайызын алганын ачык жар салгысы келбегени менен, мындай чоң маселе жерде калмак беле, ошол учурда эле бул  тууралуу казак маалымат каражаттары жазып чыгышкан болчу. Бул адам 1990-жылдардан бери карай атактуу аферист Александр Машкев жана  Патоха Шодиев менен бизнесте партнёр болуп келген, жан достордон. Улуту уйгур. Учурда 64 жашта. Фергана облусунда туулуп, кийинчерээк биздин Токмок шаарына көчүп келген. 1969-жылы эмгек жолун Чүй райондук  даярдоо конторасында баштаган. 1970-1974-жылдары (Ветеринария академиясында)  Москвада жогорку билимге ээ болуп келген соң, кайрадан Токмокко келип, ал жерде 1989-жылга чейин эмгектенип, ошол жылы Казакстанга кетип, чоң бизнестин жолуна түшкөн. Кен, банк  ж.б. тармактар боюнча  көп бизнестери бар. Ушу тапта Казакстандагы миллиардерлердин тизмесинде 2 –орунда турат.

Бабанов “Жер-Үйдүн” 20 пайызына кандайча ээлик кылып калган?

Ал эми  бул атагы алыска кеткен алтын кенинин дагы 20 пайызы Президенттикке аттанып жаткан, “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери, кыргыз миллиардери Өмүрбек Бабановго таандык деген маалыматтар тар чөйрөдө айтылууда. Бирок мындай маалыматты кагаз жүзүндө далилдеп табуу азырынча кыйынга турат, себеби амалына чек жок Бабанов офшордук зонага  “катып” коюшу мүмкүн дешет, же досу Бажаевдин эле наамында калтырып, аны менен өзүнчө эсептешип алуу келишимин бекиткендир дегендер да бар. Мындай да толук болушу мүмкүн. Бирок Бабанов мындай маалыматты албетте, четке кагат. Кандай болгон күндө да, БӨТ ал бул маалыматтын коомчулукка чыгып кетишин көптөн-көп каалабайт. Анткени, бул маселе ага эч кандай аброй алып келбейт. Катуу сындарга кабылары турган иш. Өзгөчө таластыктар анын мындай кылыгын аныктап билип калса, айласын алты кетирип, бөтөнчө шайлоо учурунда азабын колуна бериши ыктымал. Анысыз да «Жер -Үйдүн» иштешине каршы болуп, буга чейин ондогон митингдер өттү го…

— Чүш,»Жер-Үйдүн» 20 пайызын чөнтөккө катсам, калк билип калбайбы, ыя?!

Негизи эле, атагынан чатагы арбын, аферисттик жолдор менен өнүккөн бизнестери бар, миллиардер Муса Бажаевге “Жер үйдүн” 20 пайызынбы, же 10 пайызынбы, айтор бир канча бөлүгүн Бабановго карматып, аны үлүшкө, айтор жалпы бизнеске кошуп коюу ыңгайлуу болмокчу. Себеби, “Жер үй” биринчиден Кыргызстанда, болгондо да, Бабановдун кичи мекени Таласта эмеспи. Ошол эле учурда Бабанов дагы оңой киши эмес, кыргыз саясатында өз орду бар, бул өлкөдөгү экинин биримин деп манчыркагандардын ана башында турат. Кыргыз бийлиги “Жер үй” боюнча маселе жаратып калса, ал ишке Бабанов ачык болбосо да, тымызын кийлигишип, абалды жайгарууга салым кошо алат десек болот. Мунун баарын Муса Бажаев алдына-ала ойлонгон болуу керек. Анын үстүнө Бажаев менен Бабановдун байланышы, достугу эчактан бери эле айтылып келатат. Маселен, Бажаев көпчүлүккө белгилүү болуп келген “НК Альянстын” ээси  болсо, ал компаниянын 30 пайызы Бабановго таандык болуп келгени көп айтылып, көп жазылды. 2006-жылы “НК Альянс” “Газпромго” 100 млн. долларга сатылганы маалым.

