Кыргыз Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асхат Акибаевдин үстүнөн үйрүлө түшүп жамандагандар көбөйүптүр. Көрсө ал душманды алыстан эмес, жанынан таап жаткан экен. Жетекчи аймакты кыдырып жүрүп, Ысык-Көл өнүктүрүү фонду аркылуу салынган обьектилердин бир катары жарылып, көгөрүп, жаны эле курулганына карабай колдонууга жарабай калганын көрүп, ал курулуштарды жасаган компанияларга катуу талап коюп, бул ишке тиешеси барларды зекип баштайт. Анан жетекчинин бул кылыгы көп кишиге жакпай, ал курулушка кыйыр да, түз да аралашып калгандар колунан келсе аны жеп ийчүдөй болуп турушат дейт. Ал эми, эки жакка тең тиешеси жок үстүртөн карап турган кай бир “байкоочулар” “Алда шорум, башка жетекчилердей эле байкамаксан болуп жүрө бербейт беле” деп жатышкан экен.

Акибаевдин фонддун акчасын социалдык маселелерди чечүүгө эле корото бербей, жаңы ишканаларды ачууга багыттап, көлдүн туруктуу өнүгүүсүнө салым кошолу деген идеясы да көп маселелерди фонддун акчасы менен чечип жаткан айрым “кичи” аткаминерлерге да көп жага бербей турат дешет. Жаңы идеялар чынында көп адамдарга жага бербейт эмеспи.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here