Уйкуну жакшы кандырыңыз

Сапаттуу уйку ден-соолугубузга, маанайыбызга, жигердүүлүгүбүзгө эле эмес өң- келбетибиздин мыкты болушуна да себеп болот. Мээнин иштешин жакшыртат. Пайдалуу гормондорду бөлүп чыгарат. Андыктан уйкуңузду калыпка салыңыз. Бир аптадан кийин эле бет териңиздин өңү жакшырып, маанайыңыз мурункудан башкача болуп көтөрүлүп калгандыгын байкабай койбойсуз

.Суусундукту көп ичиңиз

Организм, физикалык жана психикалык абал үчүн, дене менен мээнин иштешин бир калыпта кармоого кабыл алган суусундуктун өлчөмү чоң таасирин тийгизет. Суу ичкенде жөнөкөй эмес, лимон, жалбыз жана башка пайдалуу чөптөр кошулган чай демдеп, жемиштерден шире жасап ичиңиз. Териңиз жылмакай тартып, нымдуулук сакталып, кургабай өңүнө чыгат.

Көнүгүү жасаңыз

Физикалык күч жумшоонун пайдасы тууралуу дайыма эле кеп болуп келет. Эгер буга ишенбесеңиз, анда, алектенип көрүңүз. Жыйынтыгы сизди абдан кубандырат. Терини тартып, булчуңдарды бекемдейт. Бырыштар жазылат.

Үй-бүлө жана жакындарыңыз менен көбүрөөк убакыт өткөрүңүз

Жашообузду эң эле жагымдуу маанайга бөлөгөн бул жакын адамдар менен чер жазыша сүйлөшүү эмеспи. Даамдуутамак-аш, жагымдуу эскерүүлөр, чын жүрөктөн чыккан күлкүлөр ден- соолугуңузга оң таасирин берет. Ал эми ичкиорганизмди нсаламаттыгынын сак болушу бетибизден билинет эмеспи…

          Хоббиңиз үчүн убакыт табыңыз

Ар бир адамдын өзүнө гана тиешелүү жана аны өзгөртө албаган хоббиси бар эмеспи. Өзүңүздүн жактырган  хоббиңиз менен алектенүүдө ырахаттануу, жагымдуу маанайдын көптөгөн пайызын аласыз. Андыктан хоббиңизге убакыт бөлүүнү унутпаңыз.

Сүрөткө тартыңыз

Жашооңуздагы  жагымдуу көзирмемдерди кийинкиге сактап калууну каалсаңыз колго фотоаппарат алыңыз да сүрөт тартыңыз. Мейли табиятты, мейли кесиптештериңизди болсун айырмасы жок. Болгону ал сүрөттөрдү кагазга чыгарып альбомго салып коюңуз.

Чыңалган денени жазууну үйрөнүңүз

Кээде жумуштун көптүгүнөн денени бардык жери катып калат. Булчуңдар чыңалып, тырышып калат. Мындай учурда маанай жок болот. Анан албетте мындай учурда сулуулугуңузга кам көрүп маска жасап алектенгиңиз келбей калат. Андыктан булчуңдардын тырышын сөзсүз жазганды үйрөнүп алыңыз. Ал үчүн жагымдуу музыка коюп алып бийлесеңиз болот.

Өзүңүздү- өзүңүз эркелетиңиз

Ашыкча салмак кошуудан чочулап ар дайым эле табитиңиз тарткан таттууну жей албайсызбы? Жок дегенде аптасына бир жолу өзүңүздү өзүңүзэ ркелетип таттуу сатып жеңиз. Салмагыңызга таасирин тийгизбейт. Жеболбсо, киного, театрга барыңыз.

Бардык нерсеге ыраазы боло билиңиз

Ыраазычылык билдирүү же ыраазы болуу сапаты жашоодогу маанилүү жагдайлардын бири. Себеби, нараазычылыкта терс энергия көп болуп, сиздин сулуу жүзүңүзгө терс таасирин тийгизип коюшу ыктымал. Андыктан ар дайым жашоодон ырахат алып, колуңузда бар нерсеге топу ккылып, ыраазы болуңуз.

Автор:Кайыргүл Райымбек

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here