КСДП фракциясынын депутаты Бакыт Жетигеновдон сөз эркиндиги, оппозиция, бийлик, КСДПнын абройу ж.б. суроолорго жооп алдык.

 Бакыт мырза, кечээ күнү сөз эркиндиги ЖКда, андан кийин Президент да катуу талкуулады. Чындап эле, айрым учурларда сөз эркиндигине кысым болуп жатабы, же чегинен ашып кетип жатабызбы? Сиздин пикириңиз кандай?

Сөз эркиндиги бизде Кудайга шүгүр! Муну бүт дүйнө эң жакшы билет. Чын эле бизде журналисттер, саясатчылар, эмнени кааласа, ошону эч тартынбай эле, сүйлөп жатпайбы. ага ким кысым кылып жатат. Жоопкерчиликти эч ким сезген жок. Бизде жаманбы, жакшыбы, айтор оппозиция бар. Алардын негизги жумушу – бул бийликтин кемчилигин чукуп туруу. Бирок сөз эркиндиги деп эле, ага жамынып алып, көп учурда жалган-жалаа ыкмаларды колдонуп жатышканын коомчулугубуз жакшы билет. АКШда, Европада демократия укмуш өнүккөн деп айтабыз. Анткен менен, ал жакта ким эмне деп сүйлөсө, ошол сөзгө кадимкидей жооп берет. Ал эми бизде ошондой көрүнүш болбой жатпайбы. Бизде да ачык айтылсын, ачык сындалсын, бирок баары жөнү менен, далили менен болсо… Далили жок эле урудура бергендерди  мыйзам чегинде жоопкерчиликке чакырып коюу керек. Муну кысым, басым деп баалабашыбыз абзел. Менин көз карашым, сөз эркиндигиндеги баш аламандыкты иретке келтирүү зарыл.

Мамлекеттик каналдар боюнча эмне айтасыз, алар сөз эркиндигинин принциптерин сактап жатабы?

— Мамлекеттик каналдар дегенибиз. Мамлекеттики да. Алар мамлекеттен каржыланып жаткандан кийин, мамлекеттин көз карашы жакшыбы, жаманбы, айтор кандай болсо да чагылдырышат. Биздеги мамканалдардын шарты, абалы чет мамлекеттердикиндей эмес. Ал жакта көбү эркин, каалагандай чагылдырышат. Бирок ошол эле учурда тура эмес кылган иштерине сөзсүз жооп беришет. Эгер КТРК өз алдынча болуп, бийликтин таламын талашып жатса бир жөн…

Сиздин көз карашыңызда, оппозицияга бийлик тарабынан  бир тараптуу мамиле жасалып жатабы? Же баары, сонун, баары реалдуубу?

-Баары реалдуу ден айтуу кыйын. Бирок ошондой болсо да бардык иштер, баардык кадамдар мыйзам чегинде эле жүрүп жатат. Ага элибиз дагы күбө.  Негизи оппозиция шыбайт деген ушул деп Президентти, бийликти ашыкча шыбап, чындыкка дал келбеген жалааларды жаап баштаса, бийлик ошонун баарына макул болуп тура бермек беле,  акырындык менен мыйзам чегинде чара көрүп жатат. Бул туура эле, көрүнүш. Аша чапкандык оппозицияда көп эле болуп жатканын байкап жатпайбызбы. Азыркы оппозиция көп нерсени сүйлөсө жарашпай жатпайбы, себеби көбү таза эмес. Эл аны жакшы билет. Текебаев камалган соң, оппозиция анча-мынча бириккендей болуп жатат. Мен айтат элем, алардын бирүүгүсү Текебаевге күйүп-бышуудан улам болгон бирүүгү эмес, болгону жеке кызыкчылыктан улам биригип жатышкансыйт. Эгер оппозиция таптаза, периштедей болсо, каалагандай сүйлөй берсе жарашат. Эми андай эмес да, “шакмарлары” көрүнүп турса, айласыздан эл деле баш чайкайт экен да.

-Бийлик тараптан аша чапкандык жокпу?

-Эки тарапты тең салып коё турган рамка жок да. Бүт дүйнө жүзүндө ошондой рамка болсо го, анда маселе жок. Андыктан бийликте да айрым учурларда аша чапкандар болот. Ал жерде деле адамдар иштейт да. алар дагы пендечиликке алдырат дегендей… Бирок ошондой болсо да, бийлик өтө эле аша чаап баратса, анда бүгүн болбосо, эртең жооп берет. Бул мыйзам чегинде эле көрүнүш. Бир мисал айтайынчы, бир ирет мага “Ата Мекенден”  келип: “ “Ата-Журттун” баарын камап, баарын куугунтуктап бүтүп, эми бизге кезек жетип, кысым болуп жатат го” –деп  суроо салганда, мен айттым: “Убагында “Ата -Журттун” бир катар депутаттарын камаганда, “Ата Мекен”  негизги ролду ойнободу беле”-десем, ал күлүп калды. Көрсө, бардык нерсе, бумеранг сыяктуу кайталанат экен да.

КСДПдан депутатсыз. Бул партиянын, фракциянын кемчилигин ачык айта аласызбы? Акыркы учурларда абройу азайып баратат деген кептер айтылууда…

-Эчи бир жерде, эч бир мамлекетте идеалдуу партия, идеалдуу фракция жок да. КСДП тууралуу ар кандай кептерди айтып жатышат. Мен өзүм КСДПдан болгон соң, өз партиямдын кемчиликтерин балким жакшы айта албайм, жакшы айтсам да, этикага сыйбай калышы мүмкүн. Биздин депутаттар деле бийликтин, өкмөттүн кемчиликтерин ачык айтып жатышат. Такыр эле, бийликтин партиясы деп, өкмөттү баса калып коргогон жери жок. Өкмөт да иштеп жатат, биз да иштеп жатабыз. Ошого жараша сөз, ошого жараша ар кандай сындарды да угуп жатабыз.  Убакыт келет. Ишибиздин жыйынтыгы шайлоодо, эл ишеничин алууда көрүнөт. Алдыда Президенттик шайлоо турат, ошондо баары билинет, баары ачыкка чыгат.

Суроо салган, Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here