Мектеп директору болом десен 25-30 миң долларың болушу керек. Бул тууралуу КСДП депутаты Рыскелди Момбеков парламент жыйынында билдирди. Ал өз сөзүндө: «Кээ бир мектеп директорлору 35 жылдан бери креслону мыкчып олтурушат. Керек болсо өлкө президенти, парламент да бир эле мөөнөткө шайланат, ал эми мектеп директорлору алмашкыспы?

Мына коррупциянын көмүлгөн жери», -деп маселенин ток этээр жерин айтты. Ооба, чындыгында мектеп директорлору алмашкыс болуп алышкан. Шаардын мектептеринде болжол менен жылына 15 млн. сомдун тегерегинде каражат түшүп турат. Мисалы, орточо 1-класстар( “А” дан баштап “З” га чейин) 8 классты түзүп ар биринде 40дан окуучу, жалпы 320 окуучу орточо 5000 сомдон мектеп фондуна төккөндө эле 16 миллион сом болот. Анан жылына 16 млн. сом түшүп жатса, кайдан алмашат?

Булак: «Фабула»

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here