Айтканынан айнып, 20 млн. доллар кошуп жиберген

Буга чейин, «Альянс Алтын» ишканасы Жер-Үй алтын кенин 2018-жылдан тарта иштетүүнү пландап жатканын жар салган. Алдын ала божомолдонгон эсептөөлөргө караганда, 2043-жылга карата 87 тонна кымбат баалуу металл казылмакчы. 2018-2031-жылдары алтын казгандар жылына 1,3 миллион тонна руданы ачык ыкма (карьер) менен казып, өндүрүштүн божомолдонгон көлөмү 58,2 тоннага жетет, ошондой эле 2031-2043-жылдары алтынды жер алдында казууга өтүп,  жылына 700 миң тонна руда чыгарып, алтын алуу 28,7 тоннага чукулдап барат деп айтылган.

Бул компания алгач капиталдык чыгымдардын көлөмүн 287,3 миллион доллар деп эсептеп чыкса, көп өтпөй 307 миллион доллар деп жар салып, ортодо 20 млн. доллар кошуп жиберген. Бул жерде же атайы бааны көтөрүп, коррупциялык схемага жол берилип кеткени айтылат.Анткен менен аны деле аягына чейин иликтеп, эсптешкен киши жок.

Бюджетке “Жер- Үйдөн” миллиондор түшүп жатабы? Өкмөт, ЖК неге тымпыят?

Дагы бир кызыгы, ушуга эле окшош маалыматтарды ошол эле  “Восток-геолдобыча” башкачараак кылып, коомчулукка жар салган жайы бар. Ага көңүл бурсак, мындай: Бажаев “Жер үйдү” алып жатканда, түзүлгөн келишимдерде кыргыз өкмөтүнүн бюджетине 10догон миллион доллар төгүп тууру убадасын берген. Бирок ал убада эмгиче толугу менен ишке ашпай келатканы айтылууда. Муну тактап айтканда, бул компания “Жер-Үйдү” сатып алган соң,  “разработкага” жалпысынан 287. млн. доллар сарпташып, 2015-2038-жылдар аралыгында жыл сайын 543 кг. алтын казып алып, 1, 533 млн. доллар таза киреше көрө турганын, аны менен бирге мамлекеттик бюджетке жыл сайын  286,2 млн. киреше түшүрүп  турушарын, анын 52,8 млн. доллардын ашыгы салык түрүндө болсо,9,8 млн. доллары социалдык төлөмдөргө кетерин  маалымдашкан. Мындан тышкары, социалдык пакет катары “Бакубат Талас” атуу өнүктүрүү фондун түзүшөрүн, 5 жыл ичинде бул фондго которулган акча 600 млн. сомду чапчырын кошумчалашкан. Мындан башка дагы, орто жана кичүү ишкерликти колдоо, 1000 жумуш орундарын түзүү ж.б. дагы көптөгөн убадаларды беришкен болчу.

Бажаевдин компаниясы берген  ушул убадалар ушу тапта аткарылып жатабы? Бул маселени өкмөт, Жогорку Кеңеш эмне үчүн коомчулукка ачык алып чыгып, отчёт бербейт? Жер казынасы, кен маселеси дегенде жантыгынан жата калып, уруп-согуп сүйлөгөн ЖКнын кен тармагын көзөмөлгө алган комитетинин төрагасы КСДПчы Кожобек Рыспаев эмнеге тымпыйып унчукпайт. Же анын да эл билбеген башкача кызыкчылыктары барбы? Бабанов бул жазылган макала боюнча өз пикирин билдирет деген ойдобуз.

Бирок бул жердеги маалыматтардын баарын четке кага бербей, абийир маселесин эске алып, анча-мынча болсо да негизги чындыкты айтып калгысы бардыр. Себеби, бул жердеги маалыматтар асмандан алынып жазылган жок. Дагы далилдер керек десе, дагы таап, иликтеп чыгабыз. Бул иликтөөнү дагы да улантып жатабыз, жакында жаңы табылгаларды ушул эле  «Чагылгандан» окуй аласыздар.

Автор: Айбек Шамшыкеев

Төмөндө: «Жер — Үй» алтын кенине байланыштуу  документтердин, келишимдердин айрымдарынын көчөрмөсү:

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here