Президент болом дегенден ак эткенден так этип, ар кандай амалдарга барып жаткан Өмүрбек Бабанов Нооруз майрамынан кийин, 25 — марттын тегерегинде Кемин районунан Президенттикке аттанары тууралуу кеп кетти.  анык-чыны анчалык билинбеген бул сөз башка жерде эмес, депутаттар өзү айткандай “дейт” менен ушактардын уюткусуна, интриганын очогуна айланган парламентте айтылууда.  Буга чейин деле талапкер болоорун жар салган жайы бар деңизчи. Бирок, эмнеге Кеминден, эмнеге Таластан эмес деген суроо да жаралууда.

Балким, БӨТтүн Кеминдеги достору, партиялаштары эл  көзүнө ырымдап, ат мингизип, чапан жаап коёлу деп жатышкандыр. Мунун эмнеси бар, шайлоо алдында боло жүрчү эле көрүнүштөрдүн бири эмеспи. Буга эл дагы көнүп калган. Анчалык деле эрөөн-төрөн албайт дегендей. Мындай адаттар Кемин эле эмес, ар кайсы аймактарда орун алышы толук мүмкүн жана Бабановго эле эмес башка дагы толгон-токой талапкерлерге таандык. Бул да болсо бир саясый ыкма. Күтө туралычы, балким Кеминден эмес, кайсы бир жактан аттанар. Же  бул маалымат элге тарап кеткен соң, ар кайсы кепти укпайын,  мындай ыкманы азырынча колдонбой турайын деп, айнып кетеби?

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here