Жакында,  тагыраагы апрель айынын орто ченинде өкмөт жылдык отчётун  ЖКда берет. Мына ошол отчёттун жыйынтыгы менен өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков отставкага кетиши мүмкүн экен. Себеби, Соке мырза,  ушундай кыйын заманда элди сооротуп, эң сонун иштеп бере алган жок. Эң сонунду кой, жакшыраак деген баага да татыган жок. Айтса, кемчиликтери толтура. Өзгөчө, кадр маселесиндеги алешемдиктери күчөп кетти. Ушул бир жыл ичинде бийликтеги далай  “майлуу” орундарга өзүнүн жээк-жааттарын, жердештерин болушунча дайындады, тамырлатып. Бул эч кимге жашыруун эмес, баары билет. Дагы элге чыга элек көп жагымсыз иштери да арбын.

Сүрөттөр сүйлөйт:

С. Ж: —Досум, Сапарың менчелик иштей албайт, ага эмне «добро» бердиңби?
А.А.: — «Доброну» кимге гана берген жокмун, Сапар 30 премьердин бири болуп койсо, эч нерсе болбойт…
Ч. Т.: — Урматтуум, экөөнү эмне кылсаңыз ошо кылыңыз, бирок менин ордумду Карашевге кармата көрбөңүз, ал менчелик иштей албайт…

Сокенин мындай кадамдары ажого да анчалык жакпай жатканы айтылууда. Ажонун акыркы мезгилде оң колу Сапарды эң эле чоң саясатчы кылууга далбастап жатканы жашыруун эмес. Андыктан, өкмөт аз күндө “өкүргөн” бойдон кетсе, баш бакан болуп, башкалардан “өзгөчө” сүймөнчүк кадр Сапар Исаков келип калышы мүмкүн экен. Бирок Сапар Исаков деле өкмөттүн ишин тарта албайт. Саясатта быша элек, даремети жетпейт, анын үстүнө далай былыктары бар, алар да калкып чыга баштайт. Балким, Президенттик аппарат Сапарды өкмөт башчы болот экен деген сөздү таратып, башка эле кадрды даярдап жаткандыр. Айтор, ким билет, күтө туралычы. Ал эми спикер Чыныбай Турсунбековдун ордуна  «кабылан -шер» Карашев барат экен деген кеп, анчалык реалдуу эмес экенин жакындан билгендер айтышууда. Бул жөн гана айтылган кеп окшобойбу…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here