Президент Бельгиядагы сапарында бир сонун кеп айтканы дале, коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Ажо: «күздө президенттигимди өткөзөм, ошондо эски саясатчыларды ала кетем» деп. «Оозуна май» дедик.

Анткени, өз ресурстарын небак коротуп бүткөн немелер толуп кетпедиби. Эл жадап деле калган саясатчылар жана саясатчы сымалдар: Топчубек Тургуналиев, Жыпар Жекшеев, Роза Отунбаева, Эмилбек Каптагаев,  Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов, Исмаил Исаков, Болот Шер, Өмүрбек Субаналиев, Жээнбековдор, Азимбек Бекназаров, Адахам Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков, Равшан Жээнбеков, Жекшенкулов, Жылдызкан Жолдошова, Кеңешбек Дүйшөбаев,  Чолпон Жакупова, Эдил Байсалов, Марат Иманкулов ж.б.у.с. болгон-толгон «байлыктарын» коротуп бүтүштү деп ойлойм. Булардын бири чыныгы саясатта жүрсө, кээ бири  «эл дүрбөсө» деген жол менен келди.

Президенттин жогоруда айтылган сөзү бүдөмүк ойду жаратат да. Жогоруда аты аталган саясатчылар жана саясатчы имиштер учурда президент Атамбаевди укпайт. Андай болгондо буларды саясаттан кантип алып кетет? Президент, балким, өзүнүн тегерегиндеги Фарид Ниязов, Иса Өмүркулов, Аалы Карашев, Икрамжан Илмиянов, Исаков сыяктууларды айтып жаткандыр. Андай болсо, кеп башка…Ошондой болсо да, Кыргызстан акыркы 10 жылдап саясатта элди тажатып жүргөндөрдөрдөн арылышы керек. Муун, кан алмашы зарыл. Антпесе, өлкөдө өнүгүү, жаңылануу болбой калды окшойт…

Автор: Баратбай Аракеев  

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here