Бүгүнкү ЖК жыйынында сөз эркиндиги тууралуу бир катар депутаттар сөз талашып, өз ойлорун ортого салышты. Албетте, бийликти жактаган депутаттардан деле жакшы кеп чыкты. Маселен, “Республика- Ата-Журттун”  лидери Өмүрбек Бабанов: “Сөз эркиндиги тууралуу жоопкерчиликти  өзүбүздөн баштабайлыбы”-десе, Жанар Акаев: “Саясатчылар эмнени айтса, журналисттер ошону жазганга милдеттүү. Журналисттер “дейт” деген кептин баарын саясатчылардын “дейт”  дегендерин угуп, анан жазып жатышат. Анан аягында келип журналисттер күнөөлүү болуп калып жатат” –деп маселени кабыргасынын койду. Экөө тең туура айтты.

Чынында эле биздеги сөз эркиндигиндеги абал ушундай. Саясатчылар сөз эркиндигинин жоопкерчилигин сезишпейт. Журналисттер болсо, бирде сезет, бирде сезбейт дегендей. Бирок бул сөз эркиндигиндеги маданияттуулук, Эл аралык стандарттарды сактоо маселеси Президенттен башталышы керек. Себеби, атка минерлер да, журналисттер да, эл дагы Президентке карап түздөнөт. Президент кандай сүйлөсө, аны туурап башкалар дагы ошондой сүйлөшөт, ЖМК да ошондой чагылдырат. Өзгөчө мамлекеттик каналдар да ошого жараша иштешет, саясат жүргүзүшмөк дегендей

Бул да  өзүнчө бир  чоң система. Бизде сөз эркиндигине жеттик деп дардаңдабай, ал системаны талапка ылайык оңдоо зарыл.  Азыр Алмазбек Атамбаев кандай сүйлөп жатканын “иттин уулу Байгара да билет”.  Чынында, өзүңүз ойлоп көрүңүзчү, ажонун сөз маданияты талапка жооп берип жатабы? Анын лексиконундагы өзүнө гана “таандык” сөздөр Президенттин деңгээлине туура келеби? Маселе ушунда. Президенттин сөз маданиятына, сөз эркиндигине жасаган мамилесинен көп нерсе көз каранды. Бул маселени чынында эле көп нерсени 100 пайыз оңдоп жибербесе да, бир топ жакшыртып коюшу толук ыктымал.  Андыктан, бул маселе да көз жаздымда калбашы зарыл.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here