“Өнүгүүнүн” лидери Бакыт Төрөбаев Өмүрбек Текебаев камалып жатканда, күйүп-бышып  катуу сүйлөп, өз оюн билдиргени жалпы коомчулуктун эсинде. Бирок ошондон бери Төрөбаев көп сүйлөбөй, көп көрүнбөй кеткен. Кыязы, ал ошончо күндөн бери абактагы “акесине” катуу толгонду окшойт. Тар чөйрөдөгү саясатчылар  да анын мындай позициясына анчалык түшүнбөй баштаган. Кыскасы, такыр эле түңүлүү маселеси козголуп кете электе дедиби, айтор бүгүнкү жыйындын башында “Ата Мекендин” 3 депутаты боюнча түзүлгөн комиссиясы тууралуу талаш-тартыш болуп жатканда, “ойгонгонун” билгизип калыс кебин айтып, элге бир “жарк” этип көрүндү. Баракелде, бар экен го… Кантсе да, элге жакындык жайы бар, ЖКда жакшыбы, жаманбы, айтор кандай маселе козголсо да, депутат катары, фракциянын лидери катары сүйлөп туруңузчу, Төрөбай аксакалдын небереси…Катуу кейибеңиз, баары жакшы болот. Акыры «саз баканыкы» болот дегендей…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here