КСДП фракциясы Президент Алмазбек Атамбаевдин сүймөнчүк кадры, (балким бир туугандан да артыкдыр) Икрамжан Илмияновду ЖКга депутат кылып алып келүү үчүн, бир катар депутаттарды,  “майлуу” кызматтагы адамдарды садага чаап жиберди. Айрымдарына кылмыш да козгоп жатат. Маселен, эл анчалык тааныбаган бир депутатын Жалал-Абадга губернатор кылса, эми Жылкыбаев дегенди Ысык-Көлгө губернаторлукка жиберип турат. КСДПнын мына ушундай ыкмасына  коалициядагы фракциялардын лидерлери да кызыгып жатыптыр. Маселен, “Бир бол” фракциясы көптөн бери, амалы алты жүз эшекке жүк, алдым-жутумдулугу ашынган Акылбек Жапаров деген чириген бай депутаттан кутула албай келатканы кез-кези менен тар чөйрөдө айтылып калат. Эми ушу тапта Жапаровду кесиптештери, партиялаштары: “Нарынга губернатор кылып жиберсек, сонун болот эле” –дешип, өзүнө ачык, катуу талап менен айта албай, күбүр-шыбыр кылып жатышыптыр. Ак үйдүн кыныгын аябай татып калган Жапаров Нарынга мээсине мылтык такса да оңой менен бара койбос дегендер да бар. Ким билет, эми бул жөн салды эле айтылган кептердин бири болуп калышы да мүмкүн. Канткен менен, губернатор Аманбай Кайыпов аракет кылып, шарты катаал аймакта жакшы эле иштеп жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here