Мындай пикирин “Өнүгүүнүн” лидери Бакыт Төрөбаев бүгүнкү ЖК жыйында ортого салды.  Ал “Кыл чайнашкан убакта, экономиканы да унутпайлы. Кыргыз-Орус” фонду тар чөйрөгө, колунда бар адамдарга гана иштеп калды. Эмне үчүн   лабораториялар, ишканалар салынбай жатат. Бүгүн ЕАЭБдин алкагында Орусия 1 млн. тонна алмага муктаж. Биз ага аракет кылсак, 1 млрд. киреше тапмакпыз. Аталган фонд айыл-чарба багытына да көңүл буруп, бул багытта да иштеши зарыл”- деди. Туура маселе көтөрдү. Бирок кайсы байлар, кайсы атка минерлер ал фонддун үзүрүн ченебей көрүп жатканын дагы ачыктап койсо жакшы болмок. Чынында эле, аталган фонд тааныш –билиштик аркылуу насыяны көп берип жатканы айтылууда. Бишкекте мэр болуп турганда элди же, шаарды жыргатпаган Кубанычбек Кулматов ошол чоң фондду жыргатмак беле, тескерисинче ашмалтайын чыгарышы толук мүмкүн. Аны ошол фондго Атамбаев бекер алып барды да, бул анын кадрдык саясатындагы эң чоң жаңылыштыгынын бири.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here