Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүндө 12-14-март күндөрү болгон катуу шамалдан Торугарт — Көк-Кыя — Кында унаа жолунда кар күрткүдөн Ак-Сай өрөөнүнө кетчү жол жабылган. Ал аймакта жааган кардын көлөмү нормадан көп болуп, малчыларга тоют жеткирүү үчүн аталган унаа жолун ачуу зарылчылыгы келип чыккан. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Жергиликтүү тургундардын кайрылуусунун негизинде 13-мартта райондук Жарандык коргонуунун техникасы жана жол тейлөө ишканасынын бир жүктөгүчү Торугарт — Көк-Кыя — Кында жолунун Торугарт участкасынан баштап тазалоо иштерин жүргүзгөн. Бирок катуу шамал басылбай, кайрадан жолго кар күрткүсү жүрүп, жолду ачууга техниканын күчү жеткен эмес. «Учурда тоют жүктөлгөн жүк ташуучу унаалар Торугарт чек ара постунда турушат. Жол каттамы ачылбагандыктан учурда 11 жүк ташуучу унаада 32 адам Торугарт чек ара постундагы үйлөрдө жолдун ачылышын күтүүдө», — деп айтылат маалыматта 15-мартта Нарын облусунун жетекчиси Аманбай Кайыпов облустук Жарандык коргонуунун башкаруу курамы менен кезексиз жыйын өткөрүп, Ат-Башы районунун аймагына «Өзгөчө кырдаал» абалы киргизилген. Андан сырткары, жарандык коргонуу кызматтарына тиешелүү тапшырмалар берилген. 16-мартта өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Жарандык коргонуу комиссиясынын мүчөлөрү менен биргеликте жеринен ишти уюштуруу үчүн Ат-Башы районуна жөнөп кетишти.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here