Тар чөйрөдө ушундай кеп кетти. Аттары аталган партиялар алдыдагы Президенттик шайлоого карата бир максатта биригүү боюнча тымызын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатыптыр. Кыязы, үч партиянын лидерлери тең мындай биригүүнү эп көрүп, маселенин аркы-берки чоо-жайын талкуулап жатышканы айтылат. Эгер бул партиялар бириксе, кыргыз саясатында оңой эмес орун табышары бышык.

Ошентип, үчөө чоң партияга айланса, анда Президенттикке ат салышкан саясатчылар булар менен кыйла эсептешип калышат го. Же үчөө биригип, өздөрүнүн талапкерин көрсөтүшөбү? Мындай да болушу мүмкүн. Бирикпей калса, үчөө үч жерде калаары да турган иш десек деле болот. Азырынча, бул идея кимге таандык экени белгисиз.

Балким, саясатта алысты көрө билген адамга таандыктыр. Эмнеси болсо да, бул үч партия гана эмес, Кыргызстандагы козу карындай жайнаган, аты бар, заты жок партиялардын баарысы биригиши зарыл. Кыскасы, саясаттагы шахматтык жүрүштөр кызып баштады. Кимиси шах коюп, кимиси мат болорун убакыт көрсөтөөр.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here