Эртедир-кечтир дээрлик ар бир адам бел оору менен кез келет. Ошондо ал чоюлуп же сууктап калуудан улам бели бир ирет ооруп койсо сүйүнүүгө тийиш. Себеби, көп учурда бел оору улам кайталап ооруй бере турган мүнөзгө ээ болот. Буга себепчи – кеңири тараган остеохондроз. Азыр эки кишинин бири эле остеохондроз менен жабыркайт. Бул оору артынан көп орууну ээрчитип келерин унутпаңызКелгиле, бул кандай дарт, себептери жана кесепеттери тууралуу чогуу аныктайлы.

Остеохондроз

Өтө белгилүү оору. Муну омурткалардын ортосундагы чемирчектер менен дисктер жабыркады деп түшүнүү керек. Буга ал жердеги зат алмашуу, кан айлануу процесстеринин бузулушу себепчи болот. Омуртка тутумунун кыймылы, ийилчээктиги жана чоюлчаактыгы дал ушул чемирчектерден жана дисктерден көз каранды болгон үчүн оору бара-бара өнүгөт. Анан моюндан куйрукка чейин созулган тутумдун кайсы бир жериндеги эки омуртка ортосундагы диск оң же сол жакты көздөй жылып кетет. Бул процесс остеохондроз деп аталат. Түрлөрү боюнча аталган дарт желкенин, көкүрөктүн, белдин хондрозу жана комплекстүү остреохондроз болуп төрткө бөлүнөт.

Белгилери

Хондроздун эң чоң белгиси – оору. Натыйжада кан тамырлар, нервдер кысылып баш ооруйт, көрүү, ойлонуу жана эске тутуу начарлайт.Жабыркаган диск омуртка тутумунун желке бөлүгүндө болсо желке, арка, көкүрөк бөлүгүндө болсо көкүрөк, колдор, бел бөлүгүндө болсо бел жана көкүрөк ооруйт. Ошондой эле оорчулук жана булчуңдардын алсыздыгы байкалат.

Остеохондрозго каршы 5 көнүгүү

— Башыңызды бир аз алдыраак кармап, эки алаканыңызды чекеңизге коёсуз. Анан башыңыз менен алакандарыңызды катуу түртүп 10 секунд турасыз. Кайра ушул абалды эки алаканыңызды желкеңизге коюп кайталайсыз. Бир нече ирет кайталоо жакшы натыйжаны берет;

— Отургучка отурган абалда эки колду ылдый таштайсыз. Анан башты арткараак жылдырып, жай абалда сол жакка кыйшайтып 30 секунд отурасыз. Ушул эле көнүгүүнү оң жакка, кайра сол жакка кайталап туруу керек;

— Эки ийниңизди жогору көтөрүп кулактарыңызга жеткирүүгө аракет кылыңыз. Ушул абалда 10 секунд, кайра түшүргөн абалда 10-15 секунд кылып көнүгүүнү бир канча жолу кайталаңыз. Бүткөндө бир ийниңизди көтөрүп экинчи ийниңизди түшүрүп 10 секунд, кайра тескерисинче 10 секунд туруңуз;

— Башыңызды ээгиңиз көкүрөгүңүзгө жеткидей кылып ылдый түшүргөн көнүгүүнү 5 жолу кайталаңыз;         — Башыңызды жай жана бирдей ылдамдыкта артка, алдыга, оңго, солго кыймылдатып отуруңуз. Күн сайын муну 3 ирет жасап турган жакшы.

Стадиялары

  1. Мында оору сезилбейт, болгону кыймылдаганда бел тараптан ыңгайсыздык байкалат.
  2.  Эки омуртка аралык диск жабыркап, ошол жерде оору жаралат.
  3.  Мында ошол диск бир тарапты көздөй тээп, омурткалар жабыркаган болот.
  4.  Кыймыл-аракет кылууга мүмкүн болбой калат.

Себептери

Хондроз оорусунун өнүгүп отурушу эмнеден улам болоорун медицина толук изилдей элек. Ошентсе да көпчүлүк окумуштуулар буга организмде зат алмашуунун жана кан айлануунун бузулушу, табигый картаюу процесси себепчи дегенге таянышат. Мындан тышкары остеохондроздун күчөшүнө кийинки факторлор таасир этиши мүмкүн:

— Семирүү, тамеки тартуу, узакка отуруп иштөө, ашыкча физикалык оорчулук, стресс, экологиялык жаман шарттар,инфекциялык оорулар                                                                                                                                                                                                                                                                        Хондрозду толук айыктырса болобу?

Кандай стадиясы болбосун, хондроз айыга турган оору. Болгондо да аны үй шартында эле дарыгер жазып берген дары-дармектерди ичүү менен эле сакайтып койсо болот. Негизи остеохондроз кызыктай мүнөзгө ээ дарт. Кээ бир адам дарты күч болсо деле эч нерсени байкабай жакшынакай бойдон жүрө берет. Ал эми кээ бир адам дарты башталуу стадиясында болуп турса деле өзүн абдан оор сезип ооруйт. Анткени, хондрозго сөзсүз түрдө бир нерсе себепчи болушу керек. Аба ырайынын чукул алмашышы, ошол жерди суукка урундуруп алуу же оор нерсе көтөрүү сыяктуу себептер дартты ачыкка чыгаруучулар болот.

Хондроздо эмне себептен » туз уюп калды » деп коюшат?

Коомчулук бул ооруну жалпак тил менен туз уюптур же куяң деп атап жүрүшөт. Себеби, омурткалардын ортосундагы дисктер деп айтылып жатпайбы, ошолор чемирчектерге, омурткаларга керектүү бир суюктукту бөлүп чыгарып турат. Анан кандын циркуляциясы, зат алмашуу бузулганда ал кургай баштайт, ал жерлерде туздар калып калат. Мына ошондон улам ушундай деп коюшат.

Хондроз өтүшүп кеткенде кандай болот?

Өтүшүп кеткенге чейин остеохондрозду ийне саюу, тиешелүү дары-дармектерди ичүү же көнүгүү жасоо менен эле айыктырып койсо болот. Өзүн-өзү карабай, дарыланбай, ооруп кайра басылып коюп жүрө бергендердин дарты албетте, бара-бара күч алат. Омурткалар организмдеги негизги тутум болгон жүлүн менен тыгыз байланышта болуп жатпайбы. Ошон үчүн хондроз өтүшүп кеткенде ал жүлүндү кысат. Мындан улам баш мээге таасир болуп, баш мээнин ичиндеги басым көтөрүлүп кетет. Кээде дисктер кургап кеткенден улам бел, бут, кол кадимкидей ичкерип адам радикулитке кабылат.

Өз алдынча кайсы дарыны ичүү керек?

Өз алдынча дары ичүүгө уруксат берилбейт. Анткени, ал адамдын кайсы омурткаларынын ортосундагы диск жабыркады, ал кайсы тарапка жылып кетти деген суроолор бар. Ошого жараша аны калыбына келтирүүчү май же дары берилиши керек. Ошондуктан, башка медициналык дарттар сыяктуу эле муну дагы алгач дарыгерге көрсөтүүгө туура келет.

       Автор: Айчүрөк ЖООМАРТОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here