Мындан 2 саат мурун, «Дыйкан» базарында иштеген 300дөн ашык сатуучу, менен 100 — 150дөй милиция Моковский-Фучик көчөсүндө тирешип, чыр-чатак чыгып кетүү коркунучу жаралган эле. Ленин районунун акими атайын түн ичинде милициялар менен барып, базарга кетчү жолду  бир аз буздуруп жибериптир. Буга эл нааразы болушуп эки тарап кагылышып кетүү чегине жетип, бирок ал жердеги элдин жаалынан коркуп, милиция тарап кеткени белгилүү болду. Бийлик дагы кандай кадамдарга барат деп чоочулаган 200гө чукул эл, дагы эле кетпей турат.

Негизи “Дыйкан” базарын минтип түн жамынып жаап салуу аракети эмне менен байланыштуу? Жаап салууга негиз болсо, талаптарга жооп бербей, мыйзамдарга ылайык келбесе, аны жалпы коомчулукка алып чыгып, түн ичинде уруу кылып жаткансыбай,  минтип базардагылардын нааразычылыгын туудурбай, түшүндүрүү иштери, мыйзам жолдору менен чаламандын чак түшүндө эле жабышса болмок…

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here