КСДПнын депутаты  Мадаминов  Транспорт министри Жамшитбек Калиловдун жагымсыз, жаман ишин ачыктады. Анын айтымына караганда министр өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип, “Кыргызаэронавигацияга”  жөнү жок эле, жетекчинин үчүнчү орун басары кылып эч бир тажрыйбасы жок, мурун милиция болуп иштеген Жоробаев дегенди дайындаптыр. Ал киши барып алып, жамаатты будуң-чаң кылып, интрига кылып жатыптыр. Депутат ошондой эле: “Жакында Жоробаев жетекчи болот экен деген сөздөр чыгып жатат. Жамаат, өкмөт башчыга арыз жазды, өкмөт башчы бул маселени карасын. Мен катты өкмөткө тапшырам. Ар бир министр өз тууганы үчүн кызмат ачып, ал жерге дайындай береби?” –деп кошумчалаганы менен Жоробаев Калиловго кандайча тууган экенин ачыктап койсо болмок. Деги эле, Мадаминов бул маселени чочугансып кандайча көтөрүп калды? Же өзүнүн да “Кыргызаэронавигацияда” кызыкчылыгы да барбы? Муну да иликтеп койсо ашыкча болбос. Негизи эле, депутаттар бир жерде жеке кызыкчылыгы болсо ошол мекеменин маселесин, көйгөйүн баса калып улам айта беришет. Чынында көп учурда ушундай эмеспи, туурабы уруматтуу эл өкүлдөрү?!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here