Белгилүү болгондой өткөн жумада “Айтыш” фонду алп акын Ашыралы Айталиевдин 90 жылдыгына арналган жаш таңдайлардын айтышын “Айтыш” фонду жалпы байгеге 500 миң сом коюп, мыкты деңгээлде өткөрдү. Айтыш бүткөн соң, Садык мырза мындай кеп айтты, айтканда да бек айтты: “Мен алп акындар: Ашыкем, Эстекем, Тукамдар менен 20 жылдай бирге жүрдүм, таалим -тарбиясын алдым. Бул өмүрүмдөгү эң сыймыктуу мезгилим болду. Анын пайдасы көп тийип жатат. Быштым, чечендикке, кара сөзгө үйрөндүм, такшалдым. Мисалы, азыр ЖК депутаттары, төрага мени менен айтышса, баарын сөздүн күчү менен жеңип коюп жатам” –деп агынан жарылды. Сакенин бул сөзүндө кандайдыр бир деңгээлде чындык бар. Чын эле, өзү деле сөз жебейт, бир кызыса, катуу сүйлөйт, байыркынын, азыркынын баарын, түгөл сүйлөйт. Төкмөлүк да жайы бар. анысын коомчулукка ачык алып чыкпай жүрөт. Сөздүн күчүндөй, күч болобу?! Бирок азыр сөз жебегендер, сөздүн маанисин түшүнбөгөндөр арбып кетти. Мунун өзү жакшы көрүнүш эмес. Бабаларыбыз качан эле ушундай эле, замандаш?!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here