Бишкек шаардык сотунун чечими менен Кыргыз эл артисти, опера ырчысы Керим Тураповго берилген жер тилкеси мыйзамсыз деп табылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.  Белгилей кетсек, 2008-жылы 24-июнда мэриянын токтому менен Тураповго вокал мектебин жана башка курулуштарды куруу үчүн 0,26 гектар жер тилкеси берилген. Башкы прокуратура маалымдагандай, буга чейин соттор прокуратура органдарынын аталган жер тилкесин мыйзамсыз берилген деп таануу боюнча даттанууларын жер ээсинин пайдасына чечип келген. 2016-жылы 8-августта Жогорку соттун аныктамасы менен иш Бишкек шаарынын райондор аралык сотуна жиберилген. Бирок мында да сот ишти Тураповдун пайдасына чечип берген. Ушул эле жылы 19-сентябрда прокуратура Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Бул ирет сот чечимди прокуратуранын пайдасына чыгарып, мэриянын токтомун жараксыз деп тапты.

Булак: Спутник.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here